БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Казып алынуучу энергетикалык ресурстар, анын ичинде нефть дагы Жерде 50 жылдан кийин түгөнөт. Бул тууралуу Paper басылмасы Кытай илимдер академиясынын мүчөсү Сюэ Цикуняга шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, акыркы 250 жыл ичинде дүйнөдө казып алынуучу энергия булактарын адам баласы көбүрөөк ала баштаганына байланыштуу үч ирет өнөр жай революциясы болгон. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканын өсүп келе жатышы мындай божомол кылууга себеп болууда.Андыктан окумуштуу эмитен энергиянын альтернативдүү булактарын колдоно баштоону сунуштайт. Мисалы, Күндүн энергиясын айтпаганда деле көмүр жана жаратылыш газын суутек менен алмаштыруу керектигин айтат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия илимдер академиясынын жана Роскосмостун космосту изилдөө институту асмандын интерактивдүү рентгендик картасын түздү. Бул тууралуу мамлекеттик корпорациядан билдиришти.
Билдирүүдө панорамалык картадан 360 градустук көрүнүш менен квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, рентгендик пульсарларды, Күндөн миң эсе жарык болгон таажылуу жылдыздарды көрүүгө боло тургандыгы айтылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Карта "Спектр-РГ" россиялык-германиялык орбиталык обсерваториясында жайгаштырылган телескоптун жардамы менен түзүлгөн. Ал жакында объектилерди белгилөө функциясы менен толукталмакчы.
Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.
Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралышкан. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элинде, жеринде батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.
Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган материалдан окуй аласыздар.