АКШнын президент Жозеф Байден

"Экстремалдык" санкциялар: АКШ бул ирет РФтин мамлекеттик карызына асылмакчы

(жаңыланган 11:29 19.03.2021)
Вашингтон Москваны санкциялар менен коркутууда, эми Кошмо Штаттар РФтин суверендик мамлекеттик карызына каршы. Америкалыктарга англичаниндер кошулууга даяр.

Чет элдик инвесторлорго россиялык облигацияларды сатып алууга тыюу салуу — катаал чектөө. Бул РФ экономикасы үчүн канчалык кооптуу экени Наталья Дембинскаянын макаласында.

Эски адаты кармап...

Марттын башында АКШ жана Улуу Британия дагы бир ирет Москвага кысым көрсөткүсү келгени белгилүү болду. Атап айтканда, батыш инвесторлорун мамлекеттик карызды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткылары келет.

Океан ар жагында муну эбак эле талкуулап келишкен. Эксперттер болжолдуу эки сценарийди белгилешкен эле: биринчиси, федералдык карыз облигацияларынын баарына, анын ичинде сатып алынгандарына да, экинчиси — жаңыларын сатып алууга гана тыюу салуу каралат.

Толук тыюу салуу, албетте, эң катаал вариант, бирок ал америкалык жана европалык каржылык компанияларды да олуттуу зыянга дуушар кылат. Натыйжада Вашингтон компромиссти эп көрүп, 2019-жылдын августунда "Скрипалдердин иши" боюнча деген шылтоо менен америкалык банктарга россиялык мамлекеттик баалуу кагаздарды баштапкы жайгаштырууга катышууга, ошондой эле Россия өкмөтүн насыялоого тыюу салган. Бирок экинчи рыноктогу келишимдерге ал тиешелүү эмес эле. Ошентип, чет элдиктердин россиялык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү сакталган. Алар "четтен" россиялык эмитенттерден карыз инструменттерин жана акцияларын сатып ала алышат. Бирок президенттик шайлоодогу Демократиялык партиядан талапкердин жеңиши жагдайды өзгөрткөн.

"Россияга карата позициянын олуттуу түрдө катаалдашын болжоп турабыз. Байдендин командасында Москвага болгон жек көрүү таң каларлык", — деп жазат Financial Times.

Экинчи жагынан америкалык маалымат каражаттары белгилегендей, Вашингтондун Россиянын экономикасына сезилерлик доо кетире ала тургандай каражаты деле анчалык көп эмес. Акыркыларынын бири — россиялык мамлекеттик карызга салым салууга тыюу салуу. Кырдаалды жакындан билген булактарга таянуу менен Bloomberg: "АКШ жана Улуу Британия кошумча антироссиялык санкцияларды даярдап жатышат", – деп маалымдайт. Бул ирет "Навальныйдын ишине" байланыштуу. Кеп мында "Өлкөнүн суверендик карызына каршы экстремалдык чараларга" дейре чектөөлөр жөнүндө.

"Эгер Россия химиялык куралды колдонууга эл аралык тыюу салууну кайрадан бузганы аныктала турган болсо, президент Жо Байден Европа менен кызматташтыкта ушул санкциялар жөнүндө маселени карайт", — деп тактайт агенттик.

Анчалык кооптуу эмес

Дал кеп эмне тууралуу жүрүп жатканы азырынча так эмес, бирок федералдык карыз облигацияларынын экинчи рыногу мындан жабыр тартары арсар. Бул биринчи кезекте баалуу кагаздардын ири ээлери болгон батыш инвесторлоруна чоң сокку болорун РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинен эскертишет.

Россия үчүн санкциялардын бардык түрү анчалык коркунучтуу эмес. Федералдык карыз облигацияларындагы батыш инвесторлорунун үлүшү ушул тапта — 23%. РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников белгилегендей, бул көрсөткүчтүн өзгөртүлүшү өлкөдөгү каржылык жагдайды анчалык татаалдаштыра албайт.

"Россиялык мамлекеттик карызга санкциялар – бул көбүнесе батыш инвесторлоруна берилген жаза... Кандайдыр олку-солкулуктар, албетте, болушу мүмкүн, бирок түпкүлүгүндө бул эч нерсеге таасир этпейт", — дейт мекеменин өкүлү.

Эң чоң кесепети — рублдин чабалдашы: РФке резидент эмес жана чет элдиктердин россиялык валютага суроо-талабы азаят. Бирок россиялык мамлекеттик карыздан батыш инвесторлорунун жүз бурушунун таасири көпкө созулбайт.

"Менимче, бир доллардын 80 рублге чейин түшүшү менен чектелет. Россия тынымсыз жаңырган санкциялык риторикадан улам соңку бир нече жылда мындай кадамдарга каршы турууга даярдык көргөн", — дейт Жалпы россиялык бизнес борбор компаниялар тобунун башчысы Семен Теняев.

"Рубль азыр түпкү наркынан беш-жети пайызга арзан, башкача айтканда санкциялар эбак россиялык валютасына салынган. Батыш капиталынын дүрбөлөңгө түшүп чыгышы, рубль менен фонддук рыноктун беш пайызга төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, бирок кийин кайра калыбына келет", — дейт Өнөр жай жана ишкерлердин Орус-Азиялык биримдигинин президенти Виталий Манкевич.

Буйтап өтүү жолдору

Талдоочулар федералдык карыз облигацияларына кызыкдар батыш инвесторлору болжолдуу чектөөлөрдү буйтап өтүүгө мүмкүндүк берчү схеманы мурдатан эле пайдаланышарын эскертишет.

"Санкциялар Euroclear жана Clearstream сервистериндеги доллар жана депозитардык эсепке алынган евробонддорго гана таасир этет. Анткени ушундай учурда гана АКШнын Каржы министрлигинин OFAC (Чет элдик активдерди тескөө башкармалыгы. — Ред. тактоосу) алардын аткарылышын көзөмөлдөй алат.

Федералдык карыз облигацияларына тыюу салуу пайдасыз, себеби бул баалуу кагаздарга кызыкдар инвесторлор бул баалуу кагаздардын өзүн эмес, "доллар-рубль" форварддык курсу жана ФКОнун кирешелүүлүгүнө байланган пайыздык жана валюталык свопторун (төлөө жана активдер менен алмашуу) сатып алышат", — деп түшүндүрдү "Спутник — Капиталды башкаруу" компаниясынын башкы директору Александр Лосев.

Анын айтымында, батыш инвесторлоруна бул баалуу кагаздарды түз сатып алууга тыюу салышса, алар ортомчулар, анын ичинде россиялыктар аркылуу каражатын жолдошот.

Санкцияларга каршы болжолдуу механизмдердин бири — түпкү ээлерин ачыктабаган өзгөчө макамдагы компанияларды пайдалануу. Мындан сырткары, резидент эместерге криптовалюталарды же башка санарип активдерди буга аралаштырууга эч нерсе бөгөт болбойт.

Белгилер:
инвестор, экономика, кооптуулук, карыз, Улуу Британия, Россия, АКШ, санкциялар
Тема боюнча
Путин Байденге анын дарегине айткан сөзү боюнча жооп берди
АКШ Атлантикадагы россиялык кемелерден чочуп... НАТОнун кезектеги кадамы
Россиянын Петр Великий атомдук крейсери. Архив

"Бул кемесиз иш жүрбөйт": Россиянын Түндүк флоту НАТОго кандай жооп кайтарат?

(жаңыланган 20:15 22.04.2021)
Эксперттердин баамында, РФтин Түндүк флотуна ушул тапта суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар өтө зарыл.

Куралышы адаттан тыш, купуялуулук, автономдуулугу жогору, бөтөнчө милдеттер... 2027-жылы Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Түндүк флоту кеминде эле суу түбүндөгү жаңы дизель-электрдик төрт кайык менен бекемделет. Алар "Лада" 677 долбооруна таандык.

Бүгүнкү күндө мындай кемелер айрыкча Арктикага зарыл. РФтин эң күчтүү аскердик-деңиз бирикмесинин курамы кандай өзгөрөрү тууралуу РИА Новости агенттигинин колумнисти Николай Протопопов толгогон.

Дизелдик серия

Төртүнчү муундагы 677 долбоорунун дизелдик-электрдик кайыктары 1990-жылдардын аягынан бери курулуп келет. Башкы кемеси — ушул тапта сынамык пайдалануудагы "Санкт-Петербург". Суу түбүндө жүрүүчү дагы эки, атап айтканда, "Кронштадт" жана "Великие Луки" кайыктарынын курулушу ар кыл баскычта. Булардан тышкары дагы эки кеменин курулушу келерки жылы башталат.

"Лада" — көбүнесе инновациялык долбоор. "Рубин" борбордук конструктордук бюросунун иштеп чыгуучу адистери россиялык кеме курууга анча мүнөздүү болбогон бир корпустуу схеманы колдонушкан.

Атайын каражат менен капталгандыктан, ошондой эле заманбап радиоэлектрондук системалар менен жабдылып, жогорку даражада автоматташтырылгандыктан "Ладалар" бул типтеги субмариналардын арасынан байкатпастыгы боюнча кескин түрдө айырмаланат. Булардан тышкары, келечекте "677чилерди" абадан көз каранды болбогон күч орнотмолору менен жабдышмакчы.

"Ладалар" — россиялык флоттун "курулушу узакка созулган" кайыктарынан. Кемелерди ишке берүүнүн мөөнөтү улам жылдырылып, каржылоо кыскарып, иш токтотулуп келген. Биргелешкен кеме куруу корпорациясынын жетекчиси Алексей Рахмановдун айтымында, мындайга себеп болгон көйгөйлөр тийиштүү каражаттар менен жабдуучуларга байланыштуу. Ал тургай ушундан улам Тынч океандык флот үчүн "Ладалардын" ордуна башка бир — 636.3 долбоорунун суу түбүндөгү алты кайыгын курууну чечишкен.

Башкы "Санкт-Петербург" кемесин моряктарга араң 2010-жылы беришкен. Негизи бул кеме сынамык стенд катары болуп, пайдаланууда улам толукталып, куроодогу мүчүлүштүктөрүн жоюуга бир далай убакыт кеткен.

"Ладалар" салыштырмалуу чакан субмариналар, сыйымдуулугу — 1800 тонна. Суу түбүндө 21 узелге дейре күүлөнөт, 250 метрге чейин сүңгүй алат. Экипажы — 35 киши, автономдуулугу — 45 сутка. Негизги кеме торпеда жана миналар менен гана жабдылган, сериядагы кийинкилеринде бортторуна "Калибр" канаттуу ракеталары жайгаштырылат.

Алмашкыс кайыктар

Эксперттердин баамында, РФтин Түндүк флотуна ушул тапта суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар өтө зарыл. Азырынча аталган өлкөнүн 877 долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү эски дизелдик-электрдик кайыгынан бир нечеси гана бар.

"Палтус", негизи эле суу түбүндөгү күчтөр көп буталуу жана стратегиялык атомдук субмариналар катары таанылган. Натыйжада аларды башкы функциясынан башка багытка буруп, тактикалык операцияларга катыштырууга туура келет. Россияда флоттун мурдагы командачысы адмирал Вячеслав Поповдун айтымында, мындай көрүнүш — 1990-жылдардагы каатчылыктын изи.

"Түндүк флотко суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар ар убак зарыл, — дейт ал. — Ар бир долбоордун өз аскердик багыты бар, башкалар анын ордун баары бир жүз пайызга толтура албайт. Азыркы дизелдик-электрдик суу түбүндөгү кайыктардын атомдук түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы — дээрлик дабышсыз, аларды табыш абдан татаал. Негизги милдети — душмандын кайыгы менен кармашуу". Адмирал ушундай субмариналардын жоктугун башка каражаттар, атап айтканда авиация, кемелер, атомдук ракета ташуучулар менен толукталарын түшүндүрөт.

"Түндүк флотко суу үстүндөгү жана суу түбүндөгү кемелердин бардык – дизелдик-электрдик кайыктардан атомдук түрлөрүнө дейре керек, — дейт Попов. — Флотко командачылык кылып турганымда суу түбүндө жүрүүчү дизелдик-электрдик үч кайыгыбыз бар эле. Акырындап алар мөөнөтү боюнча эсептен чыгарылган, бирок кайра жарытарлык эч нерсе жөнөтүлгөн эмес. Кара деңиз флотун суу түбүндөгү дизелдик кайыктар менен толуктоону чечишкен. Саясий себептерден улам ушундай болгону айкын".

Чектешкен чекит

Түндүк флоту кансыз согуш жылдары өзөктүк ооздуктоонун маанилүү элементи болгон. Түндүк деңизчилер эң заманбап стратегиялык атомоход жана суудагы сокку уруучу ракеталык кемелерге ээ болгон.

Бүгүн тарых кайталанып турат: Түндүк флотко өзүнчө аскердик округ макамын ыйгарышкан, ал эми 2014-жылы анын базасында Бириккен страгиялык командачылыкты түзүшкөн. Бул жакка эң акыркы курал жана техника келип турат. Ошентип, түндүк деңизчилер "Борей" долбоорунун суу түбүндөгү жаңы атомдук жана "Ясень" көп буталуу кайыктарын алгачкылардан болуп өздөштүрүштү.

"Адмирал Нахимов" атомдук ракеталык крейсери да толук заманбапташтырылууда. Ага удаа эле "Петр Великий" оор атомдук ракеталык крейсери да толук жакшыртылат. Мындан тышкары, түндүк деңизчилерге 22350 долбоорунун көп буталуу фрегаттарынан бир нече бирдик бөлүшкөн. Алар "Калибр" канаттуу ракеталары жана кемеге каршы коргонуучу "Оникс" ракеталары менен куралданган. Анан да сериянын башкы вымпели "Адмирал Горшковдо" "Циркон" гипер үндүү комплексин башкарууга машыгып жатышат.

Азыркы реалдуулукта Россияга Түндүктө кубаттуу форпост (алдыңкы пункт) өтө зарыл. Арктикага планетадагы алдыңкы державалар тыкыр көз салат. Мында пайдалуу кендин эбегейсиз кору жатат. Далай мамлекеттер аталган чөлкөмдө аскердик күчүн бекемдөөгө умтулат. Анын ичинде Арктикадагы башкы атаандаштары катары Россия менен Кытайды атаган Кошмо Штаттар да аталган аймакта активдешти.

Соңку жылдары америкалыктар Түндүккө курал толтуруп, Аляскада радиолокациялык станцияларды куруп, ал жакка ондогон сокку уруучу истребителдерди жеткирүүдө. Пентагон чөлкөмдө жаңы типтеги күч бөлүктөрүн – көп домендүү топторду уюштурууга ниеттенди. Норвегияда азыр АКШнын стратегиялык авиациясынын учактары бар, ал эми россиялык жээктерге жакын тоңдурулган аскердик-деңиз базаларды кайрадан пайдаланууну пландоодо.

Белгилер:
Авиация, сокку, кайык, ракета, курал, НАТО, Россия, кеме
Тема боюнча
Бура бастырбаган табылга. Россиянын жаңы стратегиялык ракета ташуучусу
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар