COVID-19 каршы Oxford/AstraZeneca вакцинасы. Архив

ЖМК: АКШда AstraZeneca вакцинасынын өндүрүшү токтотулду

(жаңыланган 10:48 04.04.2021)
Emergent BioSolution компаниясы AstraZeneca жана Johnson & Johnson вакциналарын өндүрүүнү колго алган. Бирок кызматкерлер эки вакцинанын компоненттерин алмаштырып алып, препараттын 15 миллион дозасы жарактан чыккан.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. АКШнын Балтимор шаарында коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын өндүрүшү токтотулду. Буга вакцинаны чыгарган заводдогу кызматкерлердин кетирген катасы себеп болгонун New York Times гезити жазды.

Маалыматка караганда, Emergent BioSolution компаниясы AstraZeneca жана Johnson & Johnson вакциналарын өндүрүүнү колго алган. Бирок кызматкерлер эки вакцинанын компененттерин алмаштырып алып, препараттын 15 миллион дозасы жарактан чыккан.

Мындан улам ишкана келечекте мындай окуялар кайталанбас үчүн Johnson & Johnson вакцинасын гана чыгарууну чечти.

Учурда AstraZeneca компаниясынын жетекчилиги өз продукциясын өндүрүү үчүн башка ишкана издеп жатканы айтылды.

Ушул тапта АКШда Pfizer, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарын колдонууга уруксат берилген. Ал эми AstraZeneca препараты расмий түрдө каттоодон өтө элек.

AstraZeneca — Англия менен Швеция биргеликте иштеп чыккан вакцина. Бирок аны пайдаланууну Европанын 20дан ашуун өлкөсү токтотту. Себеби эмделгендерден тромбоз аныкталууда.

Белгилер:
өндүрүш, вакцина, AstraZeneca, коронавирус, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1377)
Тема боюнча
Пакистандын президенти Sinopharm менен эмделген соң кайра COVID жуктуруп алды
Гамалея борбору COVID-19га каршы вакцинаны модернизациялоо жолун тапты
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш. Архив

Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди

(жаңыланган 16:14 20.04.2021)
Эл аралык уюм былтыр токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригенин айтып, климат ушул боюнча кете берсе дүйнө алапайын таппай каларын айткан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Reuters агенттигине берген маегинде дүйнө туңгуюкка кептелип баратканын билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм 2020-жылы токойлор өрттөнүп, кургакчылык болуп, суу ташкындап, ага кошумча мөңгүлөр эригени боюнча отчёт берген. Мындай көрүнүш тарыхта сейрек кездешери айтылат.

"Биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз. Тропикалык бороон-чапкындардын, глобалдык жылуулуктун кесепетинен муз менен мөңгүлөрдүн эриши, токой өртү боюнча рекорддук деңгээл байкалууда. Илимий коомчулук тарабынан аныкталган кооптуу 1,5 градуска жетебизби деп турам", — деген БУУ өкүлү.

Мындай жагдай климаттын кескин өзгөрүшүнөн ансыз да жапа чеккен миллиондогон адам үчүн бөтөнчө кыйынчылык жаратарын кошумчалаган.

Гутерриш дүйнө лидерлерин аталган документ менен таанышууга чакырып, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө үндөдү.

Белгилер:
климат, жаратылыш, дүйнө, Антониу Гутерриш, БУУ
Тема боюнча
БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты
Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде

Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады

(жаңыланган 13:22 20.04.2021)
Шевченко бразилиялык спортчу менен UFC 261 мелдешинде кез келет. Кыргызстандык мушкер кыз бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.

Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.

"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.

Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Белгилер:
маек, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

Атама 20 жаштан өтүп жолуккам. Саргашка акын Амантай Кутманалиев менен маек

(жаңыланган 17:02 20.04.2021)
Бүгүн кыргыздын ак таңдай акындарынан жаштайынан сабак алып, аларды устат туткан Амантай Кутманалиевдин туулган күнү. КРдин эмгек сиңирген артисти мындан 34 жыл мурун айылдагы мектепти бүтүрүп келип, 18 жашында филармониянын босогосун аттаган.

Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн куттуу жайга байлаган 52 жаштагы талант менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Сөздү балалыгыңыздан баштайлы. Атаңызды бой жеткенде гана көргөн экенсиз.

— Адамдын турмушу өйдө-ылдый, ар кандай болот. Биз боор көтөрө элек кезде атам менен апам эки башка жолго түшүп, өз-өзүнчө жашап калган. Мен 90-жылдардын башында эл алдына чыгып калганда атам мени телевизордон көрүп бир күнү филармонияга издеп келиптир. Ал кезде Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияны аяктап иштеп баштагам. Бир күнү режиссёр "Амантай, сага аябай окшош киши келиптир, атаң эле окшойт" деп айтып калды. Анан эшикке чуркап чыксам эле атам кучактап калды, көз жашы мойнуман ылдый агып койнума кирет десең... Аябай сагыныптыр. Экөөбүз ээрчишип алып жолдун аркы өйүзүндөгү ашканага барып тамактанып сүйлөшүп отурдук. Каякта турарымды сурап, "элге таанылып келе жатканда мени пайда болуп калды деп ойлобогун. Биздин санжыра, тарыхыбызды билип калсын деп ошолорду кеп кылганы атайы келдим" деди. Мен аталап эле аны жатаканага ээрчитип жөнөдүм. Ал кезде Элмирбек Иманалиев экөөбүз бир бөлмөдө жашачубуз, ал айттырбай эле сыртка чыгып кетти. Атам узак убакыт көп нерсени сүйлөп отурду, мен болушунча көңүл буруп укканга аракет кылдым. "Балам, акты-көктү билип калдың, Эстебес Турсуналиевдей залкарларды атадай көрүп этегин кармап, чачбагын көтөрүп ээрчип жүргөнүң жакшы. Биздин тукумда жамакчылык, ырчылык өнөр болгон. Чоң атаң Кутманалы комузу жок эле той-топурларда жар чакырып ырдачу" деп айткан эле.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

— Ошондо канча жыл такыр көрүшпөй жүрүп жолугуп жатасыздар?

— Апам "атаң жок, өлүгүңдү көрөйүн, өлүп калган" деп койчу. Аны кийин түшүндүм, бала куса болбосун, түңүлүп чыйрак өссүн деп ошентчү экен да. Себеби кичинекей кезимде атама өзгөчө жакын экенмин. Биз жолукканда атам 62 жашта болчу. Анда атам "апаңа кайра чогуу эле турмуш улайлы деп канча жолу бардым, бирок макул болбой койду" дегени эсимде. Филармониядан жолукканга чейин атамды 2-3-класста көргөм. Кийин мага латын арибинде ыр түрүндө кат жазып да жүрдү, ал каттары азыркыга чейин сакталып жүрөт.

Филармонияда кезиккен соң көпкө чейин амандаша албай, таштап кеткен дарегине бара албай жүргөм. Бир күнү кайтыш болуп калганын филармонияда иштегендер угузушту. Атамдын байбичесинин улуу баласы менен сүйлөшүп, ага атамды өзүмдүн айылыма алып барып жерге береримди шак эле айттым. Андан соң эмне кыларымды билбей апама чалып угузуп, ал кишини көндүрүш үчүн "атамды Кара-Балтада акыркы сапарга узаталы деп жатышкан экен. Анан мен өзүм акын болом деп жүрсөм, кийин бир акын менен айтышып жатканда "сенин атаңдын сөөгү талаада калган" десе мен эмне кылам деп апамды эптеп көндүргөм. Атамды Таласка айылга алып барып жерге берип, аксакалдардын алкоо сөздөрүн уккам.

— Апаңыз дагы акылман жан экен да...

— Апам атамдын экинчи аялы эле. Биринчи жубайынан бала көрбөгөндүктөн күйөөсү каза болуп төрт баласы менен калган апама жолугуп баш кошкон. Экөө кийин бала-бакыралуу болуп жашап жүрүп, эки башка жолго түшкөн экен. Ошентип апам жалгыз тогуз баланы чоңойтуп өстүрдү. Ал кишинин акылмандыгынан эки атанын балдары болгонубузга карабай ынтымактуу, бири-бирибизге жаман сөз айтпай эрезеге жеттик.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

— Биринчи устатыңыз ак таңдай акын Эстебес Турсуналиев, айылда ал кишинин көзүнө кантип илинип калдыңыз эле?

— Биздин айылга Эстебес Турсуналиев концерт коюп барып, менин чымынымды байкап филармонияга чакырган. Эстекем дегенде бүт айыл клубга түп көтөрүлө барчу. Мен ал кезде комуз билчү эмесмин. Концерт бүткөндөн кийин мени сахнанын артындагы бөлмөгө агам жетелеп барды. Устатым ырда деди, мен адатымча эле көзүмдү жумуп алып ырдап кирдим. Соңунда төкмө акын "мына бул балаңарды сөзсүз борборго алып келгиле, бирдемеси бар экен. Армияга чакырып кетсе ысык-суукта үнү, ою өзгөрүп кетиши мүмкүн, сөзсүз алып баргыла" деп айылдын клубуна табыштап кеткен. 1987-жылдын аяк ченинде Фрунзеге келип шак эле филармонияга жумушка алынгам. Ал жылдары улуу муундун өкүлдөрү Замирбек Үсөнбаевден кийин эл арасынан жамактап, оюнан чыгарып ырдаган балдар чыгабы деп караштырып жүрүшкөн экен.

— Айылдагы мектепти бүтүп эле 18 жашыңызда филармонияга келип, куттуу жерге өмүрүңүздү байлап койгон экенсиз да?

— Филармониянын тарыхында айылдан түз эле келип жумушка алынган мен элемин. Жаш акындар жок болуп, Эстекем шак эле штатка киргизип койгон. Ал кезде командировкалар көп болуп Алматы шаарына Кызыл-Аскерге баргандай эле каттай берчүбүз. Өзбекстандагы, Тажикстандагы кыргыздарга чейин барчубуз. Менимче, акын, ырчы көбүнчө ошондой сапарларда, эл арасында жүргөндө такшалып, чери да жазылат. Алыстан автобус менен борборго жакындап калганда элдин баары сүйүнчү, менин Фрунзеде там-ташым деле болбогондуктан кайра аймактарга кетип калгым келчү. Жалпы 35 жылга чукул бул жакта иштеп келем, анын 16 жылын жатаканада, батирлерде жашап жүрдүм. Ошол жылдары Жаңыл Абдрахманова деген жеңең менен Искусство институтунун жатаканасында табышып үйлөндүк. Азыр ортобузда Эмир, Байтур деген эки уулубуз бар.

— Башкаларга салыштырмалуу улуу муундагы залкар акындар менен сиз көп иштешип калдыңыз. Алардан алганыңызды кийинки муунга өткөрүү вазийпасы мойнуңузда болсо керек?

— Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев — бардыгы тең устаттарым. Ошолор менен жүрүп калганыма сыймыктанам. Алар бизге "балдар, силердин оозуңарга ыр салып бере албайбыз, өзүңөрдүн ары жагыңарда бир нерсе болуш керек. Бизден ырдоо манераны, акындык обондорду, тарых, санжыраны гана ала аласыңар. Шакирти устатына аябай окшош болбошу керек. Сабак алган адамдарынын көлөкөсүндө калып калат. Бир эле адамды устат катары көрүү туура эмес" деп калышчу. Биз ошол залкарлардан үйрөнгөнүбүздү азыр колдон келишинче жаштарга берип жатабыз. Азыр арабызга таланттуу жаштардын кошулуп жатканына абдан сүйүнөм. Бүгүнкү күндө 30-40тай акын бар. Ар бири өзүнүн орду, салмагы, табылгасы менен айырмаланып турат. Мен филармонияга жаңы келгенде төрт эле төкмө калды, ошолор менен бул өнөр токтоп калабы деген сөздөр жүрчү.

Акын-импровизатор Амантай Кутманалиев
© Фото / предоставлено Амантаем Кутманалиевым
Төкмө акын Амантай Кутманалиев

— Кесиптик ишмердүүлүк же чыгармачылыкта сөзсүз изденүү талап кылынат. Сиздер кантип изденесиздер?

— Изденүү — жашоонун бир бөлүгү. Ал токтоп калса адам муздап, жашоого көңүлү тартпай калат. Токтоп калган суудай болуп сасып, бака чардаган көлчүккө айланат.

— Буга чейин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, КРдин эмгек сиңирген артисти наамын алган элеңиз. Эл артистин алганга убакыт келип калган экен да?

— Сыйлыкты берсе алып, бербесе эч качан кейибеш керек. Анткени сыйлык чыгармачылыкка абдан чоң таасир бере албайт, балким, дем-күч болор. Менимче, сыйлык бергенде адамды өкмөт расмий тааныды деп билсек болот. Анан сыйлык руханий эмес, материалдык нерсе. Эң негизгиси, туура ыйгарылып, аны татыктуулар алганы жакшы. Мен деле эл артисти болгонго жарап калдым окшойт.

Белгилер:
маек, төкмө акын, Амантай Кутманалиев
Тема боюнча
Ашыраалы Айталиевдин небереси: чоң атам футбол, бильярд ойночу, романтик эле
Кубанычбеков: адабиятчылар аймактарды аралап элге көп чыгышы керек