Муунтулуп өлгөн Флойддун аты актыга ыйгарылды. АКШ полициясы реформаланат

© AFP / ANGELA WEISSНью-Йоркто Джордж Флойддун мемориалдык портретинин ачылышы. Архив
Нью-Йоркто Джордж Флойддун мемориалдык портретинин ачылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоору 2020-жылы майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган афроамерикалык Жордж Флойддун атынан аталган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШнын өкүлдөр палатасы полиция тармагын кеңири реформалаган мыйзам долбоорун кабыл алганын РИА Новости жазды.
"Жордж Флойд атындагы полициянын ишиндеги адилеттүүлүк жөнүндөгү актысын" 220 депутат колдоого алып, 212си каршы чыккан.
Мыйзам долбоору 2020-жылы майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган афроамерикалык Жордж Флойддун атынан аталды. Анда күч түзүмүнүн өкүлү Флойдду кармагандан кийин жерге жыгып, тизеси менен мойнун сегиз мүнөт басып туруп алгандыктан ага дем жетпей калган. Ошондон кийин Американын бир топ жеринде нааразычылык акциялары өткөн.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
АКШ сенаты Трампты импичмент боюнча процессте актады. Байдендин реакциясы
Мыйзам долбоору өкүлдөр палатасында былтыр жайында эле кабыл алынган. Бирок сенат тарабынан колдоо тапкан эмес. Демократтар мыйзам долбоорун кайрадан киргизүүдө.
Анда муунтуу ыкмасын колдонууга, шектүүлөрдүн динине же расасына карап мамиле кылууга, ошондой эле полиция кызматкерлеринин кыянаттык мамилеси тууралуу маалымат чогулткан жалпы улуттук база түзүлөт.
Президент Жо Байдендин колдоосуна ээ болгон мыйзам долбоору сенаттын талкуусуна коюлат.
Жаңылыктар түрмөгү
0