Байден учакка чыгып баратып чалынып жыгылды. Видео

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШ президенти Жо Байден учакка чыгып бара жатат
АКШ президенти Жо Байден учакка чыгып бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, АКШ президенти учакка жакшы эле ишенимдүү чыгып бараткан. Төрт-беш тепкичтен кийин бир эмес үч ирет чалынган.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган.
Ажонун видеосун президенттик пулдун журналисттери жана ЖМК соцтармактарга бөлүшкөн.
​Видеодон көрүнүп тургандай, Американын башчысы тепкич менен жакшы эле учакка чыгып бара жаткан. Бир маалда улам бир тепкичке чыккан сайын чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Ажо эч кимдин жардамы жок кайра туруп, тизесин күбүп, учактын салонуна кирип кеткен.
​Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин кабарлады. Маалымат кызматы билдиргендей, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындаткан. 
Байден жума күнү Жоржия штатында болгон. 
Жаңылыктар түрмөгү
0