БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин окумуштуулары коронавирустун "британиялык" штаммын аныктоо үчүн дүйнөдөгү биринчи тест-системасын каттоого алышты. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазды.
Ага ылайык, "АмплиСенс" SARS-CoV-2-UK-IT реагенттеринин топтому дал ошол коронавирустун мутация болгон штаммын аныктайт.
Жаңы жасалган тест-система бардык клиникалык сыноодон өткөрүлүп, Россияда колдонуу үчүн каттоого алынган. Мындан тышкары, ал коронавирустун жаңы штаммын так аныктай ала турганы айтылды.Портал коронавирустун мутацияланган штаммы вирустун өзүнө салыштырмалуу жеңилирээк өтөрүн билдирген. Жаңы штамм деле аба аркылуу жугат. Ооруну алдын алуу үчүн буга чейин айтылган эрежелер аткарылышы керектиги белгиленди. Алсак, вирус жуктургандар изоляцияланышы шарт. Ошондой эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, эмдөө жүргүзүү зарыл.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.
Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.
Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.
Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Эртең, 14-апрелде, Бишкек шаарынын бир нече жеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коомунан кабарлашты.
Ал күнү адистер подстанциялардагы электр жабдыктарын оңдоп, бутактарды кыйып жана башка жумуштарды жасамакчы.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: