Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа

© Sputnik / Владимир СергеевРоссиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив
Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Батыш Россияга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизүүдө: апта башында Евробиримдик "Навальныйды куугунтуктоого" катыштыгы бар россиялык аткаминерлердин бир тобуна жекече санкция киргизүүнү макулдашты.
Ал эми Кошмо Штаттарда Навальный эле эмес, Россия айыпталып жаткан америкалык мекемелер жана компанияларга хакердик чабуул үчүн да "санкция жана башка чаралардын" бүтүндөй топтому даярдалып калды. Жаңы чектөөлөр жаатында Петр Акоповдун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Жети жылдан бери РФке көрсөтүлгөн санкциялык кысымды айтпаганда да мунун баарын болжоого болот эле. Албетте, Россиянын Батыштагы "өнөктөштөрү" өз аракеттерин бекемдеп келген дооматтар ар убак эле кызыктуу эмес. Ал эми мотивдери таптакыр түшүнүксүз. Алардан РФ президенти Владимир Путин ФСБнын коллегиясында кеп кылды.
АКШ долларлар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Стратегиялык кадам: Россия АКШ облигацияларына миллиард салды
"Биз Россияны ооздуктоо саясатына тушугуп келебиз. Кеп мында эл аралык мамилелерге таандык табигый атаандаштык тууралуу эмес. Алардын аракети биздин өнүгүүнү үзгүлтүккө учуратып, аны басаңдатуу, тышкы периметрлери боюнча көйгөй жаратып, ички туруксуздукту козгоп, баалуулуктарды солгундатып, натыйжада Россияны чабалдатып, тышкы көзөмөлгө мажбурлоого багытталган ырааттуу жана кыйла агрессивдүү нуктагы чагымчылдыктарга багытталган. Биз күбө болуп тургандай, мындай көрүнүш постсоветтик мейкиндиктеги айрым өлкөлөрдө да байкаларын билебиз" – деди РФ лидери.
Путин белгилегендей, мындай максаттар жашыруун эмес, "ачык булактардагы стратегиялык документтер менен таанышып, бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин ачык билдирүүлөрүн карап чыгуу эле жетишерлик".
Ооздуктоонун бардык ыкмалары жакшы белгилүү, Путин тек гана аларды санап чыкты:
"Бизди экономикалык жана башка санкциялар менен тушап, биз эле эмес, биздин өнөктөштөр да кызыкдар болгон ири эл аралык долбоорлорго бөгөт коюуга, өлкөбүздүн коомдук жана саясий турмушуна, демократиялык жол-жоболоруна түз кийлигишүүгө тырышат. Анан да, албетте, атайын кызматтардын арсеналынан инструменттерди кызуу пайдаланышат".
Мунун баары Россиянын тарыхында биринчи ирет болуп жаткан жок, бул методдордун баарын аталган өлкөгө каршы колдонушкан. Андыктан ага россиялык бийлик туруштук берип, жооп кайтарууну деле үйрөнүп калды көрүнөт. Дал ушул себептен Путин "Россияга карата мындай аракет майнапсыз" экенин баса белгиледи өңдөнөт. Ошону менен бирге эле Россия өз суверенитетин жана кызыкчылыктарын коргогон коргонуучу ролу тууралуу жар салып, мындан тышкары, баары менен мамилени өнүктүрүүгө, өз ара ишеним жана сый-урматтын негизиндеги ачык диалогго даярдыгын баса белгилеп келишет. Путин да дал ушуну эске салды. Бирок буга кандай жооп болду?
Россияга каршы санкциялар: ЕБ Москва менен алакасын кантип бузуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Россияга каршы санкциялар: ЕБ Москва менен алакасын кантип бузуп жатат
"Россия Европа биримдиги менен кызматташууга кызыкдар эмес, ал эми россиялык бийлик өлкөнү авторитаризмге карай алып бара жатат" деген бүтүмгө келишти ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери. Натыйжада жаңы санкциялар жөнүндө чечим кабыл алышты. Ал эми европалык демократия башчысы Жозеп Боррель Россияны "өзүн душман сымал алып жүрүүнү чечкен коңшу" деп атады. Калыстык үчүн анын:
"Тескерисинче, аракет этүүнү чечкен коңшулар менен тирешүүдөн кача алгыдай үлгүнү аныктап алууга тийишпиз" деп баса белгилегенин да айтып коюу керек. Башкача айтканда, Европа жана Батыш тирешүүгө шылтоону Россия издеп, мамилени өнүктүрүүнү каалабай, ал гана эмес европалык иштерге дайым кийлигишип, ЕБге кысым көрсөтөт имиш. Ошондуктан Евробиримдик эми Москва менен үч принципте мамиле курмакчы. Боррель сүрөттөгөндөй, Москва эл аралык укук жана адам укуктарын бузганда каршы туруу, эгер Россия ЕБге кысым көрсөтүүнү күчөткөн учурда ооздуктоо, Евробиримдик кызыкдар багыттарда Россия менен кызматташуу керек. Күрөшүү, ооздуктоо, ЕБге пайдалуу жерлерде кызматташуу – булардын баары европалык дипломатиянын салгылаш топтому. Бирок кеп эмне жөнүндө болууда?
"Эл аралык укук жана адам укуктарын бузуу" дегендери Крым менен Навальныйдан башка бардык, анан калса, россиялык ички да, эл аралык темалар да ачыкталат. Россияда гей никенин жоктугу, башкача айтканда адам укугунун бузулушу үчүн санкцияларбы? Алгыла. "Абхазияны Грузияга кайтаруудан" баш тартууга да чектөөлөрбү? Сөзсүз. Германиялык бундестагдын компьютердик тутуму талкаландыбы? Албетте, Россияны жазалоо абзел.
Встреча главы МИД РФ С. Лаврова и верховного представителя ЕС Ж. Борреля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Европа — Россия мамилеси: Боррелдин сапары алдын ала чалгындоо беле?
Ушундай эле нукта ЕБге кысым көрсөтүү иретинде баарын атай берүүгө болот. Москвага "Германия үчүн альтернатива" парламенттик фракциясынын өкүлдөрү келсе – орустар Меркелге ор казууда дешет. Москва Польша же Чехиядагы советтик жоокерлердин эстелигин кулатууга каршылыгын билдиреби – эркиндикти сүйгөн байкуш чыгыш европалыктарды кысмакка алып жатканын айтышат. Газ түтүгүн курса, Европаны бөлүп-жарууда дешет. Куруудан баш тартса, Европаны тоңдургусу бар деп кине тагышат. Бирок иш жүзүндө баары башкача: өзүн кас катары алып жүргөн коңшу дал Европа биримдиги. Россияга шарт коюп, насаатын айтып, РФтин ички иштерине кийлигишип, эң кызыгы, муну кадыресе көрүнүш катары санайт.
Атлантикалык демилге болсо да Украинаны Россиядан жүз буздурууга, Чыгыш менен Батыштын тарыхый чек араларын өзгөртүүгө, өз турмуштук мейкиндигин орус цивилизациясынын эсебинен кеңейтүүгө тырышкан жана буга Россиянын унчукпай тим калышын каалаган дал Евробиримдиктин өзү. Кандай болгон күндө да Россия Европа менен өзү үчүн ылайык келген шарттарда алакасын кайра түзөт. Муну ЕБдегилер канчалык эрте түшүнсө, бул процесс ошончолук оңой жана тез жүрөт. Баары бир Европанын башка альтернативасы жок. Ал өзүн Россиядан оолактатып же коңшудан Россиянын душманына айлана да албайт. Антсе өзүнө өзү залал келтирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0