Гарри менен жубайы Мегандын чуулуу маегине падышалык үй-бүлө жооп кайтарды

© AFP / JOE PUGLIESE / HARPO PRODUCTIONSКанзаада Гарри менен Меган Маркл Опра Уинфри менен маектешүү учурунда
Канзаада Гарри менен Меган Маркл Опра Уинфри менен маектешүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Меган Маркл америкалык алып баруучуга падышалык сарайдан кысымга учураганын, анын кара терилүү экенине асылгандар болгонун айтып берген. Падышалыктын өкүлү эки күндөн кийин жооп кайтарды.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Британ падышалыгынын ыйгарым укуктарынан баш тарткан Гарри менен Меган Марклдын расизм жөнүндө айткан билдирүүлөрүнө анын үй-бүлөсү олуттуу карайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сассекс герцогу Гарри менен анын жубайы Меган Маркл америкалык белгилүү алып баруучу Опра Уинфриге берген ачык маегинде Улуу Британиядагы монархиянын кадыр-баркына сокку ура турган сөздөрдү айтышкан.
Помолвка британского принца Гарри и американской актрисы Меган Маркл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2020
Ханзаада Гарри жана келинчеги Меганга окшош жубайлар ишсиз калды. Түгөйлөрдүн сүрөтү
Марклдын айтымында, жолдошунун туугандарынын бири (кийинчирээк алып баруучу тактаганда, ал Елизавета экинчи, анын күйөөсү Филип эмес экенин айтты) жарык дүйнөгө келе элек ымыркайдын түсүнө карата айткандарынан кийин жашагысы келбей суицид тууралуу да ойлонуп калган. Мындан тышкары, ал жолдошунун агасы Кембриж герцогунун жубайы Кейт (абысынына) ыза кылгандыгын да жашырган эмес. Гарри маек учурунда атасы Чарлз Уэльс уулу тушуккан маселелерди талкуулоодон баш тартып, чалган телефондоруна жооп бербей калганын кошумчалаган.
"Гарри менен Мегандын акыркы бир нече жыл ичинде канчалык кыйынчылыктарга туш болгонун билгенден кийин бүт үй-бүлө абдан капа болду. Көтөрүлгөн маселелер, айрыкча расалык көйгөйлөр тынчсыздандырат. Айрым эскерүүлөр ар кандай болушу мүмкүн, бирок алар өтө олуттуу кабыл алынат жана үй-бүлө бул маселени эл көзүнөн оолак, өзүнчө чечет. Гарри, Меган жана Арчи ар дайым үй-бүлөнүн эң сүйүктүү мүчөлөрү бойдон кала беришет", — деп айтылат падыша сарайынын расмий өкүлү тараткан билдирүүдө.
Бул маалымат Гарри менен Мегандын маеги чыккандан эки күндөн соң таратылды.
Гарри 2018-жылы афромерикалык Меган Маркл менен баш кошкон. Жубайлар 2020-жылы падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартышканы белгилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0