ДССУ башчысы коронавирус пандемиясын согуш менен салыштырды

© REUTERS / Fabrice Coffrini / Pool /File PhotoГенеральный директор ВОЗ Тедрос Адханом Гебрейесус
Генеральный директор ВОЗ Тедрос Адханом Гебрейесус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Гебрейесус ооруну жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцинаны өндүрүүдө мамлекет башчылары биригиши зарыл экенине токтолгон.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адан Гебрейесус коронавирус пандемиясын согуштук иш-аракеттер менен салыштырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып "Известия" жазды.
Гебрейесус ооруну жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцина өндүрүүдө мамлекет башчылары биригиши зарыл экенине токтолгон.
"Пандемиядан улам дээрлик мамлекеттердин баары чек арасын жабууга аргасыз болуп, ал кичи жана ири бизнеске терс таасирин тийгизди. Ошол себептен биз согуш жүрүп жаткандай эмне керек экенин так билишибиз шарт", — деген ДССУнун башчысы.
Ситуация в Китае на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!
Тедрос Аданом Гебрейесус адамзат азыркы тапта тарыхтагы эң оор күндөрдү баштан кечирип жатканын белгилеген. Мындан улам ал препараттарды муктаж болгондор менен бөлүшүп, технологияларды берүүгө даяр болуу зарылдыгын айткан.
Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деп божомолдогон
Жаңылыктар түрмөгү
0