Эмнеге Кошмо Штаттарга тышкы саясаты Россиядан улам көп энергетикалык ресурс сатып алууну көбөйтүүсүнө тоскоол этпейт. Ушул туурасында ой жүгүрткөн Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Былтыр АКШга россиялык мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн импорттолушу 3,5 пайызга өсүп, тогуз жылдык максимумга жеткенин маалымдашкан АКШнын Энергетика министрлигинин энергетикалык маалымат башкармалыгынан. Россия Сауд Аравияны да бул багытта сүрүп чыгарып, мунай менен жабдуучулар арасында экинчи орунга чыккан. Эске салсак, аталган өлкө рыноктогу тең салмактуулукту калыптандыруу үчүн экспортту кескин кыскарткан.
2020-жылы америкалыктар Россиядан суткасына орточо — 538 миң, ал эми Сауд Аравиясынан 522 миң баррель алган.
Ири сатып алуучулар — Valero жана Exxon. Бул компаниялар 55 жана 50 миллион баррель алышкан. Бул эки ишканага россиялык импорттун дээрлик жарымы туура келет.
"Венесуэлалык мунайдан ажырап, көнүп калган ОПЕК жабдуучуларында сырьенун кымбатташы менен бет келишкен АКШ россиялык мазуттун негизги керектөөчүсүнө айланды", — дейт Оксфорд институтунун энергетикалык изилдөөлөр боюнча илимий кызматкери Ади Имсирович.
Жагдайды ОПЕКтин мунай казууну кыскартышы ого бетер ырбаткан. Сауд Аравиясынын мунай менен жабдуусу азыр 1985-жылдан берки минимумда. Россиядан алган мазут гана америкалык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго ишин улантууга мүмкүндүк бергенин айтышат талдоочулар.
Пандемиянын айынан сланецтик тармактын кыйрашы да буга таасир этпей койбоду. АКШда суткасына 13 миллион баррель алышчу, эми бул көлөм 11 миллионго түштү.
Энерготашуучуларга суроо-талап кыйрады, мунай баалары төмөндөдү. Газ жана бургулоочу орнотмолор улам кыскартылып отуруп, компаниялар ишин токтоткон. Жүз элүү чакты сланецтик өндүрүшчү банкрот болду. Биринчи кезекте булар – ковидге чейин эле көйгөйлөргө тушуккан компаниялар. Алар инвестициянын таптакыр жетишсиздигинен улам карызга баткан.
Кирешеси жок, долбоорлордун көпчүлүгү өтө чыгашалуу деген ойго келген Уолл-стриттин 2018-жылдан бери сланецчилерден көңүлү сууп калган. Эл аралык энергетикалык агенттиктин баамында 2020-жылы инвестициялар эки эседен ашуун — 45 миллиард долларга дейре төмөндөгөн.АКШнын Энергетика министрлигинин энергетикалык маалымат башкармалыгы мартта сланецтик мунайды казуу суткасына 7,5 миллион баррелге төмөндөй турганын болжонгон. Ушундай эле динамика мунай алуучу жети өлкөнүн алтоосунда, атап айтканда Анадарко, Баккен, Найобрара, Игл-Форд, Берман, Гейнсвилл, Аппалачи формацияларында байкалат.
Fitch агенттигинин божомолу боюнча, сланецтик тармак каатчылыкка чейинки көрсөткүчкө дагы эки-үч жыл кайтпайт көрүнөт. Өндүрүшчүлөр мунай казууну көбөйтүү менен алектенбестен, чыгымдарды азайтып, инвестицияларды кайтаруу далалатында.
Ошентип АКШ кыйла ыңгайсыз абалда калды: россиялык мунайдан көз карандылыктын күч алышы мамлекеттин энергетикалык багытына толук каршы келерин белгилейт Bloomberg агенттиги.
Бир жагынан Вашингтон болгон күчү менен өз газын сатуу үчүн Европаны "Түндүк агым – 2" долбоорунан баш тартууга мажбурлоодо. Экинчи тараптан амеркалык мунайды кайра иштетүүчү заводдор Россиядан мурда эч болуп көрбөгөндөй көп көлөмдө сырье сатып алууда.
"Техас штатындагы Бэйтаундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго караштуу мунай танкерлери да Хьюстон кеме жүрүүчү каналдын акваториясындагылардын көпчүлүгүндөй эле көрүнөт. Бирок алардын сыйымдуу трюмдарында өзгөчө жүк – россиялык мунай катылган, - деп белгилейт агенттик. – Россия АКШны негизги мунай менен жабдуучуга айланып баратышына Кремлдин рыноктук кыраакылыгы, ийгилиги жана Вашингтондун саясатын өз пайдасына буруу жөндөмү жол ачкан"."Болбосо Трамп АКШ энергетикалык күчтүү державага айланганын, өлкө эч качан бул багытта "касташкан" чет өлкөлүк жабдуучулардан көз каранды болбостугуна мактанып келген, — деп тамашага чалат Хьюстондогу Райс университетинин Бейкер институтунун мунай боюнча талдоочусу Марк Финли.
Вашингтондо түзүлгөн кырдаал туурасында эч кимдин үндөбөгөнү кызык. Анткен менен импорттун тынбай өсүп жатышы бир кезде Дональд Трамп кайталап келген энергетикалык көз карандысыздык жөнүндөгү формуласы ишке ашпаганын айгинелейт.
Суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын функциялары топтоштурулган "Страж" көп өлкөнүн адистерин айран-таң калтырат. Бул саамалык BOSS (Border and Offshore Submersible Sentry) деген аталышта экспорттолмокчу. РФтин Деңиз техникасынын "Рубин" борбордук конструктордук бюросу суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын артыкчылыктары айкалыштырылган сууга чумкуучу "Страж" күзөтүү кемесинин долбоорун тааныштырды.
Баасы арзан, көлөмү чакан, алдыңкы техникалык мүнөздөмөлөрү, ынанымдуулугу жогору, бортуна ракеталык-торпедалык куралдын кеңири түрүн жайгаштыра билүү мүмкүнчүлүгү BOSS субмаринасы коргонуу бюджети чакан көп өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратпай койбойт. Аталган кеменин артыкчылыктарына аскерий баяндамчы Александр Хроленко кененирээк токтолду.
"Рубин" конструктордук бюросу — субмариналарды долбоорлоодо дүйнөлүк лидерлердин бири, Россияда суу түбүндөгү кеме жана ар кыл класстагы аппараттарды (анын ичинде жарандык техника) чыгарууда 120 жылдык тарыхы бар алдыңкы конструктордук бюро.BOSS сыртынан конструктивдик жактан ийгиликтүү, дүйнөдөгү массалык жана эң көп сатылган 613 долбоорунун дизелдик-электрдик субмариналардын бирин элестетет. Бул да "Рубин" конструктордук бюросунун өндүрүмү. Сууга чумкуучу кеменин да техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей: комплектациясына жараша узундугу – 60-70 метр, сыйымдуулугу 1000 тоннанын тегерегинде, экипаж 42 кишиден турат.
Тескелүүчү ракеталар, торпедалар, учкучсуз аппараттар, артиллериялык түзүлүштөр жана кароочу топтор үчүн ыкчам сүзүүчү каражаттар менен жабдууга болот. Курал тутумун, жабдык жана шаймандарды тандоодо "Рубин" КБ адистери текшерүүдөн өткөн заманбап субмариналар, суудагы кеме жана учкучтардын сериялык үлгүлөрүнө таянган.
Жаңы күзөтүүчүнүн суу түбүндө жана суудагы буталары жогорку технологиялык душмандын аскердик кеме жана жээктеги объектилери, ошондой эле азыраак жабдылган пираттар, контрабандисттер, браконьерлер болушу мүмкүн. Кеме чалгындоочу жана илим-изилдөөчү катары да пайдаланылышы ыктымал.
Жаңы кеменин мүмкүнчүлүктөрүн жана функцияларын түшүнүү үчүн 613 долбооруна (НАТОнун бөлүштүрүүсү боюнча – Whiskey) кайталы. Үч сызыктуу винтовкасы жөнөкөй жана ынанымдуу субмаринанын сыйымдуулугу – 1347 тонна, узундугу – 76 метр, туурасы – 6,6 метр. 200 метрге чейинки тереңдикте 18,5 узелге дейре ылдамдыкта сүзө алат. Суу үстүндө 8500 миль (15 миң чакырымдан ашуун) аралыкты багындыра алат.
Негизги куралы – 533 мм калибрдеги алты торпедалык аппарат (төртөө алдыңкы, экөө арткы бөлүгүндө), ошону менен бирге эле алар өзөктүк ок бөлүктөрү (ок-дары комплекти 12 торпеда же 22 мина) жабдылышы мүмкүн. Автономдуулугу – 30 сутка. Экипаж 52 кишиден турат.
613 долбоору торпедалык аппарат катары иштелип чыккан, ошентсе да ракеталык куралдуу алты модификациялык субмарина куралган. Кеменин рубкасынын (өзүнчө бөлмө) тосмосунун тышындагы эки бышык контейнерде 300 чакырымдын тегерегиндеги аралыкты багынтуучу П-5 канаттуу ракетасы (суу түбүндөгү абалда жээктеги буталарга ок ачуу үчүн) жайгашкан. 613 долбоорунун сериялык курулушунда үзгүлтүксүз-секциялык ыкма, автоматтык ширетүү, ширетилип бекитилген жерлерине рентгенографиялык көзөмөл кеңири пайдаланылган. Советтик флот беш күндө бирден жаңы субмарина алып турган. Жети жыл ичинде (1950 – 1957) орточо сыйымдуулуктагы суу түбүндөгү 215 дизель-электрдик кайык чыгарылган. Алар торпедалык соккуну бирдей таамай уруп, душман жайгашкан райондорду чалгындап, мина коюп, оперативдик жана позициялык кызмат өтөй алат.Долбоордун бышыктыгын мындан билиңиз, 613 долбоорунун түзүлүштөрү Советтер Союзу ыдыраганча, башкача айтканда дээрлик 40 жыл бою кызмат өтөгөн. Кара деңиз флотунун катарында 1990-жылы 18 субмарина болгон.
613 долбоорунун суу түбүндөгү көп буталуу кайыктары чет жакка да чыгарылган. Атап айтканда Болгария, Куба, Индонезия, Египет, Сирия, КЭДР, Польшанын аскердик-деңиз күчтөрү 40 бирдик алган. Кытайга техникалык документация берилген, Шанхай жана Ханькоу шаарларындагы заводдордо 20дан ашуун субмарина курулган. Албетте, күзөтүүчү кеме 613 долбоорунун негизги сапаттарын мураска алган. Бышык, ынанымдуу жана майнаптуу. Калган жагынан BOSS – 21-кылымдын сапаттуу жаңы, күчтүү байланыш каражаттары, навигация жана гидроакустикалуу жогорку технологиялык табылгасы.
Суу түбүндө күзөтүү бул субмаринага душманга, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр же аткезчилерге байкатпай көз салууга жол ачып, капыстан сокку уруп жана коркунучтун мизин кайтарууну камсыз кылат. Тереңдикте душмандын күчтөрүнө карматпай алыстоо жеңил, бороон да коопсуз. Шельфти изилдөөдө суу үстүндөгү кемеге караганда сууга чумкуучу патрулдук кеменин мүмкүнчүлүгү жогору. Мындан тышкары, BOSS субмаринасын айрым өлкөлөрдүн суу түбүндөгү улуттук күчтөрүн өнүктүрүү, тажрыйба топтоо максатында экипажды жана жээк инфраструктурасын даярдоо үчүн арзан окуу "класс" катары да пайдаланууга болот.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бир нече аткаминерди иштен кетирип, алардан мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп алган айлыгын толугу менен кайтарып берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Окуя жаштарды иш менен камсыздоо маселесине арналган жыйын учурунда болду.
Президент ишине шалаакы мамиле кылгандыгы үчүн Фергана облусунун Фуркат районунун, Анжиян облусунун Улугнор районунун акимдерин жана Сурхандарья облусунун мэринин орун басарын кызматтан алды. Мындан тышкары, айрым райондордун прокурорлору, милиция, Салык кызматтарынын жетекчилери жана Соода-өндүрүш палаталарынын башчылары ишсиз калды.Маалыматка караганда, мурда Мирзиёев жетекчилерге "1+1" программасынын алкагында 100 миң жаш адисти окутуп, тажрыйбалуу кызматкерлердин катарына кошуу тапшырмасын берген. Бирок аткаминерлер буга көңүл кош мамиле кылгандыктан өлкө башчынын талабы ойдогудай ишке ашкан эмес.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 2021-жылдагы Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Азия күрөш уюму өзүнүн Instagram баракчасына жазды. https://www.instagram.com/p/CNpmxEsFjY7/
Мелдеште улуттук курама команданын балбандары 10 салмакта күч сынашып, беш коло, үч күмүш байге утушкан.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталды. Ата мекендик спортчулар Руслан Царев (72 килограмм), Калидин Асикеев (82 килограмм) жана Атабек Азисбеков (87 килограмм) өз салмактарында экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты.Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (55 килограмм) Амантур Исмаилов (67 килограмм), Кайрат Түгөлбаев (77 килограмм), Бексултан Махмудов (97 килограмм) жана Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге алышты.
Кыргызстан 138 упай топтоп, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды. Экинчиге 141 упай менен Казакстан жетсе, Иран командасы 169 упай менен биринчи орунду ээледи.
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү башталып, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы баш болгон спортчулар килемге чыгат.