Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиялык блогер Алексей Навальный сот учурунда
Россиялык блогер Алексей Навальный  сот учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Алексей Навальныйдан улам Батышта кабыл алынган чечимдердин карама-каршылыгы жана ыраатсыздыгынан баш айланат.
Россияга каршы киргизилген жаңы санкцияларды ушундай тамашага сала мүнөздөө жеңил. Бирок мында АКШ менен Европаны эмнеге таянып, кандай максатты көздөгөнүн гана түшүнүш татаалыраак. Батыштын жаңы санкциялары тууралуу Ирина Алкснистин макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Башаламандыктарына жана кээде акылга сыйбас нерселерге карабастан Кошмо Штаттар менен Европанын аракеттеринин пландуулугу жана макулдаша иш жүргүзгөнү бул ниеттин түпкүлүгүндө рационалдуу ойлор жаткандыгынан шек калтырбайт.
Адегенде бир топ убактан, тагыраагы, 2010-жылдардын ортосунан тарта европалыктар менен америкалыктар Россияга каршы биргелешкен аракеттер боюнча шериктештиктин жана дилгирликтин мынчалык деңгээлине жетпегенин белгилеп койгон оң.
Рим шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Европа өз көйгөйлөрүнө күнөөлүүнү тапты. Бет тырмарлыкпы?..
Санкциялар Атлантикалык океандын эки тарабынан тең бир күндө гана эмес, дээрлик бир убакта жарыяланганы баары макулдашылган жүрүш экенин айгинелейт.
Россиялык күч органдарынын жетекчилери "жаза" алмак болду: батыш өлкөрүнө кире алышпайт, ал жакта активдери сакталса, баары тоңдурулат. Мунун ысык-суугу деле жок. Ушундай эле жагдайга илимий уюмдар да кабылды, аларды Батыш "биологиялык жана химиялык курал өндүрүүгө айыптайт".
Анан да Кошмо Штаттардын Россияга көмөк көрсөтүүнү токтотуу чечимин кабыл алышы күлкү келтирерлик болду, РФтин америкалык өнөктөштөрү дале 1999-жылда жашап жаткандай элес калтырат.
Алексей Навальный өзү бир нече ай мурун "саякатка деле чыкпаган, Европада мүлкү же банк эсептери деле жок кайсы бир полковник же генералдарга" каршы санкция киргизүү маңызсыз экенин билдирген. Ошондо ал Европа биримдигин "россиялык олигархтардын акчаларына багыт алууга" чакырган.
Ири бизнесмендерге урулган сокку жеке аларга да, улуттук экономикага доо кетирерин моюнга алуу абзел. "Түндүк агым – 2" өңдүү биргелешкен стратегиялык долбоорлорду жабуунун кесепетин айтып отуруунун деле кажети жок. Бирок Батыш кайрадан эле тышынан таасирдүү жана конфронтациялык көрүнгөн, бирок маңызында таптакыр пайдасыз эле кадамдарга барды.
Россиялык оппозиционердин америкалыктар менен европалыктар тарабынан кызуу колдоого алынышында кызыктар аз эмес. Бир жагынан Батыш Навальныйды Кремлдин башкы касы жана ошол эле убакта курмандыгына айлантты.
Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа
Ал түгүл Европа биримдиги адам укуктарын бузууларга карата Россияга жаңы санкциялар режимин да киргизди. Ал эми адам укуктары боюнча Европа соту убактылуу чара катары блогердин бошотулушун талап кылуу менен таң каларлык чечим чыгарды. Экинчиден, Кошмо Штаттар жана Европанын блогердин жеке өзү тууралуу так деле маалыматы жок.
Ошол эле Адам укуктары боюнча Европа соту "Ив Рош" ишинен деле саясий өңүттү тапкан эмес, болбосо дал ушул иштин айынан Навальный Владимир облусундагы колонияга түшпөдү беле. Ал эми Amnesty International уюмуна алардын укмуштай моралдык ийкемдүүлүгү жана саясий конъюнктуралуулугу деле көмөкчү боло албады. Аталган уюм россиялык оппозиционерди "абийир туткуну" деп таануудан баш тарткан. Айтмакчы, Евробиримдик жаңы санкциялык режимге Алексей Навальныйдын ысымын "ыйгарууга" да ниеттенген. Бирок андай демилгеден дароо баш тартышты, кыязы, "баатырдын" өткөн чыйырын эске алуу менен андай кадамдын натуура экенин аңдашты өңдөнөт. Натыйжада Батыштын, айрыкча Европанын жүрүм-туруму Москва менен тирешке шылтоо издеп, колго илингенин, ылайык келип-келбегенин деле пайдалана бир жактан экинчи тарапка ооп жаткандай элес калтырат. Россиянын Европа жана Кошмо Штаттар менен болгон алакасы ушул тапта кайрадан жаңыруу баскычында турат.
Мурдагы он жылдыктын ортосунан берки чуулгандуу окуяларды Батыштын Россияны биротоло талкалоо, толук экономикалык жана геосаясий капитуляцияга мажбурлоо аракети катары сыпаттоого болот. Анан да көздөгөнүнө оңой эле жетерине бекем ишенишкен. Өздөрүнө кесепети анчалык катуу тийбейт деп болдошкон. Мисалы, Москваны SWIFT системасынан өчүрүп салуу батыштагы бизнеске өтө жагымсыз таасир этмек. Тескерисинче, Россия аларга "күтүүсүз белек" кылып, жамааттык кысымга бекем туруштук бере алды. Санкцияларга каршы туруу дале уланып келет, бирок, Батыш тараптын андай чектөөлөрү куру формалдуулукка айланып калды. Ошентсе да тараптар, өзгөчө Европа менен кызматташуу бачым эле калыптана баштаган.
Россияга каршы санкциялар: ЕБ Москва менен алакасын кантип бузуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Россияга каршы санкциялар: ЕБ Москва менен алакасын кантип бузуп жатат
Болгону соңку жылдардагы, айрыкча былтыртан берки жагдай Батышты РФке жеке мамилесин, оюн өзгөртүүгө түрттү. Европаны күчтүү Россия менен гана чындап коркутууга болору байкалды. Катуу коркконун да белгилесек болот, себеби азыр бардык – экономикалык болобу, мейли саясий, мейли идеологиялык же медиалык багыттабы, Москванын чабуулга өтөрүнөн шекшинип турган чагы. Коңшулардын өз күчүнө ишене албаганы ачык байкалып, анын натыйжасында алар дал ушул тапта темир көшөгөнү ыкчамдык менен тартып, коргонобуз деген тейде кайра мамиледеги ажырымды тереңдетип жатышкандарын элес албай жатышкандай.
Иш жүзүндө Батыш кансыз согуш конфигурациясын кайра жандандырууда, эске салсак, аталган доордо кезегинде тирешкен тараптардын бир нече өз ара пайдалуу стратегиялык кызматташуу каналдары сакталып, калган багыттардын баары кан буугандай токтогон. Азыр эми батыш дүйнөсү олуттуу түрдө эле СССРдин ошол таптакыр ийгиликсиз тажрыйбасын өздөрү сынап көрүүгө ниеттенип туру. Ушул маселени чечүү үчүн Алексей Навальныйды пайдалангандарын кыйла ийгиликтүү деп эсептөөгө болот. Анткен менен Европа жана Кошмо Штаттардын советтик "катачылыкты" кайталоого умтулуусу айран таң калтырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0