"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүПроизводство вакцины Sputnik V в Казахстане
Производство вакцины Sputnik V в Казахстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Дүйнөдө азыркы тапта көпчүлүк ишенип алып жаткан вакцинанын алдыңкы сабында AstraZeneca турат. Аны алууга 49 өлкөдө уруксат берилген. Артынан эле 45 мамлекетте катталган "Спутник V" вакцинасы бара жатат.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын "Спутник V" вакцинасы жактырган өлкөлөрдүн саны боюнча экинчи орунга чыгып Pfizer вакцинасын озуп кетти. Бул тууралуу РИА Новости вакцинаны иштеп чыккандардын Twitter тармагындагы расмий баракчасына таянып кабарлады.
"Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын жактыргандардын саны өсүп жатат. Ишенимиңиздерге рахмат!" —деп жазышкан аны иштеп чыккандар.
Дүйнөдө азыркы тапта көпчүлүк ишенип алып жаткан вакцинанын алдыңкы сабында AstraZeneca турат. Аны алууга 49 мамлекетте уруксат берилген. Артынан эле 45 өлкөдө катталган "Спутник V" вакцинасы бара жатат. Тизмеде үчүнчү орунда Pfizer (43 өлкө) турат. Андан соң Moderna (19 өлкө) болсо, кийинкилери Кытайдан чыккан үч вакцина. Алар Sinopharm (18), Sinovac (16), CanSino (4). Сегизинчи орунда Johnson&Johnson вакцинасы турат. Аны төрт мамлекет жактырган.
Россиянын Спутник V вакцинасы менен жүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Министрлик: "Спутник V" вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү
Учурда "Спутник V" вакцинасын жактырган мамлекеттер: Россия, Беларусь, Аргентина, Боливия, Сербия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы, Тунис, Армения, Мексика, Никарагуа, Сербия, Ливан, Мьянма, Пакистан, Монголия, Бахрейн, Черногория, Сент-Винсент жана Гренадин, Казакстан, Өзбекстан, Габон, Сан-Марино, Гана, Сирия, Кыргызстан, Гайан, Египет, Гондурас, Гватемала, Молдова, Словакия, Ангола, Жибут, Конго Республикасы, Шри-Ланка, Лаос жана Ирак.
"Спутник V" вакцинасы катталган 45 мамлекеттин жалпы эсептелген калкы 1,2 миллиардга жеткени айтылды.
Россиянын аталган вакцинасын чет мамлекеттерде жайылтып, алдыга жылдыруу иштери менен Россиянын түз инвестициялар фонду иш алып барып жатканы маалым болду. Буга чейин аталган фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Россиядан чыккан вакцинага ишеним артып бара жатканын айткан. Себеби аталган вакцинанын терс таасири жок жана аллергия кылбайт.
"Спутник V" вакцинасын Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан. Ал РФте 2020-жылы август айында каттоого алынган. Бул препарат дүйнөдө биринчилерден каттоого алынган COVID-19га каршы вакцина болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0