Австрияда Pfizer жана BioNTech вакцинасын алган соң 41 адам каза тапты

© REUTERS / LISI NIESNERPfizer вакцинасы. Архив
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препаратты колдонуунун ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Австрияда 41 бейтап Pfizer жана BioNtech вакцинасын алгандан кийин көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, ошол эле маалда дарыгерлер бейтаптардын өлүмү менен препараттын ортосундагы байланышты аныкташкан эмес.
Рим шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Италияда коронавирустун "нигериялык" штаммы табылды
Отчетте белгиленгендей, үч бейтаптын эмдөөдөн кийин дароо эле көз жумганы сөөктү сойгон соң билинген. Дагы 11 адам эмдөөнү коронавирустун инкубациялык маалында алып каза тапкан. Калган 19 кишинин оорусу өлүмгө алып келди деп боолголонсо, сегизинин өлүмүнүн себеби учурда такталып жатканы айтылды.
Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19га каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0