Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОткрытие гипермаркета "О'КЕЙ" в Новосибирске
Открытие гипермаркета О'КЕЙ в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.
Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.
"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.
Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0