F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар

© AFP / CHRISTINE GROENINGСамолет F-35 Lightning II
Самолет F-35 Lightning II - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2021
Жазылуу
АКШнын Деңиз пехота корпусунун F-35B истребитель-бомбалоочу учагы Аризона штатындагы "Юма Рэйнж" полигонунун үстүндө өзүнөн атылган октон кыйрады.
Истребитель авиациялык замбиректин стволунан учуп чыккан соң дароо майдаланма-фугастык ок-дарысы жарылган. Учактын фюзеляжы бир топ жабыркаган. Учкуч жабыр тарткан эмес, бирок F-35Bни авиабазага араң дегенде кайтарган.
Бул окуя алдын ала маалыматтар боюнча, 2,5 миллион доллардан ашуун чыгым келтирген. Өтө кызык, дээрлик таң калычтуу да. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул окуянын чоо-жайына кызыгып көргөн. Деңиз пехотасы үчүн F-35B конфигурациясы корпустун астыңкы бөлүгүнө коюлчу 25 миллиметрлик калибрдеги GAU-22/A Gatling (GPU-9/A) авиациялык замбирек менен жабдылат.
"Юма Рэйнж" полигонунда жарым сооттолгон майдаланма-фугастык PGU-32/B SAPHEI-T артынан жарык из калтыруучу курал пайдаланылган. Адатта алардын жардыргычы бутасына тийгенде бир аз кечигүү менен иштейт.
ТОС-1а Солнцепек ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
"Мында Россияга тең келчү жок": АКШ армиясынын талуу жерин ачыктады
Деңиз пехотасы корпусунун расмий өкүлү капитан Эндрю Вуд иликтөө жүрүп жатканын, ал эми мындай көрүнүшкө себептердин бири истребителдин арсеналына капыстан кирип калган сапатсыз ок-дары болушу мүмкүн экенин маалымдады. Кандай болгон күндө да бул окуя F-35тин жалпы мүчүлүштүктөрүн жана технологиялык жактан чийкилигин тастыктайт.
Lockheed Martin тарабынан иштелип чыккан анча байкалбас деп саналган "бешинчи муундагы" F-35 Lightning II көп функциялуу истребитель-бомбалоочу болжолдуу (жогорку технологиялык) душмандын радарларынан даана көрүнүп калууда.
Абадагы кармашта 4+ муундагы ыкчам жана манёврдуу истребителдерден жеңилип, согуштук кырдаалда жердеги буталарын таамай кыйрата аларын эч далилдей албай келет.
F-35 конструкциясынын түпкүлүгүндөгү кемчиликтер ушунчалык олуттуу жана оңдогус экенин мындан билиңиз, Пентагон аталган учагын учурган 2000-жылдын октябрынан тарта F-35А (Аскердик-аба күчтөрү үчүн), F-35В (Деңиз пехотасы корпусуна), F-35С (Аскердик деңиз флоту үчүн) модификацияларын сериялык өндүрүшүн баштай элек.
АКШнын европалык союздаштары кымбат жана пайдасыз истребителди сатып алуудан баш тартууга ыңгайлуу шылтоо табууга тырышканы тегин жерден эмес. Маселен, Улуу Британия бул айда "экономикалык каатчылыктан улам" F-35Вге буюртмаларын 65 пайызга кыскартты.

"Баш айланып" кырсыктап...

Европалык мамлекеттерден айырмаланып Япония Нагоядагы Mitsubishi Heavy Industrie заводунда F-35A истребителдерин куроону улантып келет. Бул Кошмо Штаттардан даяр машиналарды сатып алууга караганда бир аз арзан түшөт. Бир "япониялык" F-35 86,3 млн. долларга айланса, чыныгы америкалык истребителдин наркы 86,76 млн. доллар турат. Жалпы нарккы 13 млрд. долларды түзгөн жалпы 147 учакка буюртма түшкөн. Анткен менен АКШ Японияга F-35тин айрым сезимтал технологияларына жол ачкан эмес. Андыктан япониялык аба күчтөрү кээде америкалык "көзгө көрүнбөстүн" беделин төмөндөтпөө үчүн кээде өз учкучтарынын аброюн курмандыкка чалууга аргасыз.
2019-жылдын жазында Мисава авиабазасына жакын жердеги машыгуу учушунда төрт япониялык F-35Aнын бири саатына 1000 чакырымдан ашуун ылдамдыкта Тынч океанга кулаган. Дасыккан учкуч, майор Акинори Хосоми эмнегедир коно албай же кырсык тууралуу сигнал бере албай калган. Истребитель көздөн кайым болгон.
Аляскадагы АКШнын Clear Air Force Station радиолокациялык станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети
Кийинчерээк кырсык болгон жерде учактын сыныктары, учкучтун сөөгүнүн жарымы табылган. F-35A Lightning II ушунчалык катуу талкалангандыктан кырсыктын себептерин аныктоо өтө кыйын болгон. Андан да Япониянын Аскердик-аба күчтөрүнүн расмий билдирүүсү кызык эле, алар учактын кулашына учкучтун башы айланганы себеп болгон деп белгилешкен.
Дүйнөнүн кандай гана армиясы болбосун учкуч-истребителдин башы айланышы – болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Буга ишенели десек, улам бир өлкөдө F-35тин бортундагы суперкомпьютердин көйгөйү тууралуу кабар тарайт.
Былтыр май айында АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн 58-истребителдик эскадрильясынын курамындагы F-35A истребитель-бомбалоочусу Флоридадагы Эглин базасынын жанындагы машыгуу учушунда талкаланган. Учкуч аман калган, истребителди башкара албай калганын кабарлаган.
Машакаты арбын машина. F-35 кабинасы жана айдоо жабдыктары учкуч үчүн "ашкере жогорку технологиялык" деген пикирлер да жок эмес. Учкучтун туулгасынын наркы эле канча дейсиз? 400 миң доллар экени айтылат.
Lockheed Martin басымына карабастан, Пентагон 2021-жылдын январында учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнүн айынан кайрадан F-35тин массалык сериялык өндүрүшүн белгисиз мөөнөткө жылдырды.
АКШнын Аскердик-аба күчтөрү 2017-жылдан тарта буга караманча каршы чыгып келгени түшүнүктүү. Учак тынч маалда да пайдалануу кооптуу.
"Көзгө көрүнбөстүн" виртуалдык артыкчылыгы катаал реалдуулук менен бет келишүүнү көтөрө албайт. Чоң ылдамдыкта F-35 иштен чыга баштайт, паспортуна ылайык эми бул кыска мөөнөттүү үндөн ыкчам учак болуп саналат.

"Өнөкөткө" айланды

АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнүн ар бир учагынын наркы 80 миллион долларга чейин азайтылган, ошентсе да Пентагондогулар F-35ти "ынанымдуулугу шек туудурган, техникалык тейлөөсү жана пайдалануу чыгымдарынын кымбаттыгынан" улам кескин сынга алып келет.
Истребитель-бомбалоочу 2014-жылы даяр деп табылып, АКШнын Аскердик-аба күчтөрүнө кабыл алынганы менен 2025-жылга чейин деле согушка даяр болушу арсар. Мүмкүн ал маалда Россия менен Кытай алтынчы муундагы истребителдерди курууга киришип калар. Эске салсак, бул америкалык "көзгө көрүнбөс" F-35 дал РФ жана КЭРдин эбегейсиз аймактары жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө карап иштелип чыккан.
Россиялык Буревестник канаттуу ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
Кошмо штаттарда былтыр күздө F-35 Россияга каршы НАТОнун негизги куралы деп аташкан. Пентагондун маалыматында F135тин кыймылдаткычынын мүчүлүштүктөрүнөн улам америкалык F-35 паркынын үчтөн экиге чукулу уча албайт. Тагыраак, "чагылгандардын" 36 пайызы гана өз милдетин аткара алат.
Дүйнөдөгү эң кымбат – жалпы наркы 1,7 триллион доллардан ашуун турган F-35 Joint Strike Fighter курал программасынын концептуалдык, системалык, технологиялык жана логистикалык жагдайы каржылоонун жетишсиздигинен улам начар. Атап айтканда, 10 миллиард доллар жетпегени айтылат. F-35тин толук кандуу учак боло албасы 2008-жылы RAND аналитиктери Жон Стиллион жана Гарольд Пердуе тарабынан аткарылган компьютердик "Тайвань кысыгындагы согушта" эле түшүнүктүү болгон. Ошондо "бешинчи муундагы чагылгандар" кытайлык төртүнчү муундагы истребителдерге утулган. Ошентип, талдоочулар жаңы истребитель-бомбалоочу учагы болжолдуу душмандын заманбап учактарына туруштук бере албай турганын далилдешкен. Анткен менен алардын талдоосу да глобалдык, триллиондук жана патологиялык долбоордун ишке ашырууну токтото алган эмес.
F-35 Lightning IIнин жай убактагы эле кабылган кырсыктары, жогорку технологиялык душман менен кармашта жеңилиши америкалыктардын физиканын мыйзамдарына карабастан үч багыттагы функцияны бир учакка топтоо тилегин таш каптырууда. Ага болбой эле союздаш өлкөлөргө "көзгө көрүнбөстөрдү" жайылтуу жок дегенде каржылык чыгымдарын жабат.
Жаңылыктар түрмөгү
0