БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуу Британияда AstraZeneca менен эмделген жети киши тромб пайда болуп көз жумган. Бул туурасында Медициналык максаттагы каражаттар менен дары-дармектерге көзөмөл кылуу боюнча башкармалыктын (MHRA) билдиргенине таянып РИА Новости кабарлады.
Буга чейин аталган регулятор Британияда AstraZeneca алгандан кийин 30 кишиде тромб пайда болгондугун маалымдаган эле. Жалпы сандын ичинен 22 учурда церебралдык веноздук синус тромбозу (CVST), ал эми калгандарында тромбоздун башка түрлөрү кездешкен.
"30 учурдун ичинен биздин билдирүүдө жети адам, тилекке каршы, каза болду", — деген башкармалык Financial Times басылмасына.
Регулятор BioNTech/Pfizer вакцинасын алгандардын арасынан мындай учурлар болбогонун белгиледи.
Март айында ЕБде AstraZeneca вакцинасын алгандардын ичинен кээ биринде кооптуу учурлар байкалганы туурасында маалыматтар пайда боло баштаган. Биринчилерден болуп коңгуроону Австрия каккан. Алар эмделген адамда тромбоз пайда болуп 10 күндөн кийин көз жумгандыгын, ал эми өпкө тамырынын тромбоэмболиясы менен бир киши ооруканага түшкөндүгүн билдиришкен. Австрияга удаа эле вакцина алгандардын абалы оорлоп кеткендиги туурасында маалыматтар Европанын башка өлкөлөрүнөн түшө баштаган. Британиядан мындай кабар келген эмес, өлкөдө пайдаланылып жаткан вакцина Европа колдонуп жаткан ишканалардан эле чыккан.MHRA буга чейинки жасалган иликтөөлөрдөн кийин AstraZeneca коопсуз жана колдонууга сунушталат деп билдирген эле.
Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери этият болуу максатында аталган препаратты колдонууну токтото туруу чечимин кабыл алды. Анткен менен 18-мартта ЕМА — европалык регулятор анын эксперттери AstraZeneca тромбоэмболиялык кабылдап кетүү кооптуулугун арттырат деген нерсени тастыктабагандыгын билдирди.Башкармалык АstraZeneca вакцинасынын коронавируска каршы майнаптуулугу менен коопсуздугун бекемдеп, элди коргоосу менен артыкчылыгы ага байланышкан тобокелдиктерге караганда алда канча жогору деген болчу.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.
Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.
"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.
Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон мамилеси жөнүндө айтып бергенин РИА Новости жазды.
Трамп Путинге жагарын белгилеген.
"Менин Путин менен мамилем абдан жакшы болчу. Мен ага, ал мага жакчу. Бул нерсе жаман эмес, тескерисинче, жакшы көрүнүш", — деген Трамп.Москва менен Вашингтондун мамилеси 2016-жылдын соңунда, Дональд Трамп президент болуп шайлангандан кийин начарлаган. Себеби шайлоонун жүрүшүнө Москва кийлигишти делген маалыматтар тарап кеткен. Прокурор Роберт Мюллер "Россиянын кийлигишүүсү" жөнүндөгү божомолду эки жыл бою иликтеген. Кийин ал "кийлигишүү" болгонун билдиргени менен расмий Москва менен Вашингтон аны төгүндөгөн.
УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.