Россиялык дипломаттар атайын багыттагы учакка отуруп жатышат

Чехиядан орустарды чыгаруунун Байденге зарылдыгы эмне?

131
(жаңыланган 10:39 21.04.2021)
Азыркы таптагы "атлантикалык шериктештик" деген эмне? Бул НАТОну түзүү – союздаштардын бирине кол салынса, жамааттык коргонуу жөнүндөгү келишимдин бешинчи беренеси эмес.

Учурда шериктештик Атлантиканын эки тарабы тең Россия менен бирдей начар алакада болууга тийиш деген тейде. Кошмо Штаттар Россияга жаңы санкцияларын киргизери менен Польша россиялык элчиликтеги үч кызматкердин өлкө аймагында болушуна тыюу салды. Европадагы ушундай жагдай тегерегинде Петр Акопов ой калчаган.

Анткен менен бул башталышы гана экен, Чехия россиялык 18 дипломатты өлкөдөн чыгарып, Скрипалдардын иши боюнча белгилүү болгон Боширов менен Петровду 2014-жылдагы аскердик кампалардагы жардырууга айыптоо чечимин кабыл алды.

"Бул биздин территорияга 1968-жылдан берки эң чоң кол салуу болду", — дешти Чехиянын парламентинен. Ал эми өкмөттөгүлөр ЕБдин башка мүчөлөрүнөн "орус диверсиясын" талкуулоону, анан калса кандайдыр жаңы санкцияларды кабыл алууну талап кылышууда.

Жоан Роулинг жана Бенедикт Камбербэтч Путинден Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү, ал эми Эммануэль Макрон Россия үчүн кандайдыр бир "кызыл чийинди" белгилөөнү өтүнүүдө.

Атлантисттер жакындагы Байдендин Путин менен болгон соодалашуусунда (Вашингтон жагдайды ушундайча көрөт) америкалык президент батыш дүйнөсүнүн айныгыс лидери катары болушунча күчтүү позицияны ээлешин көздөйт. Анткен менен реалдуулук мындай пландарга жол бербейт, ЕБ менен Кошмо Штаттардын ортосунда эч кандай биримдик жок, дегеле Европанын өзүндө консенсус жайында эмес. Биримдик тургай, ага мүчө болгон негизги өлкөлөрдүн каймактарынын тиреши күчөөдө.

ФРГнын башкаруучу партиясы Меркелдин ордуна канцлерликке ким келерин аныктай албай келет. Францияда истеблишменттин ичинде бир жылдан соң президенттикке системага жат Марин Ле Пендин келип калуу ыктымалдыгына эле кыжырдануу күч алып барат.

Кеп жалпы калкты айтпаганда да, европалык элитанын Россия менен мамилени бузууну каалабаганында эле эмес, ЕБде азыр жасалма ырбатылган жаңжалдарга алаксыбастан эч создуктурбай чече турган көйгөй арбын.

"Кызыл чийиндер" учурда Европанын чыгышында эмес, Батыш Европанын чордонунда. Өз калкы, улуттук суверенитети жагынан алганда аларды аттап өтүү европалык каймактардын өздөрүнө кооптуу абал.

131
Белгилер:
дипломат, мамиле, Европа, шериктештик, Чехия, НАТО, Россия
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбырды бере тургула. Дүйнөнү башкарууга умтулган ЕБ лидерлери
Татарстандын Казань шаарындагы ок чыккан метептин жаныдагы ИИМ кызматкерлери

Татарстандын бийлиги мектептеги ок атуудан канча окуучу көз жумганын тактады

397
(жаңыланган 18:58 11.05.2021)
Учурда шектүү колго түштү. Алдын ала маалымат боюнча, анын шериги болгон эмес. Ок чыгарган жаранга карата психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Татарстандын Казань шаарындагы мектептен жети окуучу менен бир мугалим аял каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Татарстандын президентинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин маалыматына караганда, окуянын кесепетинен көз жумгандардан тышкары 20 окуучу жабыркаган.

Буга чейин республиканын башчысы Рустам Минниханов 8-класстагы төрт бала жана үч кыз көз жумганын билдирген. Ал эми ЖМКлар 11 адам өлгөнүн, алардын ичинде терезеден секирип кеткен эки окуучу бар экенин жазышкан.

Минниханов мектеп окуучуларын көздөй окту 19 жаштагы бала чыгарганын, курал анын өзүнө катталганын айтты. Шектүү кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, шериги болгон эмес. Ага карата комплекстик психологиялык жана психиатриялык экспертиза дайындалды.

Шаршемби, 12-май, Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. 

397
Белгилер:
ок атуу, окуучу, мектеп, Казань, Татарстан
Тема боюнча
Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео
Казань шаарынын № 175 мектебине кирип бараткан ИИМ кызматкерлери

Казань шаарындагы мектепте өспүрүм ок чыгарып, 8 киши каза болду. Видео

202
(жаңыланган 15:26 11.05.2021)
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуучу аткылаган жерде тогуз киши каза болду. Калган балдар мектептен эвакуацияланып жатат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Татарстандын Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, сегиз киши көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Интернетте балдар октон качып жүргөн видео тарады. Каргашалуу окуя Файзи көчөсүндө жайгашкан № 175 мектепте болгону айтылууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окту өспүрүм чыгарган. Учурда ал кармалып, башка окуучулар эвакуацияланып жатат.

Жерине 20 тез жардам бригадасы, президент Рустам Минниханов жана прокурор Илдус Нафиков барган.

РИА Новости агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерде бери дегенде сегиз киши каза тапкан, алардын басымдуу бөлүгү балдар. Төрт киши ооруканага жаткырылды.

  • Татарстандын Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, тогуз киши көз жумду
    © Sputnik / Максим Богодвид
  • Каргашалуу окуя Файзи көчөсүндө жайгашкан № 175 мектепте болгону айтылууда
    © Sputnik / Максим Богодвид
  • Алдын ала маалыматтарга караганда, окту өспүрүм чыгарган
    © Sputnik / Максим Богодвид
  • Учурда ал кармалып, башка окуучулар эвакуацияланып жатат
    © Sputnik / Максим Богодвид
  • РИА Новости агенттигине Тез жардам кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерде бери дегенде тогуз киши каза тапкан, алардын басымдуу бөлүгү балдар. Төрт киши ооруканага жаткырылды.
    © Sputnik / Максим Богодвид
1 / 5
© Sputnik / Максим Богодвид
Татарстандын Казань шаарындагы мектепте ок атуу болуп, алдын ала маалыматтар боюнча, тогуз киши көз жумду
202
Белгилер:
өлүм, окуучу, атышуу, мектеп, Татарстан
Тема боюнча
Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео
Жүк ташуучу унаалар. Архив

Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат

0
(жаңыланган 23:12 11.05.2021)
Үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздук үчүн милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Баткен облусунун кире бериш аймагынан токтотулган Тажикстандын жүк ташып бара жаткан унаалары милиция тарабынан кармалып турган. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үч фура 7-майдан бери чек ара тилкелериндеги окуяга байланыштуу коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлеринин карамагында болгон.

“Бүгүн, 11-майда, кармалган фураларды Баткен ОИИБдин унаа токтотуучу жайына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алып келе жаткан. Кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жүк ташуучу унаалар алмаштырылат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу унааларын Кыргызстандын укук коргоо органдары коштоп чек арадан өткөрүүгө аракет кылган деген видео тараган.

0
Белгилер:
милиция, Тажикстан, алмашуу, фура, Баткен
Тема боюнча
УКМК Тажикстанга Баткен аркылуу бензин ташылууда деген маалыматты четке какты
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды