Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүClubhouse тиркемеси. Архив
Clubhouse тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Clubhouse жаңы социалдык тармак. Ага башка бир катталуучу чакыруу жөнөткөндө гана кирүүгө болот. Сервис кыска убакытта эле 5,3 миллион кишини топтой алды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Интернеттеги кылмышкерлер Clubhouse социалдык тармагындагы 1,3 миллион катталуучунун жеке маалыматын ачыкка чыгарып жиберди. Бул тууралуу Cybernews порталы жазды.
Сайттагы маалыматка ылайык, Clubhouse катталуучуларынын маалыматы беделдүү хакердик форумда акысыз түрдө жеткиликтүү болуп турат. Жарыяланып кеткен маалыматта колдонуучунун аты-жөнү, Twitter менен Instagram тармагы аркылуу сервиске каттоосу, катталуучулар менен катталгандардын саны, аккаунттун түзүлгөн күнү жана башка маалыматтар бар.
Facebook тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Facebook: маалыматтардын ачыкталышы эмнеси менен кооптуу экени айтылды
Бирок ачыкка чыгып кеткендердин арасында насыялык картанын жашыруун маалыматы жок. Анткен менен кийинки чабуулдарды жасоого оңой жол ачылганы айтылат.
Clubhouse жаңы социалдык тармак. Ага башка бир катталуучу чакыруу жөнөткөндө гана кирүүгө болот. Сервис кыска убакытта элге тарап, 5,3 миллион кишиге кызмат көрсөтүүдө. Колдонуучулардын арасында SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илона Маск дагы бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0