Германиянын канцлери Ангела Меркел (солдо), Франциянын президенти Эммануэль Макрон (ортодо) жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Донбасста согуш жанданабы? Путин Меркель жана Макрон менен эмнени сүйлөштү

Кечээ кечинде Россия, Германия жана Франция лидерлери Донбасстагы кырдаалды талкуулашты. Сүйлөшүүнүн натыйжасына Ирина Алкснис көз жүгүрткөн.

"Украина боюнча Украинасыз эч нерсе болбойт". Киев боло турган видеоконференция тууралуу маалыматка ушундай жооп берген.

Украина бийлиги ушу кезге чейин беделин сактоо үчүн ыңгайсыз абалга калтырчу билдирүүлөрдөн оолак болуу керектигин дегеле түшүнбөй койду. Суроо-сопкуту жок эле тагдырын чечип койчу улуу державаларга деле тил кайрый алган жок. Мындан улам нааразычылыгын айтып абалын бир топ кыйындатып жатканы айдан ачык.

Алгач Москва талкуунун катышуучулары тууралуу айтып жатып, Путин, Меркель жана Макрон Донбасс эле эмес, "башка маселелерди да сүйлөшө турганын" билдирген.

Бирок Киевдин сөзүнөн кийин Кремль да бир беткей сүйлөп, "норман төрттүгүнүн иши анча эмес" экенин кошумчалаган. Россия лидеринин маалымат катчысы "президент Зеленскийдин тушунда Минск келишимин да, Парижде жетишилген андан башка макулдашууларды да ишке ашыруу үчүн бир кадам жасалбаганын" билдирди. Жалпысынан Москва Украина бийлиги менен сүйлөшүүгө ниети жок экенин көрсөттү. Дипломатияда ой мындан өтүп бетке айтылбаса керек.

Анын үстүнө чек арадагы кырдаалдын курчушу жана украиналык аскердик түзүлүштөрдүн аймакка тартылышы сүйлөшүүгө өбөлгө болуп бере албасы айдан ачык.

Минск макулдашуусуна кол коюлган алты жылдан бери Донбасста "курч" рецидивдер болуп, толук кандуу согушка айланып кеткен жок. Былтыр жайында да ушундай абал жаралып, окуя элдешүү менен аяктаган эле.

Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө биринчи кезекте Батыштын согушту жандантууга кызыкпаганы себеп болду. Бирок алармисттер дайым кан төгүлөрү тууралуу айтып келген.

Европа Минск макулдашуусуна айласыз барганын эскерте кетели. Фронтто бардык жагынан утулуп жаткан Киевди сактап калуу керек эле. Россияны чырга аралаштыруу мүмкүн болгон жок. 2015-жылдын башында эле Украинанын айланасындагы кырдаал Евромайдан менен антироссиялык долбоордун авторлору пландагандай өрчүбөй калганы түшүнүктүү боло баштаган.

Натыйжада Донбасстагы согуштук аракеттер токтоп, кийинки окуялар тынчтыкты бекемдеп койду. Европа Россияны сындыруу мүмкүн эмес экенине ынанып, бара-бара эки тараптуу кызматташууну калыбына келтире баштады. Бул учурда Украинанын аскердик авантюралары көз жаздымда калган эле. АКШда да ажо алмашып, Трамп басым жасоого Кытайды тандап алган.

Артылган ишеничти актай албай койгон Украинанын өзү да Батыш үчүн көйгөйгө айланды. Европа менен да, АКШ менен да сүйлөшүүдө жалгыз көзүр болуп Киевдин колунда Донбасс калды. Согуштук кырдаалды байма-бай курчутуп келген Украина мындай аракети менен керектүү жардам алууга ниеттенген эле. Бирок бул ою да ишке ашкан жок.

Бирок акыркы убакта дал ушул аспектте орчундуу өзгөрүүлөр болуп, жагдай тынчсыздандырууда.

АКШда бийликке жөн эле демократтар эмес, 2010-жылдардын ортосунда Донбасста согуш отун тутантуунун башында турган америкалык истеблишменттин бир бөлүгү келди. Алардын тышкы саясатта жасаган алгачкы кадамдары сөздөн ишке өтөрүн көрсөтүп турат, демек жаңы согуш баштап ийбейт деп так кесе айтуу да кыйын.

Океандын бери жагындагы абал деле көңүл жылытарлык эмес. Евробиримдик Россия менен болгон мамилесин болушунча начарлатты. Бул бир тараптуу — Жо Байден Ак үйгө киргичекти ишке ашканын айта кетели. Демек, бу жолкусунда европалыктардын жоругун Вашингтондун үстөмдүгүнө оодарып ийүү дегеле мүмкүн эмес.

Европанын мындайга баруусуна эмне себеп деген маселени узак талкууласа болот, бирок ушу тапта ЕБ бул багытта дагы канча тереңдемекчи деген суроо маанилүү болуп турат. Россияга каршы алган вектор Киевди аскердик жаатта колдоого алып келбейби деген маселе бүгүнкү күндө курч.

Дал ушул жагдай Владимир Путиндин Германия жана Франция лидерлери менен сүйлөшүүсүнүн маанилүүлүгүн арттырып жатат. Мында кеп позицияны аныктоо эле эмес, Путиндин Донбасста согушту жандантуу аракетинин Украина үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн да кесепети оор болот деген сөзүн, жүйөсүн кесиптештерине жеткирүүсү тууралуу болуп жатат.

Ал эми Киев менен мындай темага сүйлөшүүнүн кажети жок экенин буга чейинки тажрыйба көрсөттү.

Белгилер:
Владимир Путин, сүйлөшүүлөр, согуш, Донбасс, АКШ, Батыш, Европа, Россия, Украина
Тема боюнча
"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?
Россияны ооздуктоо боюнча милдеттенмелерден арыла албаган Европа
АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеген Мирлан Нурматов

Чикагодо алгачкы көчмө дүкөн ачкан Нурматов: жайлоого келчү автолавканы эстедим

(жаңыланган 20:07 16.04.2021)
Түркияда билим алып, аспирантура жана докторантураны аяктап жатып илимий иштерин кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди иликтөөгө, которууга арнаган мекендешибиз Мирлан Нурматов учурда Америкада.

Ал АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеп отурат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирлан Нурматов менен маектешип, анын ишкерлиги туурасында кеп курган.

— Биз да сиздин ийгилигиңизге абдан кубандык. Куттуктайм! АКШда алгачкылардан болуп өзгөчөлөнгөн бизнес ачыптырсыздар...

— Рахмат, азыр бизнести баштап, иштеп жатабыз. Нarvestrolley (азык-түлүк троллейбусу — ред.) көчмө дүкөн бизнеси чынында Чикагодо жаңылык болуп турат. Негизинен бул жакта деле бала-бакырасы менен үйдө отурган же кандайдыр бир дүкөнгө барууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр бар. Буларга да биздин дүкөн ыңгайлуу. Негизинен пандемия көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк алуу жагынан кыйынчылык жаратты. Балдардын баарын бет кап кийгизип дүкөнгө алып баруу өзүнчө бир түйшүк. Анткени Америкада супермаркетке баруу үчүн эки сааттан кем эмес убакыт кетет. Өзүмдүн төрт баламдан улам да мындай түйшүктүн даамын татып калгам. Муну менен катар жолдошу трак айдап иштеген, бала-чакалуу кыргыз келинчектер бар. Жолдошу узак убакытка сапарга чыгып кеткенде балдар менен дүкөнгө баруу аларга да чоң көйгөй жаратат. Мунун баарын көрүп-билип турдум.

Кыргызстанец Мирлан Нурматов, открывший мобильный магазин в американском штате Чикаго
© Фото / из личного архива Мирлана Нурматова
Мекендешибиз Мирлан Нурматов учурда Америкада. Ал АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негизде

— Эми өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, Америкага качан, кантип баргансыз?

— Мен Ош облусунун Ноокат районунан болом. Мектепти бүтүргөндөн кийин эле университетте окуу үчүн 2000-жылы Түркияга келгем. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң түркология факультетинде аспирантураны, андан кийин докторантураны окуп бүтүрдүм. Аспирантураны аяктап жатканда диссертациялык ишим катары Кыргызстандагы Кадыралы Коңкобаев агайыбыз баш болгон агай-эжелерибиздин "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү" китебин түрк тилине которгом. Докторантуралык ишимде дүйнөдө жоголуп бара жаткан тилдерди эске алып, кара калпактардын, ногой-татарлардын жана кыпчак тектүү тилдер катары кыргызча, казакчаны кошуп, атайын фразеологиялык сөздүк жазгам. Илимий эмгектеримдин негизи ушундай. Кийин Түркиядагы котормо жаатында мыкты иш алып барган жаштардын тобу менен биргеликте Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосун которуп, КРдин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Бул мен үчүн сыймык болду.

Өзүм үч уул, бир кыздын атасы болом. Келинчегим Бишкектеги Медакадемияны аяктаган соң, Түркияда ординатурадан окуп, ошол өлкөдө жети жыл врач болуп иштеди. Азыр Америкага келгени кайрадан АКШнын дипломун алууга аракеттенип, медициналык тармакта окуп, экзамендерин тапшырып жүргөн кези. Биз АКШга мындан төрт-беш жыл мурда көчүп келгенбиз. Негизинен окуп, иштеген жылдарымды кошкондо Түркияда жалпы 16 жыл жашаптырмын. Докторантурамды аяктаган соң, Анкарадагы Гази университетинде кыргыз, казак, түрк тилдеринен сабак берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен түрк туугандардан алчумду алып, үйрөнө турган жакшы жактарын толук өздөштүргөн соң, мындан ары да өзүмдү өстүрүү үчүн сапарымды улашым керек экенин түшүндүм. Ошондон улам Америкага келдим.

Посетитель мобильного магазина в Чикаго кыргызстанца Мирлана Нурматова
© Фото / из личного архива Мирлана Нурматова
Нурматов: кардарларыбыз алгач уюлдук телефонуна атайын тиркеме жүктөшөт. Ал аркылуу дүкөндөгү азыктарды телефонунан толук көрүп, буюртма таштап, дарегин кошо жазып коёт

— АКШга жаңы барганда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болсоңуз керек?

— Бардык нерсени нолдон баштадым. Англис тил курсуна бир жыл барып үйрөнгөн соң, мугалим болуп орношууну максат кылып бир канча университетке документтеримди тапшырдым. Менин кесибим түрколог. Америка менен Түркиянын мамилеси акыркы жылдарда абдан начарлап кеткендиктен көптөгөн түркология факультеттери, бөлүмдөр АКШда жабылып калыптыр. Ошол себептен жакшы жумуш табуу кыйынга турду. Бирок онлайн сабак берип иштеп турдум. Азыр эки студентим бар. Бири түрк тилин, экинчиси кыргыз тилин үйрөнүп жатат.

— Бизнесиңиз тууралуу түшүндүрө кетсеңиз?

— Кардарларыбыз алгач уюлдук телефонуна атайын тиркеме жүктөшөт. Ал аркылуу дүкөндөгү азыктарды телефонунан толук көрүп, буюртма таштап, дарегин кошо жазып коёт. Тапшырыкты алары менен биздин көчмө дүкөн (Нarvestrolley) жарым сааттын ичинде кардардын үйүнүн алдына барат. Кардарлар көчмө маркетке кирип, кааласа кошумча азыктарын ошол жерден да сатып ала алат. Администраторго чалып, телефон аркылуу да буюртма берсе болот. Бул үчүн автобустарды алып, анын ичин атайын жасап, азык-түлүктөрдү жайгаштырдык. Кардар болгону жеткирүү акысына 2 доллар 99 цент (252 сом — ред.) төлөйт. Мындан тышкары, азык кампабызды да ачканбыз. Каалоочулар ал жакка барып да соода кылып кетсе болот. Азыктарды дүңүнөн арзан ала алышат. Кыргыздар этсиз жашай албайт эмеспи. Ошондуктан бизде эттин түрү (баары адал — ред.) бар. Муну менен катар Америкада ар улуттун өкүлдөрү жашайт, алардын табитине жараша ар түрдүү компаниялар менен келишим түзүп, түрдүү азыктарды алдык, толуктап жатабыз. Азырынча он автобус-дүкөн иштеп жатат. Компанияларга жумушчуларды да алып жатабыз.

Посетители мобильного магазина в Чикаго кыргызстанца Мирлана Нурматова
© Фото / из личного архива Мирлана Нурматова
Нурматов: тапшырыкты алары менен биздин көчмө дүкөн (Нarvestrolley) жарым сааттын ичинде кардардын үйүнүн алдына барат

— АКШда мындай дүкөндү биринчилерден болуп сиз ачыптырсыз. Идеяны кайдан алдыңыз?

— Бул идея Кыргызстандан, менин бала чагымдан келген десем болот. Кичинебизде жайкы эс алууда Кара-Суу районунун Папан айылына караштуу жайлоолордо таенемдин колунда көп жүрчүбүз. Ошондо жайлоого атайын көчмө дүкөндөр, автолавкалар келер эле. Раматылык таенебиз ошол дүкөндөн өзүнө керектүү кездеме, жип-шуусун алып, биздин дагы көңүлүбүздү көтөрүп керектүү нерселерибизди сатып берип турчу. Балалык кездеги эң жакшы күндөрдүн бири эле, эсиме түшүп туруп алды. АКШда көчмө дүкөн ачуу идеясынын түпкү теги да таенем менен байланыштуу.

Мындан тышкары, АКШда төрт балам менен үй-бүлөмдү багуу үчүн дагы ишкерлик кылуу керектигин түшүндүм. Ошондон улам кесибим башка болсо дагы бизнес кылуунун жол-жобосун издештире баштадым. Жаштарга айтарым, адамга эң башкысы билим керек. Билимдин кадыры бийик. Билим — адамга алдыга коркпой умтулууга жол ачат. Андан тышкары, көп нерсеге анализ жасоого шарт түзүп, жашоодо көп жеңилдиктерди жаратат. Бул менен өзүңдүн кадыр-баркың да өсөт. 

Кыргызстанец Мирлан Нурматов, открывший мобильный магазин в американском штате Чикаго
© Фото / из личного архива Мирлана Нурматова
Нурматов: кардарлар көчмө маркетке кирип, кааласа кошумча азыктарын ошол жерден да сатып ала алат

— Идеяны ишке ашыруу кыйын болгон жокпу?

— Бул бизнести ишке ашырууда кошумча билим алдым. Айрыкча азык-түлүк тармагында билишим керек болгон көп нерселер бар экен. Ушул тармактан атайын сертификаттарды алуу үчүн окудум. Ар бир азыктын сапатын аныктоодон баштап, кайсы температурада кармоо керектигине чейин үйрөндүм. Керек болсо кайсы азыктарды жакын, чогуу койбош керек экендиги тууралуу билүү абзел экен.

Бул бизнести ачууга алты ай даярдандым. Анткени пандемиядан улам мекемелердин иши солгундап, документтерди бүтүрүү иштери жайыраак болду. Алгач Техаста жашаган досума байланышып, экөөбүз бир катар иштерди жасадык. Анын Техаста кадимки эле дүкөндөрү бар. Идеямды экөөбүз талкуулап, долбоор жаздык. АКШдагы Bank of Amerika деген эң ири банкына барып, алардын башкы каржы адистери менен жолугушканыбызда "мындай бизнес Америкада жок. Эң сонун идея экен. Тезирээк ачкыла, болбосо башкаларга алдырып коёсуңар" дегенде ишти тездеттик. Ошону менен ал досум Техаска, мен Чикагого көчмө дүкөн — Нarvestrolley компаниясын негиздедик.

Кыргызстанец Мирлан Нурматов, открывший мобильный магазин в американском штате Чикаго с посетителем
© Фото / из личного архива Мирлана Нурматова
Нурматов: азык кампабызды да ачканбыз. Каалоочулар ал жакка барып да соода кылып кетсе болот

— Деги эле ал өлкөдө ишкерлик кылууга, ошол эле башка өлкөдөн барган жарандардын бизнес жасоосуна мамиле кандай? Оорчулугу эмнеде?

— Америкада бизнес ачууда эч кандай тоскоолдук болбойт. Компанияны ачып, ага керектүү документтердин баарын даярдап жана текшерүүдөн өткөн соң иштей берүү мүмкүнчүлүгү берилет. АКШда негизинен он миңге чукул кыргыз жараны жашаса, алардын үч-төрт миңге жакыны Чикагодо. Бул жакта кыргыздар үч кафе ачкан. Ал тамактануучу жайларда кыргыз тамактары жасалат. Өзүбүздүн кыргыздар менен кошо америкалыктар да келип, тамактарына ыраазы болуп, сүйүнүп кеткендерин көрөм. Арабызда кыргыздын алмасын, өрүгүн, балын алып келип АКШда сатып иштеген мекендешибиз бар. Ал жигит "Арашан" деген фирма ачып алган. Негизи кыргыздар жалкообуз деп өзүбүздү басмырлаганыбыз менен бул жакта жергиликтүү элге таасирленип, алдыга умтулуп жатышат. Тескерисинче, намыскөй, ишти бат өздөштүрө алат экенбиз. Мындан беш-алты жыл мурда такси айдап иштеген кыргыз балдар азыр эң ири IT компанияларда эмгектенүүдө. Айрым жигиттерибиз трак иштетүүчү компанияларды ачып, оор жүк ташуучу унааларды да сатып алышууда. Бул да болсо кыргыздардын өжөрлүгүнөн кабар берет. Мен да ушул жердештериме таасирленип, ишкерлик баштадым.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Бизге келген кардарлар, ошол эле кыргыздар Кыргызстандан элибиздин нукура азыктарын алып келүүбүздү айтышууда. Ошол себептен, буюрса, чучук, курут, кымыз өңдүү азыктарды алып келүү жагын көздөп жатабыз.

Белгилер:
пандемия, азык-түлүк, бизнес, ишкерлик, көчмө дүкөн, дүкөн, АКШ, Чикаго
Тема боюнча
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги
Германияда илимдин доктору болгон Аксана: патриархалдык коомду аялдар кармап турат
Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун ишкери. Архив

Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири

(жаңыланган 19:24 16.04.2021)
Адистин айтымында, коронавирусту бул же тигил каражат менен дарыласа болорун клиникалык изилдөөдөн кийин гана айтууга болот.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун вирусологу, профессор Анатолий Альтштейн "360" телеканалына КР Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19га каршы "Ысык-Көл тамырын" пайдалануу боюнча сунушуна пикирин билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту бул же тигил каражат менен дарыласа болорун клиникалык изилдөөдөн кийин гана айтууга болот.

"Бизде пайдаланса болот делген каражаттар толтура. Эгер дарыгерлер кайсы бир препаратка ишенип жатса, аны клиникалык сыноодон өткөрүп көрүү керек. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз", — деди адис.

Вирусолог кошумчалагандай, элдик медицинада ар кандай каражаттар колдонула берет. Бирок аларды изилдеп көргөн мисалдар аз.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.

Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, пикир, адис, Россия, коронавирус, уу коргошун, Кыргызстан
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив

Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду

(жаңыланган 22:03 16.04.2021)
"Бишкек башкы архитектура" ишканасында өткөн жыйында шаар куруу боюнча документациялык көйгөйлөрдү тезинен чечүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.

Бүгүн аталган мекемеде шаар куруудагы документацияны иштеп чыгуу жана бекитүү маселесине арналган отурум болду. Ага профилдик министрликтин өкүлдөрү, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Марат Жороев, Кыргызстандын архитекторлор союзунун жетекчилери жана мүчөлөрү, прокуратура жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.

"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.

Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.

Белгилер:
Бишкекбашкыархитектура, башкы план, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Бишкекте эмен бактарын курттан коргоо үчүн ийне сайылып баштады. Сүрөт