Instagram өспүрүмдөрдү коргоо үчүн чектөөлөрдү киргизерин кабарлады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Жазылуу
Маалыматта социалдык тармактагы жаңы версия 13 жашка чейинки балдарга алгач ирет сервисти коопсуз колдонууга мүмкүнчүлүк түзөрү айтылган.
БИШКЕК, 20-март — Sputnik. Instagram дагы бир ири жаңылануу катары жакында социалдык желеде 13 жаштан ылдыйкы өспүрүмдөргө арналган версия чыгары тууралуу билдиргендигин жазды.
"Биз эки нерсеге көңүл буруу менен жаштардын жаңы өнүмүн түзөбүз. Алар купуялуулукту камсыз кылуу жагын тездетүү жана 13 жашка чейинки балдарга бул кызматты коопсуз колдонууга мүмкүнчүлүк берген версия чыгаруу", — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, бир нече күн мурун Instagram тармагында жашы жете элек колдонуучуларды чоңдордун кысымынан коргоо максатында атайын өзгөртүүлөр киргизилери белгилүү болгон.
Жашы жете элек колдонуучуларга жагымсыз профилдерди кулпулап коюуга жол көрсөтүүчү кеңештер берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0