БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын 106 өлкөдөгү 533 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары жана телефон номерлери интернетте ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Business Insider басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, мындай кабар хакерлердин форумунда жарыяланган. Бул жеке маалыматтар менен иштегенди билгендер эми чабуулга кабылгандардын жашыруун нерселерин билип алышына жол ачты дегенди туюндурат.
Социалдык желеде АКШнын 32 миллион, Сауд Аравиясынын 28 миллион, ошондой эле Россиянын он миллиондогон катталуучусунун толук аты-жөнү, локациясы, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүрөт.
Гэл январда эле Telegram тармагындагы бот Facebook тармагынын 533 миллион колдонуучусунун номерин сатып жатканын айтып чыккан. Эми ал номерлер акысыз болуп жатканын белгилеген.
Facebook компаниясынын өкүлдөрү азыр буга үн ката элек. Аталган социалдык тармакты 2004-жылы Марк Цукерберг негиздеген. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Facebook учурда Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.
Куралышы адаттан тыш, купуялуулук, автономдуулугу жогору, бөтөнчө милдеттер... 2027-жылы Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Түндүк флоту кеминде эле суу түбүндөгү жаңы дизель-электрдик төрт кайык менен бекемделет. Алар "Лада" 677 долбооруна таандык.
Бүгүнкү күндө мындай кемелер айрыкча Арктикага зарыл. РФтин эң күчтүү аскердик-деңиз бирикмесинин курамы кандай өзгөрөрү тууралуу РИА Новости агенттигинин колумнисти Николай Протопопов толгогон.
Төртүнчү муундагы 677 долбоорунун дизелдик-электрдик кайыктары 1990-жылдардын аягынан бери курулуп келет. Башкы кемеси — ушул тапта сынамык пайдалануудагы "Санкт-Петербург". Суу түбүндө жүрүүчү дагы эки, атап айтканда, "Кронштадт" жана "Великие Луки" кайыктарынын курулушу ар кыл баскычта. Булардан тышкары дагы эки кеменин курулушу келерки жылы башталат.
"Лада" — көбүнесе инновациялык долбоор. "Рубин" борбордук конструктордук бюросунун иштеп чыгуучу адистери россиялык кеме курууга анча мүнөздүү болбогон бир корпустуу схеманы колдонушкан.
"Ладалар" — россиялык флоттун "курулушу узакка созулган" кайыктарынан. Кемелерди ишке берүүнүн мөөнөтү улам жылдырылып, каржылоо кыскарып, иш токтотулуп келген. Биргелешкен кеме куруу корпорациясынын жетекчиси Алексей Рахмановдун айтымында, мындайга себеп болгон көйгөйлөр тийиштүү каражаттар менен жабдуучуларга байланыштуу. Ал тургай ушундан улам Тынч океандык флот үчүн "Ладалардын" ордуна башка бир — 636.3 долбоорунун суу түбүндөгү алты кайыгын курууну чечишкен.
Башкы "Санкт-Петербург" кемесин моряктарга араң 2010-жылы беришкен. Негизи бул кеме сынамык стенд катары болуп, пайдаланууда улам толукталып, куроодогу мүчүлүштүктөрүн жоюуга бир далай убакыт кеткен.
"Ладалар" салыштырмалуу чакан субмариналар, сыйымдуулугу — 1800 тонна. Суу түбүндө 21 узелге дейре күүлөнөт, 250 метрге чейин сүңгүй алат. Экипажы — 35 киши, автономдуулугу — 45 сутка. Негизги кеме торпеда жана миналар менен гана жабдылган, сериядагы кийинкилеринде бортторуна "Калибр" канаттуу ракеталары жайгаштырылат.
Эксперттердин баамында, РФтин Түндүк флотуна ушул тапта суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар өтө зарыл. Азырынча аталган өлкөнүн 877 долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү эски дизелдик-электрдик кайыгынан бир нечеси гана бар.
"Палтус", негизи эле суу түбүндөгү күчтөр көп буталуу жана стратегиялык атомдук субмариналар катары таанылган. Натыйжада аларды башкы функциясынан башка багытка буруп, тактикалык операцияларга катыштырууга туура келет. Россияда флоттун мурдагы командачысы адмирал Вячеслав Поповдун айтымында, мындай көрүнүш — 1990-жылдардагы каатчылыктын изи."Түндүк флотко суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар ар убак зарыл, — дейт ал. — Ар бир долбоордун өз аскердик багыты бар, башкалар анын ордун баары бир жүз пайызга толтура албайт. Азыркы дизелдик-электрдик суу түбүндөгү кайыктардын атомдук түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы — дээрлик дабышсыз, аларды табыш абдан татаал. Негизги милдети — душмандын кайыгы менен кармашуу". Адмирал ушундай субмариналардын жоктугун башка каражаттар, атап айтканда авиация, кемелер, атомдук ракета ташуучулар менен толукталарын түшүндүрөт.
"Түндүк флотко суу үстүндөгү жана суу түбүндөгү кемелердин бардык – дизелдик-электрдик кайыктардан атомдук түрлөрүнө дейре керек, — дейт Попов. — Флотко командачылык кылып турганымда суу түбүндө жүрүүчү дизелдик-электрдик үч кайыгыбыз бар эле. Акырындап алар мөөнөтү боюнча эсептен чыгарылган, бирок кайра жарытарлык эч нерсе жөнөтүлгөн эмес. Кара деңиз флотун суу түбүндөгү дизелдик кайыктар менен толуктоону чечишкен. Саясий себептерден улам ушундай болгону айкын".
Түндүк флоту кансыз согуш жылдары өзөктүк ооздуктоонун маанилүү элементи болгон. Түндүк деңизчилер эң заманбап стратегиялык атомоход жана суудагы сокку уруучу ракеталык кемелерге ээ болгон.
Бүгүн тарых кайталанып турат: Түндүк флотко өзүнчө аскердик округ макамын ыйгарышкан, ал эми 2014-жылы анын базасында Бириккен страгиялык командачылыкты түзүшкөн. Бул жакка эң акыркы курал жана техника келип турат. Ошентип, түндүк деңизчилер "Борей" долбоорунун суу түбүндөгү жаңы атомдук жана "Ясень" көп буталуу кайыктарын алгачкылардан болуп өздөштүрүштү.
"Адмирал Нахимов" атомдук ракеталык крейсери да толук заманбапташтырылууда. Ага удаа эле "Петр Великий" оор атомдук ракеталык крейсери да толук жакшыртылат. Мындан тышкары, түндүк деңизчилерге 22350 долбоорунун көп буталуу фрегаттарынан бир нече бирдик бөлүшкөн. Алар "Калибр" канаттуу ракеталары жана кемеге каршы коргонуучу "Оникс" ракеталары менен куралданган. Анан да сериянын башкы вымпели "Адмирал Горшковдо" "Циркон" гипер үндүү комплексин башкарууга машыгып жатышат.Азыркы реалдуулукта Россияга Түндүктө кубаттуу форпост (алдыңкы пункт) өтө зарыл. Арктикага планетадагы алдыңкы державалар тыкыр көз салат. Мында пайдалуу кендин эбегейсиз кору жатат. Далай мамлекеттер аталган чөлкөмдө аскердик күчүн бекемдөөгө умтулат. Анын ичинде Арктикадагы башкы атаандаштары катары Россия менен Кытайды атаган Кошмо Штаттар да аталган аймакта активдешти.
Соңку жылдары америкалыктар Түндүккө курал толтуруп, Аляскада радиолокациялык станцияларды куруп, ал жакка ондогон сокку уруучу истребителдерди жеткирүүдө. Пентагон чөлкөмдө жаңы типтеги күч бөлүктөрүн – көп домендүү топторду уюштурууга ниеттенди. Норвегияда азыр АКШнын стратегиялык авиациясынын учактары бар, ал эми россиялык жээктерге жакын тоңдурулган аскердик-деңиз базаларды кайрадан пайдаланууну пландоодо.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.
"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.