Саудиялык журналисттин Стамбулдагы өлүмү. АКШ мураскер ханзааданы айыптоодо

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Китай. День второй
Визит президента РФ В. Путина в Китай. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
АКШнын чалгын кызматынын билдирүүсүндө мураскор ханзаада журналист Хашукжи падышалыкка коркунуч туудурат деп кооптонгону айтылат.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 2018-жылы Стамбулда саудиялык журналист Жамал Хашукжини кармоо жана өлтүрүүгө Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын түздөн-түз тиешеси бар. Мындай билдирүү АКШнын улуттук чалгындоо кызматынын директорунун докладында айтылганын РИА Новости жазды.
Чалгындоо кызматы ханзаада өлкөдөгү кабыл алынган чечимдерди тыкыр көзөмөлдөгөндүктөн анын макулдугусуз мындай окуя болбойт болчу деп божомолдоодо.
"Мураскор ханзаада журналист Хашукжини падышалыкка коркунуч туудурат деп кооптонуп, анын оозун жабуу, керек болсо күч колдонууга да тапшырма берген", — деп айтылат билдирүүдө.
Документте Сауд Аравиясынын расмий адамдары операцияны пландаштырганы жана АКШ толук ишеним менен Хашукжини өлтүргөн деп шектенип жаткан 21 кишинин тизмеси көрсөтүлгөн.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
АКШ сенаты Трампты импичмент боюнча процессте актады. Байдендин реакциясы
Ошол эле учурда чалгын кызматы бул ишке тиешеси бар адамдар операциянын соңу эмне менен аяктаарын билген-билбегенин так айта албайт.
Атайын кызматтын отчету жарыялангандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Хашукжинин тыюусу" санкциясы киргизилгенин жарыялаган.
"Бул кадам кесиптик ишин аткарган журналисттерди, активисттерди басмырлоо, аңдуу, куугунтукка алуу, коркутуу же ден соолугуна залал келтирүүгө катышкан чет элдик бийлик өкүлдөрүнө виза чектөөлөрүн киргизүүгө мүмкүндүк берет", — деген чиновник.
Доклад жарыялангандан кийин маркум журналисттин жубайы Хатиже Женгиз Twitter баракчасына #justiceforjamal ("Жамал үчүн адилеттүүлүк") хештегин чыгарган.
БУУнун Соттон тышкары өлүм жазасы боюнча атайын баяндамачысы Аньес Калламар Кошмо Штаттарды Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммад бин Салманга каршы санкцияларды колдонууга чакырды.
"АКШ өкмөтү башка шектүүлөр сыяктуу эле мураскер ханзаадага, анын жеке активдерине, ошондой эле анын эл аралык милдеттенмелерине каршы санкция киргизиши керек", — деп билдирген баяндамачы.
Өз кезегинде Сауд Аравия бийлиги докладда айтылган ханзааданын журналист Хашукжинин өлүмүнө тиешеси тууралуу тыянакты четке кагат.
"Саудия өкмөтү отчеттогу падышалыктын жетекчилигине каршы айтылган терс, жалган баалоону толугу менен четке кагат жана отчетто туура эмес маалыматтар жана корутундулар бар экендигин белгилейт", — деп айтылат падышалыктын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Министрлик ошондой эле АКШ менен падышалыктын ортосунда "бекем өнөктөштүк" бар экенин белгилейт.

Консулдуктагы өлүм

Саудиялык белгилүү журналист Жамал Хашукжи 2017-жылы АКШда жашап, Washington Post гезитинде иштеген. Ал 2018-жылы Стамбулда киши колдуу болгон. Сауд Аравия бийлиги адегенде анын консулдукка келгенден кийин дайынсыз болуп кеткенин четке каккан. Кийин видео жана аудио жаздыруулар жарыялангандан кийин Хашукжи консулдуктун кызматкери менен болгон келишпестиктен соң өлтүрүлгөнүн билдиришкен. Түркиянын полициясы журналисттин сөөгүн таппай коюшкан.
Аравия ЖМКлары Сауд Аравия бийлигинин иш-аракеттерин сынга алган Хашукжини өлтүрүү буйругу падышалык тактыга талапкер мураскор ханзаада бериши мүмкүн деген болжолдорду айтышкан. Бирок падышалыктын Тышкы иштер министрлиги мураскер ханзаада бул кылмышка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0