БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Брюсселде борбордук сейил бакта укмуштуудай концерт болот деген 1-апрелге карата айтылган тамаша массалык башаламандык жана полиция менен жарандардын кагылышуусуна алып келди. Бул тууралуу Вrussels Тimes жазды.
Die Polizei beginnt die Räumung. pic.twitter.com/IGeYRp6ZB9
— Stefan Krabbes (@StefanKrabbes) April 1, 2021
Маалыматка караганда, марттан бери бельгиялык социалдык тармактарда 1-апрель күнү Буа де ля Камбор сейил багында La Boum музыкалык фестивалы өтө турганы, ага Европанын булуң-бурчунан 200 диджей келери тууралуу жарыя таркаган. "Уюштуруучулар" концертке кирүү акысыз болорун жана Париж, Лондон, Амстердамдан автобустар келерин убадалашкан.
Bruxelles : Apparemment la police sonne la fin de la récréation dans le bois de la cambre #laboum #boisdelacambre #COVID19 pic.twitter.com/GCbGVPv9hx
— 𝒦𝓊𝓃𝓉𝒶 𝓋𝒶𝓃 𝒹𝑒𝓃 𝒦𝒾𝓃𝓉é (@DenKinte) April 1, 2021
Аталган жарыяда маалымат тамаша экенин кыйыткан белгилер болгон. Мисалга, "фестивалдын" датасынын 1-апрелге туш келишин, диджейлердин ысымы бельгиялык саясатчылардыкына окшоштугун алса болот. Тизмеде Alexander 2-Kraux деген адам болгон — бул Бельгиянын премьер-министри Александер де Крону кыйыткан.
1-апрелге жакын "уюштуруучулардын" баракчасында жарыя болгону тамаша экени боюнча билдирүү жарыяланган. Бирок ал маалымат кырдаалдан куткара алган эмес. Түштөн кийин сейил бакка 5 000 адам чогулган. Фестиваль башталбай калганда жаштар өз алдынча музыка жаңыртып бийлеп башташкан.
I guess we all miss going out but this might be a bit excessive...
— Max Zander (@The_Max_Zander) April 1, 2021
Brussels Bois de la Cambre tonight. pic.twitter.com/VwfAafNWuO
Полиция кызматкерлери элден тарап кетүүнү суранганда топтолгондор тартип коргоочуларды көздөй бөтөлкө ыргыткан. Кийин атчан полиция өкүлдөрү дагы келишкен. Топтолгондорду суу менен атып кубалап, кээ бирлерин кармашкан.
Crazy scenes in Brussels. My colleagues and I were tear gassed while interviewing this guy who tells us while might be the wrong way to go about things, everyone needs to communicate. Meanwhile a fire built by partygoers rages behind him... pic.twitter.com/ASCvoEJoVb
— Rosie Birchard (@rosiex_) April 1, 2021
Окуянын кесепетинен 15 адам кармалып, ондон ашык укук коргоочу жаракат алган.
РФтин Каспий флотилиясы, Балтия жана Түндүк флотторунун ракеталык, артиллериялык жана десанттык кемелери аталган чөлкөмгө жеткирилди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Россиянын ушул аракетине баам салган.
Каспий флотилиясынын 15 кемесинен турган топ 17-апрелдин таңында Керчен кысыгы аркылуу Крым көпүрөсүнүн алдынан сүзүп өтүп, Кара деңизге карай багыт алды. Ошол эле күнү Босфор булуңунан Кара деңизге РФтин Түндүк флотунун ири десанттык кемелери – "Александр Отраковский" жана "Кондопога", андан соң Балтия флотунун ушундай эле "Калининград" жана "Королёв" кемелери жөнөдү.
Жети десанттык ири кемени кошкондо Кара деңизде россиялык мындай жети бирдик бар, штаттык курал жана зооттолгон техника (100 танктан өйдө) үч миң чакты деңиз пехотачыларын бортуна жайгаштыра алат. Ошону менен бирге эле десанттык катерлерди да унутта калтырган болбойт.
Ошондой эле Кара деңиз флоту жана Каспий флотилиясынын деңиз пехотасы жана жээктеги күчтөрүнүн бөлүктөрү да тартылган. Россиянын түштүк-батыштагы чек араларына аталган мамлекеттин жалпы күчтөрүнүн эки армиясы жана аба-десанттык күчтөрдүн үч дивизиясы, Түштүк аскердик округунун сокку уруучу авиациясы да жеткирилген. Крым тобу кургакта, деңизде жана абада болжолдуу душмандын деңиз жана аба десанттары менен "айыгышкан кармашка" машыгууда.
Чыгыш Европада 26 өлкөдөн 30 миң жоокер катыша турган Defender Europe 21 машыгуусунун Кара деңиздеги активдүү фазасы май айына коюлган. Ал убакка дейре британ аскердик кемелери, атап айтканда, эсминец жана кайыктарга каршы фрегат келет. Негизинен алар ракетага каршы коргонуучу америкалык "Гарпун", аэродинамикалык бутасын 80 чакырымга чейинки аралыктан кыйратуучу Sea Wolf зениттик ракеталык комплекстери менен жабдылган. Кара деңиз акваториясында британиялык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Жер ортолук деңиздеги "Королева Елизавета" авиа ташуучусунун бортунан көп буталуу F-35 истребитель-бомбалоочуларын колдойт.
Донбасста курчуп турган абалдан улам РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШ жана анын союздаштары Украинаны Крымга карата чагымчылыкка шыкактап жатканын билдирген эле.
Россиянын быйыл 21-апрелден 31-октябрга чейин пландалган аскердик окуулары Кара деңиздеги бир нече районду чет өлкөлүк аскердик-деңиз күчтөрү үчүн жабат. Кеме өтүүчү үч тилке, атасак, Крымдын түштүк жээги (Севастополдон Гурзуфка чейинки), Керчен жарым аралындагы жээктеги жана Крымдын батышында деңизге малынып турган чакан тилкеде ушундай бөгөт коюлган. Эске салсак, бардык чектөөлөр РФтин территориалдык сууларынын ичинде гана, ошону менен бирге эле эл аралык эрежелерге шайкеш, Керчен кысыгындагы жарандык кемелердин өтүшүнө жолтоо болбойт.Украинанын куралдуу күчтөрү жана НАТОнун стандарттык окууларына Россия Крымдын жээктериндеги таамай тийчү канаттуу ракеталар менен сокку уруучу күчтүү кеме тобун, Кара деңиз флоту жана Түштүк десанттык округдун "аба армадасын" түзүү менен жооп кылып, жабдылбаган жээкке жеткирүү менен өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө.
Мурдараак Кара деңиз акваториясын Түштүк аскердик округунун авиациясынын жана Кара деңиз флотунун Деңиз авиациясынын биргелешкен ири машыгуулары башталып, анда фронттук Су-24М жана Су-34 бомбалоочу учактары, көп буталуу Су-27СМ жана Су-30СМ болушунча пас бийиктиктеги деңиз буталарын карай ракета кое берүү жана бомбалоого машыгып, ошондой эле Кара деңиз флотунун кемелерин калкалап жана коштоо менен алек болушат.Кара деңиздеги Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн катаал үстөмдүгү шартында "Европанын коргоочулары" күч жана каражаттардын машыгуусунда кескин түрдө чектелген. Defender Europe 21 окуусунун пландарына түзөтүү киргизилери шексиз, антсе НАТО боюнча "улук өнөктөштөрдүн" кадыр-баркы түшөт. Пентагондун "кеме өтүүдөгү эркиндиктин" кыйрашы жөнүндөгү кооптонгон билдирүүлөрү ушундай жагдайдан улам экени түшүнүктүү. Кантсе да октябрь айында аймактагы кырдаал калыбына келип калары айкын.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы — биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору" деп аталган жаңы резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
75-сессиянын пленардык жыйынында БУУнун Башкы ассамблеясы резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Долбоорго БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Көчүп жүрүүчүлөр түрлөрү боюнча конвенциясы, Рамсар конвенциясы жана Германиянын Коргоо союзу (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдар өз баасын берип колдоого алган.
"Резолюциянын бир добуштан кабыл алынып, дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу демилгенин актуалдуулугун далилдеп, мындан ары илгерилетүүгө колдоо көрсөтөрүн тастыктайт. Бул Кыргызстандын экология жаатында жогору бааланган ийгиликтүү демилгелеринин уландысы болду. Буга чейин ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йоркто БУУнун алдында Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун түзүүнү сунуштаган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан демилгелеген резолюцияга Япония, Кытай, Россия жана Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону белгиленет. Тизме менен Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.