Күнүнө 10 млрд. доллар чыгым. Суэц каналында "туруп" калган кеме жылдырылды

© REUTERS / HANDOUTСуэц каналында туруп калган контейнер ташуучу Ever Given кемеси
Суэц каналында туруп калган контейнер ташуучу Ever Given кемеси  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Суэц каналында турган контейнер ташуучу Ever Given кемеси башка кемелердин жолун тороп, Азиядан Европага бара жаткан товарлар кармалып турган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Дээрлик бир апта мурда дүйнөдөгү эң ири суу каналдарынын биринде тайыз жерге токтоп калып, ошондон бери жыла албай жаткан контейнер ташуучу Ever Given кемеси ордунан жылдырылды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анткен менен сөз болуп жаткан Суэц каналында кыймыл качан жанданары азырынча белгисиз.
Момент обрушения трибуны с 1 500 зрителями попал на видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Индияда 1 500 көрүүчү отурган трибуна кулап калды. Видео
Эске салсак, Evergreen компаниясына тиешелүү Ever Given контейнер ташуучу кемеси Кытайдан Нидерландга Суэц каналы аркылуу бара жатып, 24-мартка караган түнү суунун тайыз жерине такалып калган. Мындан улам ал жолду тороп, башка кемелер өтө албай, ири тыгын жаралган. ЖМКларда бул аралыкта 300дөй кеме ары-бери өтө албай, жакын жерлерде кезек күтүп турганы айтылган. Ал эми адистер буюм-тайымдардан ташкары суюлтулган газ ташууга ылайыкталган каналдын жабылып калышы дүйнөлүк экономикага күн сайын 10 миллиард доллардан чыгым келтирип жатканын айтышкан.
Ever Given контейнер ташуучу кемесинин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт. Ал негизинен Азиядан Европага жүк ташуу үчүн колдонулат.
Суэц каналы — Жер ортолук деңиз менен Кызыл деңизди бириктирип турган, Египеттин аймагы менен өткөн суу каналы. Узундугу — 160 чакырым, туурасы 350 метрдин тегереги. Ал аркылуу Азиядан Европа өлкөлөрүнө товар ташышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0