Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенко. Архив
Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
Митинг в поддержку действующего президента Белоруссии А. Лукашенко в Минске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2020
Лукашенко Кыргызстандагыдай элдик кошуундарды түзүүнү сунуштады
"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", —  деп жазды РИА Новости.
Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0