БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Онколог Михаил Мяснянкин балдардагы ак кан оорусунун биринчи белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медиктин айтымында, дарт өрчүп жатканда бала арыктап, бат чарчап, ыйлаак болуп, кубарып баштайт. Ошондой эле тамакка табити тартпай, айланада эмне болуп жатканына көңүл деле бурбай калат.Дарыгер рактын бул түрү балдарда биринчи кезекте генетикалык факторлордон улам пайда болорун белгилеген. Башкача айтканда, тукум кууйт. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнүн терс таасири да ооруну шартташы мүмкүн.
"Кош бойлуу мезгилде эненин чылым чегип, спирт ичимдигин ичүүсү да түйүлдүккө таасир этип, балада кандын рагын пайда кылышы ыктымал. Эненин кош бойлуу мезгилде жыныс органдарынын сезгениши да кооптуу", — деди Мяснянкин.
Мындан улам медик ата-энелерге балдардын абалына жана өзүн алып жүрүүсүнө жакшылап көңүл бурууну сунуштаган. Ошондой эле балдар дарыгерине барып туруу керектигин эскерткен.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия илимдер академиясынын жана Роскосмостун космосту изилдөө институту асмандын интерактивдүү рентгендик картасын түздү. Бул тууралуу мамлекеттик корпорациядан билдиришти.
Билдирүүдө панорамалык картадан 360 градустук көрүнүш менен квазарларды, активдүү галактикалардын өзөгүн, рентгендик пульсарларды, Күндөн миң эсе жарык болгон таажылуу жылдыздарды көрүүгө боло тургандыгы айтылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Карта "Спектр-РГ" россиялык-германиялык орбиталык обсерваториясында жайгаштырылган телескоптун жардамы менен түзүлгөн. Ал жакында объектилерди белгилөө функциясы менен толукталмакчы.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.
"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу. Ошон үчүн ал каза болуп калды", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.