БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Медиктер өтө ысык чайдын ден соолукка тийгизген зыянын санап берди. Бул тууралуу Cumhuriyet басылмасына таянып "Известия" басылмасы кабарлады.
Адистер бир нече жыл бою 500 миң кишиге байкоо жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында 65 градустан ашкан чайды көп ичүү кызыл өңгөч рагына кабылуу тобокелчилигин жогорулатат деген тыянак чыгарышкан.
Гастроэнтерология тармагындагы профессор Ведат Герал онкологиялык оору дүйнөдө өлүмгө жеткирген себептердин бири экенин белгилеген.
"Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, Түркиянын чыгышында, Кытайда, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанда ысык чай ичкендер басымдуулук кылат. Мындан улам кызыл өңгөч рагына чалдыккандар бул өлкөлөрдө көп катталат", — деди ал.
"Чылым чеккен адам ысык чайды көп ичсе рактын өрчүп кетүү ыктымалдуулугу эки эсеге жогорулайт. Эгер ичимдик ичсе, анда беш эсе өсөт", — деген адис.
Профессор чайды бир аз муздаганга чейин 3-4 мүнөт күтүп турууну сунуштап, күнүнө 3-4 чөйчөктөн ашык чай ичпеш керектигин эскерткен.
Буга чейин эксперттер ашказанында жарасы барлар менен он эки эли ичегиси ооругандар чайдан таптакыр эле баш тартышы керектигин айтышкан.
Ал АКШнын Чикаго шаарында көчмө дүкөн бизнесин алгачкылардан болуп ачып, Нarvestrolley компаниясын негиздеп отурат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирлан Нурматов менен маектешип, анын ишкерлиги туурасында кеп курган.
— Биз да сиздин ийгилигиңизге абдан кубандык. Куттуктайм! АКШда алгачкылардан болуп өзгөчөлөнгөн бизнес ачыптырсыздар...
— Рахмат, азыр бизнести баштап, иштеп жатабыз. Нarvestrolley (азык-түлүк троллейбусу — ред.) көчмө дүкөн бизнеси чынында Чикагодо жаңылык болуп турат. Негизинен бул жакта деле бала-бакырасы менен үйдө отурган же кандайдыр бир дүкөнгө барууга мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр бар. Буларга да биздин дүкөн ыңгайлуу. Негизинен пандемия көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк алуу жагынан кыйынчылык жаратты. Балдардын баарын бет кап кийгизип дүкөнгө алып баруу өзүнчө бир түйшүк. Анткени Америкада супермаркетке баруу үчүн эки сааттан кем эмес убакыт кетет. Өзүмдүн төрт баламдан улам да мындай түйшүктүн даамын татып калгам. Муну менен катар жолдошу трак айдап иштеген, бала-чакалуу кыргыз келинчектер бар. Жолдошу узак убакытка сапарга чыгып кеткенде балдар менен дүкөнгө баруу аларга да чоң көйгөй жаратат. Мунун баарын көрүп-билип турдум.
— Эми өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, Америкага качан, кантип баргансыз?
— Мен Ош облусунун Ноокат районунан болом. Мектепти бүтүргөндөн кийин эле университетте окуу үчүн 2000-жылы Түркияга келгем. Жогорку окуу жайын бүтүргөн соң түркология факультетинде аспирантураны, андан кийин докторантураны окуп бүтүрдүм. Аспирантураны аяктап жатканда диссертациялык ишим катары Кыргызстандагы Кадыралы Коңкобаев агайыбыз баш болгон агай-эжелерибиздин "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү" китебин түрк тилине которгом. Докторантуралык ишимде дүйнөдө жоголуп бара жаткан тилдерди эске алып, кара калпактардын, ногой-татарлардын жана кыпчак тектүү тилдер катары кыргызча, казакчаны кошуп, атайын фразеологиялык сөздүк жазгам. Илимий эмгектеримдин негизи ушундай. Кийин Түркиядагы котормо жаатында мыкты иш алып барган жаштардын тобу менен биргеликте Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосун которуп, КРдин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Бул мен үчүн сыймык болду.
— АКШга жаңы барганда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болсоңуз керек?
— Бардык нерсени нолдон баштадым. Англис тил курсуна бир жыл барып үйрөнгөн соң, мугалим болуп орношууну максат кылып бир канча университетке документтеримди тапшырдым. Менин кесибим түрколог. Америка менен Түркиянын мамилеси акыркы жылдарда абдан начарлап кеткендиктен көптөгөн түркология факультеттери, бөлүмдөр АКШда жабылып калыптыр. Ошол себептен жакшы жумуш табуу кыйынга турду. Бирок онлайн сабак берип иштеп турдум. Азыр эки студентим бар. Бири түрк тилин, экинчиси кыргыз тилин үйрөнүп жатат.
— Бизнесиңиз тууралуу түшүндүрө кетсеңиз?
— АКШда мындай дүкөндү биринчилерден болуп сиз ачыптырсыз. Идеяны кайдан алдыңыз?
— Бул идея Кыргызстандан, менин бала чагымдан келген десем болот. Кичинебизде жайкы эс алууда Кара-Суу районунун Папан айылына караштуу жайлоолордо таенемдин колунда көп жүрчүбүз. Ошондо жайлоого атайын көчмө дүкөндөр, автолавкалар келер эле. Раматылык таенебиз ошол дүкөндөн өзүнө керектүү кездеме, жип-шуусун алып, биздин дагы көңүлүбүздү көтөрүп керектүү нерселерибизди сатып берип турчу. Балалык кездеги эң жакшы күндөрдүн бири эле, эсиме түшүп туруп алды. АКШда көчмө дүкөн ачуу идеясынын түпкү теги да таенем менен байланыштуу.
Мындан тышкары, АКШда төрт балам менен үй-бүлөмдү багуу үчүн дагы ишкерлик кылуу керектигин түшүндүм. Ошондон улам кесибим башка болсо дагы бизнес кылуунун жол-жобосун издештире баштадым. Жаштарга айтарым, адамга эң башкысы билим керек. Билимдин кадыры бийик. Билим — адамга алдыга коркпой умтулууга жол ачат. Андан тышкары, көп нерсеге анализ жасоого шарт түзүп, жашоодо көп жеңилдиктерди жаратат. Бул менен өзүңдүн кадыр-баркың да өсөт.
— Идеяны ишке ашыруу кыйын болгон жокпу?
— Бул бизнести ишке ашырууда кошумча билим алдым. Айрыкча азык-түлүк тармагында билишим керек болгон көп нерселер бар экен. Ушул тармактан атайын сертификаттарды алуу үчүн окудум. Ар бир азыктын сапатын аныктоодон баштап, кайсы температурада кармоо керектигине чейин үйрөндүм. Керек болсо кайсы азыктарды жакын, чогуу койбош керек экендиги тууралуу билүү абзел экен.
Бул бизнести ачууга алты ай даярдандым. Анткени пандемиядан улам мекемелердин иши солгундап, документтерди бүтүрүү иштери жайыраак болду. Алгач Техаста жашаган досума байланышып, экөөбүз бир катар иштерди жасадык. Анын Техаста кадимки эле дүкөндөрү бар. Идеямды экөөбүз талкуулап, долбоор жаздык. АКШдагы Bank of Amerika деген эң ири банкына барып, алардын башкы каржы адистери менен жолугушканыбызда "мындай бизнес Америкада жок. Эң сонун идея экен. Тезирээк ачкыла, болбосо башкаларга алдырып коёсуңар" дегенде ишти тездеттик. Ошону менен ал досум Техаска, мен Чикагого көчмө дүкөн — Нarvestrolley компаниясын негиздедик.
— Деги эле ал өлкөдө ишкерлик кылууга, ошол эле башка өлкөдөн барган жарандардын бизнес жасоосуна мамиле кандай? Оорчулугу эмнеде?
— Америкада бизнес ачууда эч кандай тоскоолдук болбойт. Компанияны ачып, ага керектүү документтердин баарын даярдап жана текшерүүдөн өткөн соң иштей берүү мүмкүнчүлүгү берилет. АКШда негизинен он миңге чукул кыргыз жараны жашаса, алардын үч-төрт миңге жакыны Чикагодо. Бул жакта кыргыздар үч кафе ачкан. Ал тамактануучу жайларда кыргыз тамактары жасалат. Өзүбүздүн кыргыздар менен кошо америкалыктар да келип, тамактарына ыраазы болуп, сүйүнүп кеткендерин көрөм. Арабызда кыргыздын алмасын, өрүгүн, балын алып келип АКШда сатып иштеген мекендешибиз бар. Ал жигит "Арашан" деген фирма ачып алган. Негизи кыргыздар жалкообуз деп өзүбүздү басмырлаганыбыз менен бул жакта жергиликтүү элге таасирленип, алдыга умтулуп жатышат. Тескерисинче, намыскөй, ишти бат өздөштүрө алат экенбиз. Мындан беш-алты жыл мурда такси айдап иштеген кыргыз балдар азыр эң ири IT компанияларда эмгектенүүдө. Айрым жигиттерибиз трак иштетүүчү компанияларды ачып, оор жүк ташуучу унааларды да сатып алышууда. Бул да болсо кыргыздардын өжөрлүгүнөн кабар берет. Мен да ушул жердештериме таасирленип, ишкерлик баштадым.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Бизге келген кардарлар, ошол эле кыргыздар Кыргызстандан элибиздин нукура азыктарын алып келүүбүздү айтышууда. Ошол себептен, буюрса, чучук, курут, кымыз өңдүү азыктарды алып келүү жагын көздөп жатабыз.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиядагы Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун вирусологу, профессор Анатолий Альтштейн "360" телеканалына КР Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19га каршы "Ысык-Көл тамырын" пайдалануу боюнча сунушуна пикирин билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту бул же тигил каражат менен дарыласа болорун клиникалык изилдөөдөн кийин гана айтууга болот.
"Бизде пайдаланса болот делген каражаттар толтура. Эгер дарыгерлер кайсы бир препаратка ишенип жатса, аны клиникалык сыноодон өткөрүп көрүү керек. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз", — деди адис.
Вирусолог кошумчалагандай, элдик медицинада ар кандай каражаттар колдонула берет. Бирок аларды изилдеп көргөн мисалдар аз.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.
Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.
"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.
Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.