Трамп Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылганы боюнча үн катты

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп азыркы ажо Жо Байдендин учакка чыгып бара жатып жыгылган окуясы боюнча үн катты. Анын сүйлөгөн сөзү TikTok тармагына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Жо Байден трапта кетип баратып "Мен ага утулган жокмун" деп сүйлөнүп баратканын карап турдум", — деди Трамп.
Эске салсак, буга чейин Жо Байден учакка чыгып бара жатып бир нече ирет чалынып, андан кийин тизелеп отуруп калган. Анын бул видеосу соцтармактарга тараган.
Ак үй Байдендин абалы 100 пайыз жакшы экенин айтып, АКШ президентинин учакка чыгуусун катуу шамал кыйындатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0