"Сынап көрүштү": Россия түндүк аймагын өзгөчө курал менен коргойт

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүУчения Печенгской бригады Северного флота на арктических вездеходах "Алеут"
Учения Печенгской бригады Северного флота на арктических вездеходах Алеут - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
РФ өзү жүрүүчү "Магнолия" артиллериялык аппараты менен куралданууга камданууда. Таамай тийиши, кадимки аскердик техника эптей албаган жерде да иштөөсү анын негизги артыкчылыгы.
Бул замбиректер катаал климаттык шарттарда милдетин аткарган арктикалык аскердик бөлүктөргө берилет. Жапжаңы артиллериялык түзүлүш жана Заполярьедеги базалардын өзгөчө жабдылышы жөнүндө Николай Протопопов ой учугун чубаган.

Өзгөчө талаптар

Ыраакы Түндүктөгү райондордо жайгашкан бөлүктөр үчүн иштеп чыгарыла турган өзү жүрүүчү аппарат туурасында 2017-жылы эле белгилүү болгон. Ошол убакта Коргоо министрлигиндегилер 120 миллиметрлик "Магнолияны" зооттолгон эки звенолуу гусеницалык транспортердун шассисине коюшат.
Сынамык үлгүлөр алдын ала сыноолордон өтүүдө. Булар аппарат бир кылка эмес жерлерде, анын ичинде саздак жана кар баскан аймактарда да майнаптуу аракет эте аларын көрсөткөн.
Ал эми кыймылдаткычы өтө суукта үзгүлтүксүз иштейт. Долбоорду "Набросок" тажрыйба-конструктордук иштин алкагында "Буревестник" борбордук илим-изилдөө институтунун адистери иштеп чыккан.
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
Бул аппараттан сырткары, атайын Түндүктөгү согуштук аракеттер үчүн ар кыл шассидеги жогорку мобилдик артиллериялык-минометтук куралдын бүтүндөй тобун чыгаруу болжонууда.
"Магнолиянын" техникалык мүнөздөмөлөрүнүн бир бөлүгү "Армия-2019" форумунда ачыкталган. 27 тонналык ДТ-10ПМ "Витязь" зооттолгон гусеницалык жолтандабас 800-күчтүү дизель менен он тоннага дейре жүк көтөрөт. Ылдамдыгы — саатына 45 чакырым, суу бөгөттөрүнөн саатына алты чакырымга чейин өтө алат. Кошумча май куйбастан 700 чакырым чакты аралыкка дейре жүрөт.
Экипаж төрт кишиден турат, ок-дары бөлүгү секциянын арткы бөлүгүндө жайгашкан. Аралаш функциялуу курал гаубица менен минометтун функцияларын айкалыштырат. Ок-дарынын кеңири номенклатурасы бар. Ошондой эле "Нона" артиллериялык түзүлүшүнүн дүрмөттөрү менен атат.
Ошондой эле жеңил зооттолгон техника жана инженердик курулуштарды жок кылууга багытталган тескелүүчү "Китолов-2ни" да пайдаланууга болот. Ок-дары топтому — 80 дүрмөт. Курал майдаланма-фугастык ок-дарысы менен сегиз чакырымдан ашуун, ал эми тескелүүчү бирдиктери он чакырымга чейинки аралыктагы буталарын да соо койбойт. Мүнөтүнө он жолу ок атат.

Арктиканын "Панцири"

"Магнолия" душмандын абадан коргонуу жана радиоэлектрондук күрөш объектилерин, ракеталык түзүлүш, зооттолгон техника, фортикациялык курал, десанттык каражат жана аскердик күчүн жок кылууга багытталган. Ошентсе да келечегинен көптү үмүттөндүргөн артиллериялык аппарат Арктиканын катаал климаттык шарттарына ылайыкташкан аскердик техниканын жалгыз үлгүсү эмес. Мисалы, абадан коргонуу бөлүктөр үчүн "Панцирь" зениттик-ракеталык комплексинин арктикалык версиясы иштелип чыккан.
Доставка бронетехники и личного состава российских миротворцев в Армению самолетами Ан-124 Руслан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2021
"Руслан" Ан-124. Россия эмне себептен авиагигантын кайра чыгарууга ниеттенди?
Бул зениттик-ракеталык комплекс артыкчылыгын бир нече согуштук жаңжалда тастыктаган, бирок Ыраакы Түндүк үчүн конструкциясына бир катар олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизүү зарыл болгон. "Панцирь-СА" ок-дары бөлүгүн зооттолгон "Витязга" жайгаштырышкан, бирок зениттик автоматтан баш тартышкан. Себеби өтө суукта анын ок атуусунун майнаптуулугу абдан төмөндөйт.
Замбирек ордуна 20 чакырымга чейинки радиустагы ракета кое берүүчү орнотмолор кошулган. Абадан коргонуу каражаттарынын бири —"Тор-М2ДТ" ЗРК былтыр жайда РФтин Куралдуу күчтөрүнө пайдаланууга берилген.
Бул техника минус 50 градустан төмөн температурада да иштеп, катаал рельефтүү жерлерде да ылдам жүрүп, суу бөгөттөрүн да тоготпойт. Комплекс зооттолгон эки звенолуу жолтандабаска жайгаштырылган. Башкы звеносунда — экипаждын тиричилигине ылайыкталган модуль, ал эми ракета кое берүүчү орнотмосу артына, экинчи модулга орнотулган.
Тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү кадимки "Тор" аппаратыныкындай эле. Аба буталарынын бардык түрлөрүн, атап айтканда, учак, тик учак, канаттуу ракеталар, тескелүүчү куралдар, ыраактыкта 16га чейинки жана бийиктикте 12 чакырымга дейре учуучу чакан көлөмдөгү учкучсуздарды кыйрата алат. Ок-дарысы — аралыгы 2,5 секундда баштай турган 16 зениттик ракетага чейин. "Тордун" иштөө принциби "бир ракета – бир бута" принциби боюнча иштейт, бул анын таамайлыгын тастыктайт.
Жердеги согуштук аракеттерде арктикалык бөлүктөрдү заманбапташтырылган Т-80БВМ танкы, ошондой эле МТ-ЛБ сооттолгон транспортерлорго жайгаштырылган гаубицалар менен жабдышат. Арктикалык топтун аскер кызматкерлери атайын даярдалган техника менен да жүрүшөт. Мисалы, Ми-8АМТШ-ВА тик учагы. Бул аппараттын өзгөчөлүктөрүнүн бири — чакан тутум жана трансмиссиянын агрегаттарын жылытуу менен кыймылдаткычтары минус 60 градуста да эч көйгөйсүз иштейт. Жүк салынчу кабинасы да жылытылат. Арктикалык Ми-8 кошумча май куюучу бактары менен 1400 чакырымдан ашуун аралыкка учуп, абада жети сааттан ашуун жүрө алат.
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
Жерде аскер кызматкерлери айтылуу "мотолыгаларды", бирок өзгөчө гусеницалуу бирдиктерди пайдаланышат. Алардын топуракка басымы жөө кишиге караганда чарчы сантиметрине болгону 0,28 килограммды түзөт. Ири дөңгөлөктүү, бирок басымы кескин төмөн кар жана сазда жүрүүчү машиналар да бар. Алар менен аскерлер жерди чалгындап, багытты салып, муз жагдайын баалап, аскердик техниканын колоннасын коштошот. Мындан тышкары, жоокер жана офицерлер кабиналары жылытылган, өтө төмөн аба температурасына ылайыкташкан.
Айрым бөлүктөрдө байыркы транспортту – эң мыкты даярдалган жолтандабас да такалып калчу жерлерден өтүүгө жөндөмдүү ит жана бугу чиркөөчү чаналар пайдаланылат. Албетте, арктикалык бөлүктөр атайын кийимдер менен камсыз кылынат. Стандарттык кийим комплекти 20 чакты элементтен турат. Экипировка кат-кат кездемеден тигилип абдан жылуу, жеңил жана жоокердин кыймылын чектебейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0