"Мында Россияга тең келчү жок": АКШ армиясынын талуу жерин ачыктады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТОС-1а "Солнцепек" ракетасы. Архив
ТОС-1а Солнцепек ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
АКШнын кургактагы күчтөрү жакында жаңы артиллериялык куралга ээ болот. Залптык октун реактивдүү тутуму үчүн тескелүүчү ER GMLRS дүрмөтү сыноодон өттү, болжолдуу бутасын 80 чакырымдан жок кылды.
Пентагондогулар бул акыркы чек эмес экенине ынанышат. Ушул курал жана анын россиялык аналогдору жөнүндөгү Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Алтын" дүрмөттөр

Кургактагы күчтөрдө ыраак аралыкка атуучу заманбап куралдар жетишсиз, бул АКШ армиясынын эбактан берки баш оорусу. Алар стволдуу да, реактивдүү да артиллерия жаатында Россиядан бир топ артта калганын ачык моюнга алышат. Келечектүү курал-жарактын жакындагы сыноосу – экинчи жолкусу. 2020-жылдын ноябрындагы биринчи сыноо ийгиликсиз болуп калган, дүрмөт кое берилгенден көп өтпөй абада жарылган.
Lockheed Martin концернинин адистери каталарын карап чыгып, мүчүлүштүктөрдү жоюп, акыры ER GMLRS Нью-Мексикодогу White Sands полигонунда ийгиликтүү сыналды. Окту HIMARS залптык октун реактивдүү тутуму атты. Курал дал ошого ылайыкталып иштелип чыккан.
Аляскадагы АКШнын Clear Air Force Station радиолокациялык станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети
"Тескелүүчү жаңы реактивдүү дүрмөт залптык октун реактивдүү тутумунун ок атуусунун аралыгын кыйла узартат, — деп маалымдайт Lockheed Martin ишканасынын ракеталык бөлүгүнүн вице-президенти Гаилб Кэмпбелл. — Сыноонун жүрүшүндө учуштун бүтүндөй траекториясында каалаган жыйынтыкка жете алышты. Башкача айтканда, курал пландалбаган аралыктан бутасын талкалап, HIMARS программалык камсыздоосун ошого тууралай алат. Курал толукталып иштелип чыккан соң аны эски M270 залптык октун реактивдүү тутумунда да пайдаланууга болот".
Кэмпбеллдин айтымында, кийинки сыноолордо рекорддук ыраактыкты – 150 чакырымды багындыруу зарыл. Эгер бул ишке ашып калса, америкалык залптык октун реактивдүү тутуму дүйнөдө эң узак аралыкка атуучу артиллерияга айланат. Бирок бул дүрмөттөр чындап массалык куралга айланары арсар. 60 чакырымга чейинки аралык ыраактыкка ок атчу кадимки вариантынын наркы — 100 миң доллар. Ал эми заманга бап жаңыртылышы Пентагонго кыйла кымбатка түшөрү айкын.
ER GMLRS (Enhanced Range Guided MLRS) – 227 миллиметрлик калибрдеги, ок бөлүгү кассеталык же бир блоктуу реактивдүү тескелүүчү дүрмөт. Мээлөө системасы инерциялык жана спутниктик болот. Аз өлчөмдөгү жалгыз, маселен, танк же буталардын чакан тобун бир атып жок кылууга багытталган.
Ушул тапта АКШ армиясынын арсеналында 50 миңдин тегерегиндеги GMLRS бар. Заманбапташтырылган снаряддардан канча бирдик сатып алышарын азырынча жарыялаша элек, бирок анын өндүрүшүнүн башталышы 2023-жылга белгиленген.

Жердеги артыкчылыкка умтулуу

Америкалыктар стволдуу артиллерияны күчөтүүгө тырышууда. Былтыр март айында ERCA (Extended Range Canon Artillery) өзү жүрүүчү гаубицасы сыноодо 65 чакырым аралыктан бутасын кыйраткан. Бул – АКШ армиясынын негизги артиллериялык тутуму болгон M109дун ок атуу ыраактыгынан эки эсе узун аралык.
Винсконсин штатындагы Warfield авиабазасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
АКШ Россиядан өч алат: башкалар туйбайт, зыянын РФ гана тартат
Ок 58 калибрдеги эки типтеги снаряддуу, Excalibur менен тескелүүчү 155 миллиметрлик XM907 жана ыраактыгы узартылган XM1113 эксперименталдык активдүү-реактивдүү куралынан атылган. Эки курал тең чакан көлөмдүү буталарын таамай жок кыла алышкан.
Вашингтондо артиллерияга өзгөчө көңүл бурушканы тегин жерден эмес. 2017-жылдын декабрында таасирдүү RAND америкалык изилдөө борбору россиялык Куралдуу күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүнүн анализин жарыялаган. Аталган борбор Пентагонду улуттук коопсуздук маселелери боюнча өткөн кылымдын ортосунан тарта консультациялап келет. Батыш талдоочуларынын пикиринде, Россия кокус согуш тутанып кетсе душмандын жердеги күчтөрүнө алар менен түз ок атышууга киришпестен эле максималдуу зыян келтирүүгө тырышат. Фланг (душмандын катарынын оң жана сол жак учу), маневр жана бөгөттөө менен сокку кеңири коюлат.
"Орустар артиллерияны болушунча колдонушат, — деп эскертишет RAND борбору. — Бул жаатта батыш армиясына караганда алардын артыкчылыгы жогору. Мисалга, америкалык кургактагы күчтөр бригадасында жалгыз гана артиллериялык батальон бар. Россиялык аскердик бөлүк жана бирикмелерде ок менен коштоочу бөлүктөр алда канча арбын. Үч мотоаткычтар жана бир танк батальонунан турган мотоаткычтар бригадасын бекемдөө үчүн өзү жүрүүчү эки жана бир реактивдүү артиллерия батальонун кошушат.
Согуш учурунда америкалык бригада кыйла көп сандагы замбирек жана залптык октун реактивдүү тутумуна ээлик кылган душман менен бет келишет. Булар ок-дарынын кеңири номенклатурасын колдонуп, ыраак аралыктан сокку ура алат".

Кыйла артта

Вашингтондогу Америка желектеринин фонунда Капитолий имаратынын сыртындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Демократияны үйрөтөт. АКШ бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнүн жаңы ыкмасын тапты

Бул багытта америкалыктар чындап эле кууп жете албай келишет. Россиянын армиясы 2016-жылдан бери жаңыртылган "Торнадо-С" ЗОРС менен жабдылып келет. Бул — топтошкон буталардын ыраактагы кире беришин (аскердик күчтөр, зооттолбогон, жеңил зооттолгон жана толук зооттолгон техника), токтотмо жайларын, командалык пунктуларды, байланыш түйүндөрүн, аскердик-өнөр жай инфраструктуралардагы тактикалык ракеталарды, зениттик комплекстерин, тик учактарды талкалоого багытталган 300 миллиметрлик калибрдеги курал. Узундугу — 120 чакырым, РФ Коргоо министрлигинен билдиришкендей, келечекте 200гө жеткирилет. Эске салсак, америкалык HIMARS куралынын ок атуу ыраактыгы – 80 чакырым. "Смерч" деп аталган залптык октун заманбап реактивдүү тутуму да жүз чакырымга тескелүүчү дүрмөттөр менен атат.

Ооба, америкалык ЗОРСту чакан аралыктагы ATACMS ыкчам-тактикалык баллистикалык ракеталарын (ЫТБР) кое берүүчү орнотмо катары пайдаланууга болот. Алардын ыраактыгы — 300 чакырым. Бирок "Искандер-М" ЫТБР 500 чакырым аралыктан буталарын жок кылат. Мындан сырткары, Россия ЗОРСтун кеңири номенклатурасына ээ. 300 миллиметрлик оор "Смерч" жана "Торнадо-С" залптык октун реактивдүү системаларынан тышкары кургактагы күчтөрдө 122 миллиметрлик "Град", ок атуу ыраактыгы 42 чакырымдык "Торнадо-Г" жана 36 чакырымга ок атуучу 220 миллиметрлик "Урагандар" бар.
Радиациялык, химиялык, биологиялык коргоо күчтөрүнүн ТОС-1 жана ТОС-2 оор огнеметтук тутумдары бар. Маңызында бул алты чакырымга чейинки аралыктагы жакынкы аракеттеги ЗОРС. Америкалыктарда азырынча — 227 миллиметрлик HIMARS жана 60 чакырымдык дүрмөт менен тескелүүчү, башкарылбаган 40 чакырымдык снаряддуу M270 бар. Бул – "Торнадо-Сга" караганда эки эсе аз аралык. Стволдуу артиллерияга окшош жагдай.
Америкалык негизги M109A7 өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмонун эң соңку модификациясы да 22 гана чакырымдан майдаланма-фугастык дүрмөт менен сокку урат. СССР убагында эле жасалган россиялык "Мста-С" 25 чакырым аралыкка, анан калса эң жогорку ыкчамдыкта ок атат. Ал эми келечектүү "Коалиция" өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмосу 80 чакырымга чейинки аралыктан дүрмөттөр менен тескелүүчү буталарды жок кыла алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0