АКШда полиция афроамерикалыкты атып салып, башаламандык жаралды. Видео

© REUTERS / NICHOLAS PFOSIКыз полиция кызматкерлердин жанында массалык каршылыктар учурунда
Кыз полиция кызматкерлердин жанында массалык каршылыктар учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
Жазылуу
Полиция ынды кара кишини жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтоткон. Текшерүү учурунда буга чейин аны камакка алууга ордер берилгени белгилүү болгон.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Американын Бруклин-Сентер шаарында полициянын ынды кара кишини атып салганы массалык каршылыктарды жаратты. Бул тууралуу The Independent жазды.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары 20 жаштагы Данте Райтаны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда полиция кызматкерлери буга чейин аны камакка алууга ордер берилгенин аныкташкан.
​"Америкалык жаран полициянын талабына баш ийгиси келбей, өзүнүн унаасына барып отуруп алган. Мындан улам тартип сакчыларынын бири Райтты көздөй ок чыгарган. Анын унаасы бир нече көчөдөн өтүп барып башка машинаны сүзгөн. Натыйжада рулдагы аял жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми Райт ошол жерден көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
​Окуядан кийин кырсык болгон жерге 500гө жакын киши чогулуп, полиция менен жарандар кагылышкан. Натыйжада бир нече күзөт унаасы жарактан чыкканы айтылды. Топтолгондорду таратыш үчүн тартип сакчылары желим окторду колдонушкан.
Кечке жуук каршылык акциясы токтоп, жарандар "Даунт Райтка акыйкаттык" деген жазууларды калтырып кетишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0