"Спутник V" вакцинасын иштеп чыккандар Макрондун согуш тууралуу сөзүнө жооп берди

© REUTERS / BENOIT TESSIERФранциянын президенти Эммануэль Макрон
Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Билдирүүнүн авторлору Францияга аталган препаратты өзүндө өндүрүүчү мамлекеттердин катарына кошулууга чакырышкан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Спутник V" препаратын иштеп чыккандар Франция президенти Эммануэль Макрондун вакцина деңгээлиндеги дүйнөлүк согуш тууралуу айткандарына жооп беришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Франция лидеринин айтымында, Россия менен Кытай коронавируска каршы препараттарды таасирин күчөтүү үчүн пайдаланып жатышат. Макрон Европа мамлекеттерди вакцина өндүрүүдө өз алдынчалуу болууга чакырды.
"Урматтуу Эммануэль Макрон, биз вакциналардын саясаттан тыш болуусуна аракет кылып жатабыз. Бул биздин дүйнө жүзүндө согуш эмес тынчтык өкүм сүрөт деген чоң үмүтүбүз", — деп жазылат вакцинанын Twitter-аккаунтунда.
Билдирүүнүн авторлору Францияга аталган препаратты өзүндө өндүрүүчү мамлекеттердин катарына кошулууга чакырышкан.
"Вакциналардын түрүн өндүрүү — бул вакциналык көз карандысыздыкка карай жол. Биз биригип күчтүү болобуз!" — деп айтылат постто.
Россия коронавируска каршы КовиВак вакцинасын өндүрө баштады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Россия коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасын өндүрө баштады. Видео
Буга чейин россиялык вакцинаны өндүрүүгө Италия кызыкдарлыгын жар салган.
Владимир Путин Москва эч кимге эч нерсе таңуулабай турганын белгилеп, бирок Европа бийлиги жарандардын укугун коргойбу же фармкомпаниялардын кызыкчылыгын көздөйбү деген маселе жаралып жатканын айткан.
Россияда коронавируска каршы Гамалея борбору өндүргөн "Спутник V", Новосибирскте "Вектор" жасаган "ЭпиВакКорона" жана Чумаков атындагы борбордон чыккан "КовиВак" препараттарын каттады.
Жаңылыктар түрмөгү
0