БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
АКШ убактысы 0:40ка карата коронавирус аныкталган 500 071 бейтап акка моюн сунган. Муну менен Кошмо Штаттар өлүм учурлары көп катталган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына чыккан.
Аталган мамлекетте 28 миллиондон ашык адамга коронавирус жукканы айтылды.
The New York Times басылмасы билдиргендей, коронавирустан каза тапкандардын саны Вьетнам согушунан жана биринчи, экинчи дүйнөлүк согуштан көз жумгандардын санынан ашып кеткен.Ардагерлердин иши боюнча министрликтин маалыматына караганда, бул салгылашуулардан 392,3 миң америкалык өмүрү менен кош айтышкан.
Коронавирустун курмандыгы болгон 500 миңден ашык адамды эскерүү иретинде АКШ президенти Жо Байден өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялады. Анда беш күн катары менен АКШдагы бардык желектер түшүрүлөт.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчылар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.
"Сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. КРдин президенти түрк тарапка 2020-жылы коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Түркиянын башчысы да өз кезегинде Жапаровду кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктаган. Тараптар бири-бирин өлкөлөрүнө иш сапары менен келип-кетүүгө да чакырышкан.
Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешкени кошумчаланды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасына каршы чыккандар дүйнө жүзүндө анын беделин түшүрүүгө аракет кылууда. Себеби препарат мыктылардын бири болгондуктан, андан коркуп жатышат. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Россиялык тарыхый коомчулуктун аянтчасында Россиянын вирусология боюнча лидерлигинин тарыхына арналып уюштурулган көргөзмөдө "Спутник V" менен сыймыктануу керектиги айтылды.
"Спутник V" вакцинасынын эл аралык деңгээлде таанылгандыгы эле эмес, дүйнөдөгү биздин лидерлик туурасында да айтса болот... Биз жөнөкөй, бирок ак пейилдүү, чынчыл болушубуз керек. Дүйнөдөгү эң мыкты вакцина биздики, бул россиялык окумуштуулардын эң чоң эрдиги, муну менен сыймыктанса болот", — деген Дмитриев.
Ал бир катар тараптардын препаратка болгон мамилеси туурасында да кеп салган.
"Россиянын көп душмандары Россияга болгон ишенимди жок кылууга далалат кылышты, "Спутник V" дүйнөдөгү эң мыкты вакциналардын бири болгондуктан, андан коркуп, жаманатты кылыш үчүн көп аракет кылгандыгын түшүнүп турабыз", — деди Дмитриев ишенимдүү түрдө.Lancet илимий журналы буга чейин "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү фазасынын бул препараттын эң жогорку майнаптуулугун жана коопсуздугу боюнча клиникалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Үчүнчү клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Вакцина коронавирустун оор түрү менен ооруп калуудан толугу менен сактайт. Андан сырткары, "Спутник V" дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде колдоого алынган. Бул препарат катталган өлкөлөрдүн жашоочуларынын саны 1,1 миллиард адамдан ашып кетет.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.