Түркия туристтерден ПЦР-тест талап кылуу мөөнөтүн узартты

© REUTERS / Murad SezerСитуация в Турции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Турции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын 30-декабрынан баштап 1-мартка чейин Түркияга барчулардын баарына коронавируска ПЦР-тест тапшыруу милдеттендирилген. Азыр анын мөөнөтү дагы узартылды.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түркиянын бийлиги өлкөгө кирген туристтерден ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын талап кылуу мөөнөтүн 15-апрелге чейин узарткандыгын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
"Буга чейиин Түркияга жер, аба же деңиз жолу менен келген ар бир адамдан аталган өлкөгө сапар тартардан 72 саат мурун алынган ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын тапшыруусу талап кылынып келген. Бул талап 2021-жылдын 15-апрелине чейин узартылды", — деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Аэропорт Франкфурта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
Грузия Кыргызстан баштаган төрт өлкө үчүн аба жолун ачты
Мындан тышкары, тесттин жыйынтыгын көрсөтпөгөндөргө учууга уруксат берилбей тургандыгы белгиленген.
"Талап транзиттик жана трансфердик жүргүнчүлөргө колдонулбайт. Экипаж мүчөлөрүнө ПЦР-тест жана карантин милдеттүү эмес", — деди дипломатиялык өкүлчүлүк.
Өткөн жылдын 30-декабрынан баштап 1-мартка чейин Түркияга барчулардын баарына коронавируска ПЦР-тест тапшыруу милдеттендирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0