Бишкек, 20-мар. — Sputnik. Instagram жана WhatsApp тармагындагы үзгүлтүккө учуроо техникалык мүчүлүштүктүн кесепетинен келип чыккандыгын жана ал азыр жолго коюлгандыгын "Известияга" Инстаграмдын Россиядагы маалымат кызматы билдирди.
Бишкек убактысы боюнча болжол менен 23:00дө дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар социалдык сервис жана мессенджерди колдонууда көйгөйгө тушуккан. Айрыкча, түрмөктү жаңыртып, билдирүү жөнөтүүдө кыйынчылыктар жаралган. Бирок мүчүлүштүктөр бир саатка жетпей калыбына келген.
"Техникалык көйгөйдүн кесепетинен адамдар Facebook тиркемелерине кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушту. Биз аны жөнгө салдык жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", — деди компаниянын өкүлү.
WhatsApp да көйгөйлөр жөнгө салынганын билдирди.
Thanks for your patience, that was a long 45 minutes but we are back! #WhatsAppDown
— WhatsApp (@WhatsApp) March 19, 2021
"Сиздердин сабырыңыздар үчүн рахмат, бул 45 мүнөткө созулду. Бирок биз кайтып келдик!" — деп жазды Twitter мессенджериКолдонуучулардын көпчүлүгү (76 пайызы) Instagram мүчүлүштүгүнө, 15 пайызы социалдык тармакка кире албай калганына, ал эми жети пайызы социалдык сервистеги кыйынчылыктарга кабылганын айтып даттанышкан.
WhatsApp колдонуучуларынын 71 пайызы кире албай кыйналышса, 26 пайызы билдирүү жөнөтө албай койгонун айтты. Бир пайызы гана каттоо эсебин карай алган эмес.
Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.
Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.
Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.
UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.
Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.
UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.
Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.
Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.
NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар бир катар азыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынын өрчүү тобокелчилигине алып келерин анализдеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, аталган азыктардын тизмесин жарыялады.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал деген азыктардын катарына шоколад, таттуу-тарапа, май, ак нан жана таттуу суусундуктар кирген.
Диетанын жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүм тобокелчилигине тийгизген таасирин аныктоо үчүн Оксфорд университетинин окумуштуулары Австралия, Кытайдагы кесиптештери менен атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү анализдеп чыгышкан.Ал үчүн Улуу Британиядагы 37 жаштан 73 жашка чейинки 116 806 кишинин анализдери каралган. Илимпоздор жүрөк-кан тамыр оорулары менен өлүмгө кептей турчу тамактануу стилин экиге бөлүшкөн. Биринчиси — шоколад, кондитер азыктары, май, ак нан болсо, экинчиси — таттуу алкоголсуз суусундук, шоколад, конфет, май жана сыр.
"Биринчи диетаны көп учурда 60 жашка чейинки чылым чегип, спорт менен машыкпаган, ашыкча салмак жана гипертония менен жабыркаган эркектер колдонот. Мындай адамдардын 60 жаштан ашкан, бирок ашыкча салмагы жок, туура тамактанган кишилердикине салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги жогору болот", — деп айтылат маалыматта.Экинчи тамактануу стили көбүнчө аялдарга таандык экени маалым болду. Алар чылым чекпей, дайыма кыймылда болсо дагы организминде холестерин, ашыкча салмак жана гипертония болору белгиленген.
Окумуштуулар Улуу Британияда майыптыкка жана өлүмгө жүрөк-кан тамыр оорулары себеп болорун белгилеп, бул оорулары туура эмес тамактануудан келип чыгарын далилдешкен.