2020-жылы колдонулган өтө оңой сыр сөздөр жарыяланды

© Фото / Pexels / Sathesh D: PexelsАнглисче баскычтоп. Архивдик сүрөт
Англисче баскычтоп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү компьютерге жана башка гаждеттерге эң эле оңой болгон сыр сөздөрдү тандаган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Интернетке 2020-жылы колдонулуп, таап кетүүгө өтө оңой болгон сыр сөздөрдүн тизмеси чыгып кеткендигин Известия басылмасы жазды.
Анын сап башында мурдагыдай эле 123456 сыр сөзү турат. Андан кийин 123456789 жана 000000 сандарын көп колдонушкан. Булардан сырткары asdasd жана asdfghjkl, ал эми кириллица менен жазганда "марина" деп терилген сөз да арбын кездешкен. Анткени менен мурда көп пайдаланылган qwerty бул сапар аз болгон.
Киши телефон менен отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2020
Телефонго манжанын изин коюп күйгүзүү кооптуубу? Адистин кеңеши
Ал эми англис тилинде password, iloveyou, dragon жана monkey абдан көп колдонулган. Кириллицада "йцукен" (былтыр экинчи орунда турган), "пароль" (2019-жылы популярдуу болгон), "я", "любовь" жана "привет" сөздөрүн көп коюп алышкан. Ал эми ондукка "наташа", "максим", "люблю", "андрей" жана кайра эле "марина" кирген.
2020-жылы коронавируска байланыштуу covid19, "корона", epidemic, COVID19_Access, pandemic, coronavirus деп аталган жашыруун сөздөрдү да коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0