"Чогуу жооп беребиз". НАТО Россиядан сырткары кимден кооптонот?

© REUTERS / Olivier Hoslet / PoolГосударственный секретарь США Энтони Блинкен
Государственный секретарь США Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
Түндүк атлантикалык альянс өзү үчүн кооптуулуктарды аныктап чыкты. Күтүлгөндөй эле Россия менен Кытайды ушул "тизмеге" кошушту. НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери эми бул эки державаны ооздуктоого бардык күчүн жумшамакчы.
"НАТО-2030" жаңы стратегиясында эл аралык терроризм эбак негизги кооптуулук эмес. Жакынкы жылдары батыштык аскердик-саясий блок эмне менен алектенерин Галия Ибрагимова талдап көргөн.

Кечиккен конок

Энтони Блинкендин НАТО өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Европага болгон алгачкы сапары "брюсселдик (Брюсселдеги) таанышуу" деп бааланууда. Буга дейре пандемиядан улам АКШ мамлекеттик катчысы менен алар онлайн баарлашкан. Бирок европалык аткаминерлердин пикиринде, бетме-бет кезигүү — өнөктөштүк мамилелердин бышыктыгын текшерүү. Блинкен "жамааттык Батыштын" баш калаасына барууга каршы болгон эмес. Ал кышында эле пландап, бирок улам жылдырылып келген.
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
Мамлекеттик катчылык кызматына киришери менен ал дароо Япония жана Түштүк Кореяга барган. Европалык союздаштары Байдендин тушунда азиялык багыт АКШнын тышкы саясатынын артыкчылыгы бойдон каларын түшүнүшкөн. Ошентсе да америкалык аткаминерди мурдараак күтүшкөн эле. Анан калса жаңы администрация Ак үйгө көчүп кирер замат трансатлантикалык байланышты калыптандырууга багыт аларын жарыялаган. ЕБ менен байланыштын бузулгандыгына дайым Дональд Трампты айыптап келишкен.
Брюсселде америкалык аткаминер НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен баарлашып, союздаштары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Күн тартибиндеги негизги маселе — 2030-жылга чейинки Түндүк атлантикалык альянстын стратегиясы. Аны 2020-жылдын аягында иштеп чыгып, февралдын башында НАТО өлкөлөрүнүн коргоо жаатындагы мекемелери ага түзөтүү киргизишкен.
Азыр тышкы иштер министрликтеринин кезеги. Эгер алар документти жактырышса, альянстын ар жылкы саммитинде аны бекитип, ишке ашыра башташат. Саммит өтө турган күн азырынча тактала элек, бирок жаздын соңуна дейре кезигүүнү боолголошот.

НАТОнун алдыдагы он жылы

Жаңы стратегияны бекиткенче мурдагысына таянышат. Ал 2010-жылы Лиссабондо кабыл алынган, бирок көпчүлүктүн баамында ал "эч үмүтсүз эскирип бүткөн". Азыркы документте Москва альянстын стратегиялык өнөктөшү деп аталганын союздаштардын кыртышы сүйбөйт. Анан да алардын пикиринде, стратегияда 2014-жылдан кийинки геосаясий реалдуулуктар чагылдырылган эмес. Наточулардын изги түшүнүгүндө бул – "Крымдын Россиянын карамагына мыйзамсыз өтүшү".
Кремльдын жанындагы Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?
Ал эми "НАТО-2030" стратегиясында Россия негизги аскердик коркунучтарга кошулат.
Союздаштар Кара деңизде орун алууну кеңейтүүгө ниеткер. Мындай кадам алардын "Крымда россиялык аскердик контингенттин кеңейтилишине" жообу болмокчу.
Брюсселде альянстын ТИМ башчыларынын жолугушуусунда акыркы жылдары чыгыш тараптан коркунучтун алдын алууга коргонуу дарамети көбөйгөнүн билдиришти.
"Россияны ооздуктоо үчүн НАТО жамааттык коргонууну масштабдуу түрдө күчөттү. Биз Москванын аракеттерине биргеликте жооп кайтарарыбызды так билүүгө тийишпиз", — деп билдирди Столтенберг бул иш-чарада. Ошону менен бирге эле альянс Россия менен диалогго ачык, бирок бул "катуу ооздуктоо жана бекем коргонуу" менен шайкеш жүрөрүн кошумчалады.
НАТО өлкөлөрүнүн тышкы саясий багыттын башчылары НАТОнун Лиссабондук стратегияда Пекиндин өрчүп бара жаткан аскердик потенциалы тууралуу дээрлик эч нерсе айтылбаганын, "кытай фактору" трансатлантикалык шериктештикке түз кооптуулук экени учурдун реалдуулугу экенин баса белгилешти. Жаңы стратегияда КЭР коопсуздукка негизги коркунуч катары Россия менен бир сапка киргизилген.
Блинкен Кытайдын күчтөнүп бараткан Кытай Европага караганда көбүрөөк АКШны түйшөлтөрүн айтат. "Вашингтон КЭРге карата союздаштарын "биз же алар" деген тандоого мажбурлабайт. Өлкөлөр өз ара кызыкчылыктар бар тармактарда Пекин менен иштеше беришет", — деп билдирди Брюсселде Блинкен.
Лиссабон стратегиясында биринчи даражадагы кооптуулук катары каралган эл аралык терроризм жаңы документте россиялык жана кытайлык коркунучтардан кийин жазылган.

Бүткөн иш

"НАТО-2030" стратегияда Кара деңиз көйгөйү россиялык кооптуулуктардан улам гана белгиленген эмес. Кара деңиз чөлкөмүндөгү башкы союздашы – Түркия менен байланышты калыптандыруу альянстын көңүл чордонунда.
Афганистандагы АКШнын деңиз аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Брюсселге келгени мамлекеттик катчы биринчилерден болуп түркиялык кесиптеши менен кезикти. Талкуу абдан кылдат темалардан башталды. Анкаранын россиялык С-400 абадан коргонуу тутумун сатып алышы АКШнын жана Европадагы союздаштарынын нааразычылыгын жараткан. Блинкен Мевлүт Чавушолу менен баарлашуусун дал ушундан баштады.
"Мамлекеттик катчы Түркияны россиялык С-400 зениттик-ракеталык системасын өз аймагында калтырбоого чакырды", — дейт жолугушуунун жыйынтыгы боюнча америкалык тийиштүү мекеменин басма сөз катчысы Нед Прайс.
Ошол эле убакта Чавушолу да үн катпай койбоду. Ал Анкара россиялык комплексти абдан зарылып турган маалда сатып алганын эске салган. Учурда түрк бийлиги бул маселени кайра кароого ниеттенбейт.
"Россия менен биздин татаал темаларыбыз бар, биз макулдашып, келип чыккан карама-каршылыктарды чечип келебиз. Бирок С-400 келишими — бул бүткөн иш", — деп жыйынтыктайт Чавушолу.

Санкциялык "достук"

НАТО өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары "Түндүк агым — 2" долбоорунун курулушун талкуулоодон да кыйгап өтүшпөдү. Блинкен америкалыктар долбоордун аягына чыгарылышына кызыкдар эместигин айтып, анын катышуучуларын жаңы санкциялар менен опузалады.
Стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү Спрут-СД. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
"Мындай нерсе жок эле": РФ кандай танк чыгарууга белсенди?
"Биз газ түтүгүн аягына чыгаруу же аны сертификациялоо боюнча кандай гана ишмердик болбосун тыкыр көз салабыз. Эгер буга жол берилсе, чектөө чараларын көрүүдө чечкиндүүлүктү көрсөтөбүз", — деп эскертти Блинкен. Бирок европалык союздаштары анын айтканына макул эмес. Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас немец бийлиги жана бизнес чөйрөсү курулуштун аягына чыгарылышына үмүттөнөрүн билдирди. Жолугушууда Трамптын тушундагы эле мамилеге бүлүк салган көйгөй, атап айтканда НАТОнун жамааттык коргонууга чыгымдары да талкуудан тыш калбады.
АКШ мамкатчысы азыркы америкалык администрация союздаштарынан жалпы ишке салымдын көбөйтүлүшүн күтөрүн танган жок. Столтенберг ЕБ өлкөлөрү бюджеттин тийиштүү беренелерин акырындап жогорулатып жатканына ишендирип өттү. Бирок талкуулап отурбай, бири-биринин сөзүнө ынанууну эп көрүштү.
Блинкен Афганистан маселесин да унутта калтырбады. Трамптын администрациясынын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтыкты жөнгө салуу планын афгандык тирешкен тараптар көз жаздымда калтырып жатканын эске салды. Бирок альянстын мүчөлөрү азырынча бул нуктагы жаңы планды сунушташкан жок. Дискуссияны НАТОнун мамлекет башчыларынын саммитинде улантууну макулдашышкан.

"Байден менен тил табышуу"

"НАТОнун мүчөлөрү АКШнын жаңы администрациясы биригүүгө таасир этип, Трамптын убагында келип чыккан көйгөйлөр жоюларына үмүттөнүшөт. Анткен менен Американын жаңы лидери мурдагы кесиптешинен калган "мурастан" толугу менен баш тартары арсар. Альянстын мүчөлөрүнүн баары блоктун коргонуу казынасына ИДПсынан эки пайыз салышын талап кылары шексиз. Блинкен муну кыйытты", — деп баа берди Брюсселдеги жыйынга Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов. Саясатчы Россия менен НАТОнун диалогун жанданышына ынана бербейт. Тескерисинче ырбай берерин болжойт ал. Ошону менен бирге эле ал: "Москванын эл аралык маселелердин кеңири чөйрөсүнө тартылганын эске алсак, альянс жок дегенде аскердик деңгээлде диалогду көз жаздымда калтыра албайт" – деп тактайт. Кортунов блок кара деңиздик күн тартибин Украинага карап ишке ашырарын боолголойт.
Германиядагы коронавирустук чектөөлөргө каршы акция - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
"Крымдагы жаңы объектилердин курулушун Киев трансатлантикалык коопсуздукка коркунуч катары көрсөтүүдө. Украина бийлиги Крымда россиялык аскердик тутумдардын жайгашышы чоң көңүл бурууну талап кылат деген оюнан кайтпайт", — дейт эксперт.
Крым көйгөйү — маанилүү, бирок Кара деңизде НАТОну күчтөндүрүү аралардын жалгыз көздөгөн эмес экенин белгилейт Анкарадагы Саясий изилдөөлөр борборунун эксперти Орхан Гафарлы.
"Кара деңизде бекем орун алуу үчүн альянс Түркияны кайтаруусу зарыл. Ушул тапта НАТО жана Анкара бир топ маселелерде бир пикирде эмес. Анткен менен эки тарап тең кызматташуу абзел экенин жакшы түшүнүшөт".
Гафарлы НАТО Түркия жана ЕБ өлкөлөрүнө өз ара пикир келишпестиктерди жайгарууга мүмкүндүк берет, ошол эле убакта Анкарага Греция, Кипр же Франциянын аракеттеринде Түркияга каршы нук байкалса, аларды бөгөттөөгө көмөктөшөрүн болжойт.
Эксперттер бир ооздон ушул тапта наточулар үчүн негизги нерсе Байден менен тил табышуу экенин айтышат. Мамлекет башчыларынын катышуусундагы жыл сайын өтүүчү саммити алгачкы сыноо болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0