Суу түтүктөр. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө суу талашкан согуш башталабы? Адистердин пикири

407
(жаңыланган 17:07 25.04.2021)
Окумуштуулардын айтымында, жакынкы жылдары адам баласын сууга байланыштуу көйгөйлөр күтүп турат. Бирок ал суунун көлөмүнө эмес, сапатына байланыштуу болот.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Климаттын өзгөрүшү акыркы 50 жыл ичинде планетанын айрым жерлеринде таза суу тартыштыгына алып келет. Бул тууралуу окумуштууларга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Жогорку экономика мектеби" улуттук изилдөөлөр университетинин география жана геоинформациялык технологиялар факультетинин доценти Мария Сидорованын айтымында, суунун көлөмү боюнча эмес, сапаты боюнча көйгөйлөр жаралат.

"Климаттын өзгөрүшү суунун сапатын начарлатат. Мисалы, абанын температурасы адаттагыдан жогору болсо, суу астындагы өсүмдүктөр ченебей өсүп, суу булганат. Жаан-чачын көп болгон учурда жаандын суусу дарыя, булактарга аралашып, сууну ылайлатат. Бирок суу үчүн согуш болот деп ойлобойм. Азыр адам баласы туздуу сууну тазартуу жолдорун үйрөнүп келе жатат. Ошондой эле сууну үнөмдөө боюнча технологиялар пайда болууда, — деди Сидорова.

Анткен менен география илимдеринин кандидады, климаттын оор шарттарынан улам жер которгондор боюнча адис Юлия Кузнецова суу тартыштыгы эмитен эле аскердик кагылышууларга алып келип жатканын айтты.

"Бир нече жылга созулган кургакчылык менен элдин таза сууга жетпей кыйналышы 2011-жылы Сириядагы аскердик сценарийдин башталышына себеп болгон. Өлкө ичинде миграция күч алып, эл арасында ресурс үчүн күрөш башталган. Мындан тышкары, Дарфур кагылышы деген ат менен таанымал Судандагы чуу дагы суу тартыштыгынан келип чыккан", — деди Кузнецова.

Эске салсак, 2020-жылдын жай мезгилинде дүйнө жүзү боюнча абанын температурасы нормадан 1,17 градус жогору болуп, XX кылымдагы эң ысык учур болуп калган. Бул учурда дүйнөнүн айрым жерлеринде кургакчылык болсо, экинчи жагында суу ташкындап, адам баласын бир топ убайымга салган.

407
Белгилер:
көйгөй, тартыштык, таза суу, Дүйнө
Тема боюнча
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Спутник Лайт вакцинасы. Архив

Россия коронавируска каршы дагы бир вакцинаны каттоодон өткөрдү

5
(жаңыланган 21:34 06.05.2021)
Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөөнүн 28 күнүнөн тарта 79,4 пайызга жетет. Бул учурда текшерилгендердин 96.6 пайызында IgG антителосу, 91,67 пайызында вирусту алсыздандыра турган антитело пайда болорун аныкталды. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экенин белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп, ага Россия, БАЭ, Гана сыяктуу мамлекеттерден 7 миң кши катышып жатат. Жыйынтыгы ушул айда белгилүү болот.

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет.

Буга чейин Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгилеген.

5
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Майдын ортосунда "Спутник V" вакцинасынын дагы бир партиясы келери күтүлүүдө
Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылындагы талкаланган имарат

Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди

186
(жаңыланган 17:48 06.05.2021)
Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик жаңжалында 19 жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат берди. Бул тууралуу Согди облустук администрациясынын маалымат кызматына таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Облус жетекчилиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул үчүн мамлекет 3 миллион сомони (22 миллион сомдун тегереги) бөлдү", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

186
Белгилер:
расмий маалымат, өлүм, жаран, Тажикстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек
Женевадагы мекендештер чек ара жаңжалы боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды. Видео