Стамбул аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Түркия туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежесин өзгөрттү

220
(жаңыланган 10:46 15.03.2021)
Бүгүндөн баштап Түркияга барчу туристтер "Regist.Health.Gov.tr" сайты аркылуу атайын форманы толтурууга милдеттүү. Ал болбосо чет элдиктер аталган өлкөгө киргизилбейт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Түркия өз аймагына кирген туристтер үчүн жаңы эреже киргизди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, 15-марттан баштап алты жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр Түркияга учуп кетердеги 72 сааттын ичинде "Regist.Health.Gov.tr" сайты аркылуу "Саякатчылардын Түркияга кирүү" формасын толтурушу керек.

Авиакомпаниялар форманын толтурулганын мобилдик тиркеме же кагаз жүзүндө талап кылышат.

Форманы толтурууда адис аты-жөнү, паспортунун номери, жашаган жери, улуту жана каттам тууралуу маалыматтарды англис тилинде жазышы керек. Ошондой эле чет элдиктерден Түркияда убактылуу жашай турган жери жана акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөгө баргандыгы (эгер барган болсо — ред.) жөнүндө маалымат талап кылынат.

Форма толтурулган соң жүргүнчүгө HES-код берилет. Аны мобилдик тиркеме аркылуу же кагазга басып чыгарып алып, аэропортто жана Түркияда жашай турган мейманканада көрсөтүү зарыл.

HES-коду жок же ал жасалма түрдө алынганы билинип калса, чет элдик киши Түркиянын аймагына кире албайт.

Ал эми транзиттик жүргүнчүлөр аэропорттун стерилизацияланган аймагынан чыкпай турган болсо, бул форманы толтурууга милдеттүү эмес экени айтылат.

220
Белгилер:
коронавирус, эреже, турист, Түркия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1388)
Тема боюнча
Европа өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасынан баш тартты. ДССУ иликтеп жатат
Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылындагы талкаланган имарат

Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди

42
(жаңыланган 17:48 06.05.2021)
Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик жаңжалында 19 жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат берди. Бул тууралуу Согди облустук администрациясынын маалымат кызматына таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Облус жетекчилиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул үчүн мамлекет 3 миллион сомони (22 миллион сомдун тегереги) бөлдү", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

42
Белгилер:
расмий маалымат, өлүм, жаран, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Женевадагы мекендештер чек ара жаңжалы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды. Видео
Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз. Архив

Жадыбалды билбей калган жигитке турмушка чыкпай койду. Индиялык кыздын окуясы

127
(жаңыланган 13:33 06.05.2021)
Үлпөт той өтүп, тууган-туушкандар майрамдап жаткан кезде колукту болочок жолдошунан жадыбалды сураган. Бирок ал жооп бере алган эмес.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз болочоктогу жолдошу таблицаны билбей койгону үчүн үлпөт тойду токтотуп койду. Бул тууралуу Tribune India маалымат порталы жазды.

Окуя өткөн дем алышта Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон.

"Колукту расмий түрдө макулдугун берип гирлянда менен алмашар алдында жолдошунан экинин таблицасын сураган. Сүрдөгөн ал жооп бере алган эмес. Кыз болочок жолдошунун билимсиздигине ызаланып, математиканын негиздерин билбеген кишиге турмушка чыкпай турганын айтып залдан чыгып кеткен. Достору менен туугандары кызды турмушка чыгууга көндүрө албай коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Колуктунун агасы карындашынын чечимин колдогон. Анын айтымында, күйөө баланын үй-бүлөсү анын билими жөнүндө эч нерсе айтпай жашырып койгон.

Ортодо түшүнбөстүктөр чыкпашы үчүн эки үй-бүлө тең бири-бирине берген белектерин кайтарып беришкен.

127
Белгилер:
таблица, билим, той, үлпөт, Индия
Тема боюнча
Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды
Турак-жай үйү. Архив

7-майда Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

0
(жаңыланган 18:04 06.05.2021)
Өчүрүүлөр мурда пландалган боюнча жүргүзүлөт. Монтаждоо топтору электр чубалгыларын жана трансформаторлордун иштөөсүн жөнгө салышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жума күнү, 7-майда, Бишкектин бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Электр кубаты төмөнкү райондордо болбой турганы айтылды:

  • 9:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондо (№37 үйдө) жана Алтын-Ордо 3 конушунда;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Арча-Бешик конушунда (Кең-Кол, Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Поваринский көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Садырбаев, Курчатов, Серафимович, Серпуховский, Куба, Сельсовет, Ильменский жана Тверь көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Ак-Ордо конушунун (Курманжан датка, Алты-Бакан, Ташауз, Поваринский көчөлөрүндө);
  • 9:40тан 17:00гө чейин — Аул, Элебесов, 8-март, Хвойное жана Кожевенное көчө бөлүктөрүндө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Ибраимов, Шопоков көчөлөрүнүн жана Жибек жолу проспектисинин бөлүктөрүндө;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Бата конушунда (6, 7, 8-көчөлөрдө).
0
Белгилер:
оңдоо иштери, "Түндүк Электр" ишканасы, өчүрүү, электр жарыгы
Тема боюнча
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды