Анкарада жайгашкан Кожатепе мечитинин алдында дезинфекция иштери. Архивдик сүрөт

Түркияда COVID күчөп, көп өлкө жарандарын жибергиси келбей турат

125
(жаңыланган 12:18 25.04.2021)
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түркияда COVID-19 жуктургандардын саны 4,5 миллиондон ашып, дүйнөлүк тизмеде алтынчы орунга чыкты.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Түркияда коронавирус жугузгандардын саны кескин көбөйүп, эпидемиологиялык абал оорлогонуна байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул мамлекетке аба каттамдарын кайрадан токтотуп жатат.

Мисалы, коңшу Казакстан 26-апрелден тарта аптасына белгиленген 20 каттамдын санын тогузга түшүрөт.

“Түркияда эпидемиологиялык абал оорлоп кетти. Андыктан өз жарандарыбызга башка, вирус жугузуп алуу кооптуулугу азыраак өлкөлөргө барууну сунуштайбыз”, — дешет туризм тармагындагы адистер.

Ошол эле учурда Россия Түркияда эс алып жүргөн жарандарын атайын учактарды жиберип, массалык түрдө мекенине алып келип жатат. Буга чейин Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова бул өлкө менен туруктуу жана чартердик каттамдар 1,5 айга токтотуларын айткан эле.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус статистикасын жүргүзгөн Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түркияда COVID-19 жуктургандардын саны 4,5 миллиондон ашып, дүйнөлүк тизмеде алтынчы орунга чыкты.

125
Белгилер:
абал, каттам, туризм, пандемия, коронавирус, Түркия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1388)
Тема боюнча
Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат
Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылындагы талкаланган имарат

Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди

161
(жаңыланган 17:48 06.05.2021)
Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик жаңжалында 19 жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат берди. Бул тууралуу Согди облустук администрациясынын маалымат кызматына таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Облус жетекчилиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул үчүн мамлекет 3 миллион сомони (22 миллион сомдун тегереги) бөлдү", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

161
Белгилер:
расмий маалымат, өлүм, жаран, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Женевадагы мекендештер чек ара жаңжалы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды. Видео
Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз. Архив

Жадыбалды билбей калган жигитке турмушка чыкпай койду. Индиялык кыздын окуясы

154
(жаңыланган 13:33 06.05.2021)
Үлпөт той өтүп, тууган-туушкандар майрамдап жаткан кезде колукту болочок жолдошунан жадыбалды сураган. Бирок ал жооп бере алган эмес.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз болочоктогу жолдошу таблицаны билбей койгону үчүн үлпөт тойду токтотуп койду. Бул тууралуу Tribune India маалымат порталы жазды.

Окуя өткөн дем алышта Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон.

"Колукту расмий түрдө макулдугун берип гирлянда менен алмашар алдында жолдошунан экинин таблицасын сураган. Сүрдөгөн ал жооп бере алган эмес. Кыз болочок жолдошунун билимсиздигине ызаланып, математиканын негиздерин билбеген кишиге турмушка чыкпай турганын айтып залдан чыгып кеткен. Достору менен туугандары кызды турмушка чыгууга көндүрө албай коюшкан", — деп айтылат маалыматта.

Колуктунун агасы карындашынын чечимин колдогон. Анын айтымында, күйөө баланын үй-бүлөсү анын билими жөнүндө эч нерсе айтпай жашырып койгон.

Ортодо түшүнбөстүктөр чыкпашы үчүн эки үй-бүлө тең бири-бирине берген белектерин кайтарып беришкен.

154
Белгилер:
таблица, билим, той, үлпөт, Индия
Тема боюнча
Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды
Төкмө акын Эламан Келдибеков

"Бала Барпы" Эламан акын: Баткен коогасында үйдө 60тан ашык киши жашады

165
(жаңыланган 20:10 06.05.2021)
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги төкмө акын Эламан Келдибеков менен кабарлашып, акындын туугандарынын ал-жайын сурап, өнөр туурасында аз-маз баарлашкан элек.

Акын учурда Москва шаарында иштеп жүрөт.

— Азыр Россияда турбайсызбы?

— Мен азыр Россиянын Москва шаарында жүрөм. Абалым кудайга шүгүр, иштеп жатам. Былтыр 28-декабрда келгем. Жаңы жылды бул жактан тостум. Москвага келген себебим, иштеп, акча таап, анын үстүнө жер көрөйүн деп да ойлодум. 

— Акындык дайыма изденүүнү талап кылат эмеспи. Өнөргө убакыт табылып жатабы?

—  Бул жактагы мигранттар да мени көрүп “Бул да бизге окшоп иштегени келиптир. Өнөрү калып кетет го”, — деп ойлошот. Айрымдары ачык эле сурайт, бирок өнөр эч качан калбайт. Анткени аны атайын үйрөнүүгө болбойт эмеспи. Бул да тубаса кудайдан берилген талант. Анан жоопкерчилик жагы да бар. Заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт. Муну менен катар төкмөлүктү өрчүтүп, мокотпой алып жүрүү үчүн бир гана китеп окуп, үйдө отуруу керек эмес. Үйрөнүүнүн жолдору көп, акын көз менен көрүп, кулак менен угуп, сезип да үйрөнөт. Ошол себептен бул жактан да изденүүнү токтотпой, чыгармачылык менен катар ишимди алып кетүүдөмүн десем болот.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Баткендик төкмө акын Эламан Келдибековду коомчулук “бала Барпы” деп да атап келишет. Ал Барпынын обонуна салып, айтышка улуу акындын ыкмасы менен түшөт

— Баткендин кулуну болосуз. Акыркы кандуу окуя, тажиктердин кол салуусун сиз кандайча уктуңуз?

— Мен Лейлек районунун Маргун айылынан болом. Биздин айыл Арка, 60 жылдык, Максат айылдары менен чектеш. Кечээки окуялар ушул айылдарда болду. Ал айылдын тургундары биздин айылга качып келишкен экен. Коңшулардын чектеш айылдарында жашаган карапайым эл менен буга чейин алакабыз бар эле. Алар биздин базарга, биз алардыкына барып соода кылып турган кез болгон.  Ошондой эле коңшу тажиктер менен талаш-тартыш, кагылыштар мурунтан эле болуп келген. Бирок ушул жолкусунда абдан оор болду. Тажикстандын  атайын даярданганын көрдүк. Ушундай мыкаачылык менен басып кирип, тынч жаткан элдин канын төгүп, мал-мүлкүн талоонго алышты. Муну менен эле жөн калбай, кайра бизди сотко берип койгонуна аргасыз баш чайкайсың. Ушунчалык бетсиздикке ишенбей да кетет экенсиң. Кыжырым келди. 

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Нурлан Темирбек уулу
Төкмө акын Эламан Келдибеков: заманыбыздын залкары болгон Элмирбек Иманалиевдин да шакирти болуп калдык. Бул акындык өнөрдүн алдындагы жоопкерчиликти эки эсе көбөйтөт

— Ушул окуяга чейин сиз чек ара боюнча оюңузду билдирип, Камчыбек Ташиевге да жооп кайтарган ырыңыздын видеосу социалдык тармакта кенен тарап, талкуу жараткан... 

— Чек ара боюнча былтыр да социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасагам. Быйыл да өзүңүздөр көргөндөй жогорку жакка кайрылдым. Бул, биринчиден, акындык парзым, экинчиден, ушул өлкөнүн жаранымын. Үчүнчүдөн, Баткендин баласы болгондугум үчүн чек ара темасында көбүрөөк кайрылууга туура келет. Себеби акын болуп туруп элдин үнүн айтып чыкпасам, жеткирбесем, менин эмнем акын? Бул кайрылуумду туура эле кылдым деп ойлойм. 

Ушу тапта:

“Баткендин эли баатыр эл

Таш менен коргойт чектерин.

Тажиктер бизге үйрөттү

Таш доору өтүп кеткенин”, — деген саптар келип жатат.

— Ата-энеңиз Баткендеги каргашалуу окуяда жабыркашкан жокпу, баары жакшыбы?

— Негизи абдан коркушкан экен. Кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр. Азыр апам бар, атам мен беш айлык кезимде каза болуп калган. Өзүм алты бир туугандын кичүүсүмүн. Туугандарымдын бардыгы айылда турушат. Кудайга шүгүр, азыр баары тынч.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"
Төкмө акын Эламан Келдибеков: устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет

— Сиз негизинен комуз чертпей, өзгөчө стилде ырдайсыз. Муну атайын тандап алдыңыз беле же башынан ырдоо техникаңыз ушундайбы?

— Барпы атабыздын стилинде ырдайм. Ошол себептен эл да мени “Бала Барпы”, “Жаш Барпы” деп коюшса керек. Негизинен комузу жок айтышуу комуз менен төккөнгө караганда бир аз оор. Анткени кээде эки саптын же төрт саптын ортосунда комуз чертип турууга болот. Барпы атабыздын стилинде ырдоодо тездик, ыкчам ойлонуп төгүү керек. Айтыштарымда кээде ырдап жатып эле токтоп калып, эл мени, мен элди карап туруп калган ирмемдер кездешет. Бирок мындай стилде ырдоо өзүмө жагат. Айтыштардын биринде кадимки Түгөлбай Казаков агабыз “ушинтип ырдап көрчү, сага жарашса керек” деп ушул обонду сунуштаган. Ырдап көрдүм, мага абдан жакты.

— Комуз черткенди билесизби?

— Комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / предоставлено Эламаном Келдибековым
Төкмө акын Эламан Келдибеков: кандуу окуя башталганда үйдө чек арага жакын айылдардан качып келген 60тан ашык адам жашаптыр

—  Айтылуу акын Элмирбек Иманалиевди устатым деп калдыңыз. Ал кишиден эмне ала алдыңыз?

—  Устатыбыз Элмирбек Иманалиевден көп нерсе үйрөндүк. Устат шакиртине эмне үйрөтүшү керек болсо, билгенинин баарын шакирттерине берип кетти деп айта алам. Ал кишинин өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бирок ушу кезге чейин устатыбыз дайыма биз менен жүргөндөй эле сезиле берет. Анын айткандары бүт шакирттеринин эсинде. Бизге “өнөр менен иштегиле, өнөрдү хобби эмес, кесип кылгыла” деп айткан сөздөрү бар. Менимче, бардык шакирттери устаттын ушул сөзүн жерде калтырбай, аракетин жасап өнөрдүн артына түшүп, тынбай изденип келе жатышат. Карап отурсам, жыйырмадан ашык балага төкмөлүктүн сырларын ачып берип кетиптир. Азыр алыста болсом дагы устатыбыздай болгонго, анын адамдык сапатын алып жүрүүгө аракет кылам.

— Ал жакта жүрүп төкмө акындар менен байланышты үзгөн жоксузбу?

— Төкмө акындардын баары менен мамилем жакшы. Сүйлөшүп, кабар алышып турабыз. Кечээки Баткен окуясында баары чалып, Whatsapp аркылуу жазып “үй-бүлөң тынчпы?” деп сурап турушту. Негизи устатыбыздын эң аз сүйлөгөн жана аз суроо берген шакирти мен элем (күлүп). Кээ бир адамдар акын болсо эле көп сүйлөйт деп ойлошот. Бирок мени менен иштешип же жанымда жүрүп калгандар “абдан аз сүйлөйт экенсиң, кишини зериктирип жибердиң” деп нааразы болуп калышат. Болгон мүнөзүм ошондой.

Баткенский акын-импровизатор Эламан Келдибеков
© Фото / Жанылай Кекеева
Төкмө акын Эламан Келдибеков: комуз жагына келгенде элдин оозун ачырып күү черте ала турган комузчу эмесмин. Бирок акындыктын деңгээлинде чертем

— Акын кайда болсо да коомдун күрө тамырын сезе билет эмеспи. Россиядагы мигранттардын жашоосу сизге кандай таасир калтырды?

— Коомду, андагы көйгөйлөрдү көргөндө оозуңа куюлушуп ырларың келип турат. Россияда кыргыздар абдан көп экен. Досторума айтсам “пандемияга байланыштуу бул дагы азайып калганы, мындан да көп болчу” дейт. Кыргызстандагы кыргыздарга караганда иштеп, мамлекеттин сыртында жүргөн мекендештерде патриоттуулук сезим эки эсе күчтүүрөөк экен деп ойлоп калдым. Негизи Россияга жөнөп жатканда орус тилин үйрөнүп келейин деген да оюм болгон. Себеби тилди жакшы билчү эмесмин. Анан бул жакка келсем баары эле кыргыз. Дүкөнгө кирсең, таксиге түшсөң, ишке барсаң деле кыргыздар. Кыргызча эле сүйлөп жүрөм (күлүп). Жумушта бухгалтер орус кызы. Аны менен түшүнүшө албай күлкүлүү окуялар болду. 

165
Белгилер:
Эламан Келдибеков, окуя, Мигрант, Россия, өнөр, Баткен, төкмө акын
Тема боюнча
Комузчу Бердибекова: күүлөрүн нотага түшүргөндө Нурак агай катуу толкунданган