АКШ демократия үчүн дүйнөдөгү режимдерди күч менен кулатканын моюндады

© AP Photo / Jose Luis MaganaВашингтондогу тикендүү зым тосмо аркылуу Капитолийдин көрүнүшү. Архив
Вашингтондогу тикендүү зым тосмо аркылуу Капитолийдин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Мамлекеттик катчы Американын буга чейинки күч колдонгон аракеттери күтүлгөн натыйжа алып келе албаганын белгиледи.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ бийлиги демократияны жайылтуу максатында аскерий кийлигишүү аркылуу күч менен башка мамлекеттердеги режимдерди кулатууну токтотот. Мындай билдирүүнү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен тышкы саясатка байланышкан брифинг учурунда жасады. 
Анын айтымында, демократияны кымбатка турган аскерий кийлигишүүлөр аркылуу жайылтуу же авторитардык режимдерди күч менен кулатуу аракеттери күтүлгөн натыйжа берген жок.
"Биз мындан ары демократияны жайылтууда көп каражатты талап кылган аскерий кийлигишүү же авторитардык режимдерди күч менен кулатуу ыкмасын колдонбойбуз. Мындай тактиканы биз буга чейин колдонуп көргөнбүз. Жакшы ниетке карабастан, андан майнап чыккан жок", — деген мамлекеттик катчы.
Ал белгилегендей, эми Вашингтон муну "башкача жол аркылуу жасайт".
Йемендик козголоңчу-хути Санадагы мечиттин алдында жолдошторун акыркы сапарга узатууда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
АКШ саудиялыктарды жазалоону чечти. Мындан Россия менен Иран утабы?
"Биз башка мамлекеттерге үлгү көрсөтүү менен демократияны жайылтабыз жана демократиялык өзгөрүүлөргө барган өнөктөштөрдү сыйлайбыз", — деп кошумчалаган ал.
Financial Times басылмасы белгилегендей, Жо Байдендин администрациясы мурунку президент Дональд Трамптын обочолонуу жана улутчулдук позициясынан айырмаланган, жаңы тышкы саясатты курууну көздөп жатат.
Байдендин башкаруусундагы АКШ дүйнөдөгү алдыңкы позицияда калууга аракет кылат. Мындан сырткары, башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишкен "глобалдык полициячы" катары иш алып барат деген айыптоолордон арылууга аракет кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0