5 саат "сейилдеп". АКШ президентинин учагы турган жайга чоочун киши кирип кеткен

© AP Photo / Manuel Balce CenetaАКШ президентинин учагы Air Force One. Архивдик сүрөт
АКШ президентинин учагы Air Force One. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Учак чуусунан кийин Аскер-аба күчтөрү министрлигинин башкы инспектору бул окуя кызматкердин шалаакылыгынан болгонун билдирген.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. АКШ президентинин учагы токтоп турган базага чоочун киши тоскоолдуксуз кирип, ал тургай америкалык администрациянын мүчөлөрү, жогорку кызматтагы аткаминерлер ары-бери каттаган аба кемесинде беш саат "сейилдеп" жүргөнүн эч ким байкаган эмес. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматта АКШнын Мэрилин штатындагы Эндрюс аба базасында Америка президентинин учагы токтоп турары айтылган.
Мындай өтө маанилүү делген стратегиялык аймак көздүн карегиндей сакталышы керек болгону менен ал жерде кадимки эле бир нече ката кетирилген. Мындай билдирүүнү АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн маалымат кызматы таратты.
Окуя 4-февралда болуп, коомчулукка эми жетип отурат.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2018
Трамптын учагын жасалгалоого бир жылда 34 млн. доллардан ашык акча кеткен
Белгисиз киши кайтарылган базанын аймагын ээн-эркин эле аралап жүрбөстөн, Boeing C-40 Clipper аба кемесине да кирип кеткен. Учак америкалык администрациянын мүчөлөрүн, жогорку кызматтагы аткаминерлерди ташып турган маанилүү борттордун бири. Ал учактын ичин ээн-эркин беш саат аралап жүргөндөн кийин гана кармалган.
Бул ызы-чуудан кийин Аскер-аба күчтөрү министрлигинин башкы инспектору мындай окуя кетирилген үч катадан улам болгонун айткан.
Шалаакылык кылган биринчи учур базанын күзөтчүсүнө тиешелүү болгонун айткан. Ал аскер эмес жөнөкөй эле жай жарандын стратегиялык аймакка кирип кетүүсүнө жол берген. Маалыматта иштебей калган көзөмөл-өткөрүү жайынын автоматтык дарбазасынан кең-кесири өтүп, учактар токтоп турган жерге тоскоолдуксуз барганы кабарланган. Ал жердеги кызматкер чоочун кишиге көңүл бурган да эмес.
Айтмакчы, ал адам бир караган кишинин көзүнө дароо эле урунгандай кийинип жүргөн.
Чатак боюнча докладда учакка кирип кеткен адам "кулактарын жапкан ачык кызыл кепка кийип жүргөнү, төбө жагында чычкандын кулагына окшош эки тоголок тагылганы" айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0