Афган армиясы. Архивдик сүрөт

Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?

393
(жаңыланган 10:47 29.04.2021)
Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат: АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.

Россия жана Тажикстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен биргеликте түштүк тараптан аскердик коркунучтардын мизин кайтарууга камынууда. Аскерий серепчи Александр Хроленко бул жолу Афганистандагы азыркы абалга баам салган.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу 27-апрелде Душанбеге болгон иш сапарында ага коңшу Афганистанда жагдай начарлап жатканын, ошол себептен Россия жана Тажикстан түштүк тараптан "соккон" кооптуулуктардын алдын алуу үчүн чогуу машыгууда.

Мурдараак чектешкен жерлердеги Харб-Майдон, Самбули жана Момирак полигондорунда 201-россиялык аскердик базасы жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн 3500дөн ашуун аскерлеринин катышуусунда биргелешкен машыгуу өткөн. Мындан тышкары, РФ тажик аскер кызматкерлерин окутуу программасын да кеңейтүүдө. Москва жана Душанбе абадан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүү жөнүндө макулдашчудай. Сергей Шойгунун Тажикстанга болгон иш сапары, аскердик жана аскердик-техникалык өз ара аракеттешүүгө басым жасоо тегин жерден эмес.

АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү 25-апрелде Афганистандан өз күчтөрүн чыгарууга киришти. Чет элдик аскер базалары жана андагы 1 млрд долларлык жабдуулар афган армиясына өткөрүлөт. Өкмөттүк күчтөр менен айыгышкан катуу кармаштарда маанилүү аскердик объектилерди басып алууга далбас урушат. Балх провинциясында ийгиликтерге жетишкени да маалым.

Афганистандагы куралдуу кагылыштарда бир апта аралыгында 90дон ашуун жоокер, полиция кызматкери, 14 жай тургун набыт болуп, 165 террорчу жок кылынды. АКШ жана НАТОнун курал-жарагын Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берүү Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр үчүн бир кыйла тобокелдиктерди жаратат. Кезегинде Кошмо Штаттар Ирактын "туура" армиясын түзүп, 1 миллиард долларга жабдыган. Көп өтпөй куралдардын баары, анын ичинде танк, артиллерия, танкка каршы коргонуучу TOW жана көтөрүп жүрүүчү Stinger зениттик-ракеталык комплекстери "Ислам мамлекетинин"* согушкерлеринин колуна өткөн. 2002-жылы батыш коалициянын активдүү жардамы менен армиясы жаңыдан түптөлгөн Афганистанда да жихадчыларды "кайра куралдандыруу" кайталанса, бүт чөлкөм үчүн кесепети оор.

АКШ менен "Талибандын"* тынчтык келишими жарандык согуштун жаңы түрмөгүнө түртүп баратканы эмитен эле түшүнүктүү. Афганистандын улуттук коопсуздук күчтөрү куралдуу террордук топторго каршы туруштук берүүгө жөндөмсүз.

Кан күйгөн түндүк жана катаал түштүк

Талибдер 23-апрелде Балх түндүк провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн базасын басып алышты, сегиз жоокер шейит болду. Андан бир күн мурун да жихадчылар Мазари-Шариф калаасынан өтө ыраак эмес жердеги афган армиясынын блокпостуна чабуул коюп, ушундай эле санда курмандык болгон. Эгер афган армиясынын базалары талибдерди курал-жарак арсеналдары менен кызыктырса, алдыңкы посттору – жихадчылар ээлик кылгысы келген аймактар жана магистралдардын "ачкычы". Түндүктөгү Тахар провинциясында "Талибандын"* согушкерлери 17-апрелде да өкмөттүк күчтөрдүн блокпостторуна чабуул коюп, төрт аскер кызматкери окко учкан.

Афганистандын түндүгүндө абал курчугандан курчуп барат. Талибдер азырынча Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда байкала элек, антсе да Тажикстандан келген согушкерлер афган жергесинде эбак бар, "Талибандын"* отряддары менен бирге аракет этип келишет.

Бадахшандын бийлиги ИМ* жана "Аль-Каида"* террордук уюмдары "Ансарулла" жана "Харкат-и-Ислами" аттуу тажик жана өзбек топторунун жардамында чөлкөмдө орун алуусун бекемдеген. Коңшу өлкөлөргө да афган согушунун жайылып кетүү ыктымалдыгы жогору. Маңызсыз ырайымсыздык да күч алып барат. Мисалга, 21-апрелде талибдер Кабулга жакын Вардак провинциясындагы полиция участогун басып алган. Кызматкерлер ыктыярдуу багынып берген, ошентсе да согушкерлер беш тартип сакчысын өлтүрүшкөн. Бул өлкөдө чоң коомдук резонансты жаратты, себеби афган реалдуулугу полициядан "Талибанга"*, ИМге* өтүп же тескерисинче кайталанып келет. Балким жихад интернационалы "соңку жана чечкиндүү кармаштын" жакындашын туюп, арсар болгондорду бет келген жерде жок кылууда.

Башка жагынан 17-апрелде Афганистандын аскердик-аба күчтөрү түндүктөгү Балх провинциясындагы талибдердин лагерине абадан сокку уруп, 8 согушкер, анын ичинде талаа командирин да жок кылышкан. Нимроз провинциясындагы "Талибандын"* позицияларына афган авиациясынын дагы эки соккусунан 22 жихадчы көз жумду. Забуль провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн "Талибан"* менен кармашында 14 талиб жок кылынган.

Эске салсак, АКШ бир топ жыл мурун Афганистандын жаңы армиясын түзгөн, бирок 2015-жылдын сентябрында аз эле сандагы талибдер чек арага жакын Пянж дайрасынан 60 чакырым ыраактагы Кундуз шаарындагы жети миңдик гарнизонду тартып алышкан. Калааны эки апта кармап турушкан.

Ушул тапта "Талибан"* чечкиндүү аракетте, анын катарында 50 миңден ашуун дасыккан согушкер бар. Атлантикалык альянстын аскердик контингенти жана Аскердик-аба күчтөрү чыгарылган соң Кабулдагы өкмөткө өлкөдө бийликти кармап туруу өтө кыйын. Баса, АКШ бүгүн Афганистанга өз күчтөрүн чыгарып кетүүдө аларды калкалоо үчүн 650 аскер кызматкерин жөнөтүүдө. Пентагон мурдараак Катардагы авиабазага B-52 Stratofortress эки бомбалоочу учагын жөнөтөрүн маалымдаган эле. Кыязы, Ислам Республикасынын армиясынын жана тартип сактоо күчтөрүнө анчалык ынанбайт өңдөнөт.

Ийгиликсиз вазийпа

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Фрэнк Маккензи афган коопсуздук күчтөрүнүн өлкөнү өз алдынча коргоо жөндөмүнөн шек санайт. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс Кабулга алдын ала жарыялабастан барып, чет элдик контингенттин чыгарылышынан кийин афган күчтөрүнүн аскердик кубаттуулугун талкуулоо үчүн Кабулга барган. Мурда Бернс аскердик күчтөр чыгарылышы бир топ тобокелдиктерге кептээрин, атап айтканда, Афганистанда "Ислам мамлекети"* жана "Аль-Каида"* өз таасирин калыптандырышы мүмкүн экенин белгилеген.

Кошмо Штаттардын Конгресси үчүн даярдалган Пентагондун 24-апрелдеги докладында "Аль-Каида"* Афганистанда талибдер менен эриш-аркак алакада жана жаңы чабуул коркунучу дале бар, ал эми мындай террорчул топтордун "өз ара пайдалуу мамилесинин" үзүлүшү күмөн экени айтылат. Мындай "тектүү байланыш" 2020-жылдын 29-февралындагы тынчтык келишиминин шарттарына каршы келип турса да америкалыктар өлкөдөн кетип жатышат. Компенсация катары 300 миллион доллар көлөмүндөгү "кошумча жарандык көмөгүн" гана сунуштоодо.

Москва афган жагдайы жана жалпысынан АКШ менен НАТОнун миссиясына маңыздуу жана кескин баасын берди. РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, "Аль-Каиданын"* ячейкалары 11 афган провинциясында аракетте, талибдер өлкө аймагынын жарымынан көбүн көзөмөлдөп, өкмөт менен куралдуу кармашын улантып келет. Ошондой эле Афганистан глобалдык жаңы коркунуч – ИМ* үчүн баш калкалаар жайга айланып калган. Республикада 4 миңге чукул согушкер бар, мезгил-мезгили менен өлкө аймагында, анын ичинде Кабулда терактыларды уюштуруп келет. Баңгизатка каршы күрөш жаатында да үрөй учурган жагдай өкүм сүрүүдө. НАТОнун тушунда Афганистанда апийим өстүрүлгөн аянттар 20 эседен ашуун – 163 миң га чейин (апийимдин дүйнөлүк рыногунун 80%дан ашуунун камсыздайт) кеңейди. Баңгизат Афганистан Ислам Республикасынын 34 провинциясынын 24үндө өндүрүлөт. Мария Захарова Афганистандагы америкалык кампанияны "кадырсыз" деп баалады, себеби "жыйырма жыл ичинде альянс өлкөнү өз алдынча коргой алчу жана тартипти камсыздай ала турган жергиликтүү күч түзүмдөрүн уюштуруу милдетин эптей албады".

Талибдердин "ак" ниети

"Талибан"* аталган өлкөнү бийлеп турган токсонунчу жылдардан бери өзгөрүп деле кеткен жок. Уюмдун жар салган максаты – "Афганистанды куткаруу жана өлкөгө мамлекеттик түзүлүштүн ислам тутумун киргизүү".

Атайын билдирүүсүндө (саясий программа эквивалентинде) талибдер Афганистанда орнотууга ниеттенген Ислам эмирлигинин принциптерин чечмелешкен. Андай системанын өзөгү Куранда, хадистерде жана ислам юриспруденциясында камтылган имиш. Талибдер буга мисал келтиришпейт же азыр иштеп турган аналогун да көрсөтүшпөйт. Бирок "иш жүзүндө мусулмандар мындай тутумду кылымдардан бери сынап келишкен... Биздин өлкөдө да киши өлтүргөн жазага тартылып, бузукулар камчы менен жазалана турган ошондой система орношун каалайбыз" дешет. Өлкө "чет элдик күч жана алардын идеологияларынан, ошондой эле батыштын укук тутумдарынын издеринин баарынан тазаланууга тийиш", ал эми иштердин баары шариятка шайкеш жүргүзүлүшү кажет деген ойду карманышат.

Афганистандын талибдер тескеген райондорунун жашоочулары бул тутум иш жүзүндө кандай экенин төмөнкүчө баяндашат: кыздар мектепке барышпайт, талибдер бейтапканага барууга жана дары сатып алууга уруксат беришпейт. Аялдар эркектин коштоосусуз көчөгө чыга алышпайт. Светтик көңүл ачууларга тыюу салынган. Мындай эрежелерге баш ийбегендер таяк менен сабалат. Талибдердин "ак ниеттүү иштери" Афганистанга жапырт жайылганда мындай "руханий кайра жаралуу" кезеги коңшу мамлекеттерге да келиши мүмкүн.

Колдоруна курал алган "миссионерлер" жыйырма жыл бою АКШ жана НАТОнун күчтөрүнө туруштук беришти. Жеңиштин даамын татканы алар эч нерсени көзгө илбей турат. Борбор Азияга карай жолдо талибдерди жана алардын союздаштарын ким токтотот?

* – Бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар

393
Белгилер:
кырдаал, АКШ, Россия, мектеп, эркек, аял, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
Батыш үчүн революциялык кырдаал: Европа көңүлсүнбөйт, АКШ аткара албайт
АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Адис Түндүк агым - 2 газ түтүгүнүн аймагында иштеп жатат. Архив

Миллиарддаган доллардан кол жууп... "Түндүк агым 2" октябрга чейин бүтөбү

31
Түндүк агым — 2нин" айланасында чуу басылчудай эмес, АКШ Европаны санкция менен коркутууну улантып жатат.

Европа россиялык газга муктаждык бар экенин билип турса да Германияда боло турган шайлоо долбоорго кедергисин тийгизип коюшу мүмкүн болуп турат. Демек, курулушту эртерээк бүтүрүү зарыл. Качан даяр болорун РИА Новости боолголоду.

Шайлоого чейин жетишүү керек

Россиянын Германиядагы элчиси Сергей Нечаев газ түтүгү 26-сентябрга чейин курулуп бүтөрүн айтты. "Күн жылыса ишибиз илгерилейт", — деди ал. Ушу тапта түтүктүн 100 чакырымы калды.

Шайлоодон кийин Бундестагдагы күчтүү позицияны жашылдар ээлеши мүмкүн, булар долбоорду колдобойт. 3-майда NABU (жаратылышты коргоо боюнча бейөкмөт уюм) Гамбургдун административдик сотуна кайрылып, "Түндүк агым — 2" Балтика деңизине зыян келтирерин айтып чыкты.

Анын үстүнө россиялык түтүккө көз карашы түз болгон Ангела Меркель кызматынан кетет. Бийликке ким келери азырынча белгисиз. Долбоор миллиарддаган долларды чапчыганын да унутпайлы.

"Азыр он миллиард долларды суу түбүндө калтырууга даярбызбы деген маселе көтөрүлүп жатат. Чечимди Европа кабыл алат", — деди Нечаев.

Евробиримдикте пикирлер эбак эле бөлүнүп кеткен. Түтүк Германия, Финляндия, Швеция жана Даниянын нейтралдуу сууларынан өтөт. Алгачкы үч өлкө курулушка дароо эле макул болгон. Копенгаген гана каршылык көрсөтүп, бирок акыры уруксат берген. Анткен менен Чехия, Польша, Венгрия, Словакия, Румыния, Хорватия караманча каршы. Украина тууралуу сөз кылып да кереги жок. Эч кимдин транзит өлкө деген макамдан ажырагысы жок.

Санкцияларга карабай

"Түндүк агым — 2нин" эки түтүгүнүн жалпы кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метрди түзөт. Узундугу 1 234 чакырым.

Курулуш 2019-жылдын декабрында токтотулган. Анда америкалык санкциялардан улам түтүктөрдү жаткырган Швейцариянын Allseas компаниясы долбоордон чыгып кеткен. Бир жылдан соң иш жанданганы менен АКШ тоскоолдук жаратуусун токтотпой келет.

Американын 2021-жылга карата бекитилген коргонуу бюджети чектөөлөрдү кеңейтти. Мамдепартамент европалык компанияларды коркутуп-үркүтүүдө. Быйыл февралда долбоордон ЕБдин 18 компаниясы чыгып кетти.

Ошентсе да Европа энергетикалык коопсуздук үчүн долбоордун зарылдыгын түшүнүп турат. Германия муну бир нече ирет далилдеген. 4-майда ГФРдин тышкы иштер министри Хайко Маас Лондондо өткөн "Жетиликтин" ТИМ башчыларынын жыйынында өлкө көмүр жана атомдук энергетикадан баш тарта турганын билдирген. Анын айтымында, мындай аракет энергиянын түгөнбөс түрлөрүнө өтүү үчүн газга болгон муктаждыктын өсүп жатканы менен түшүндүрүлөт.

Бир нече күндөн кийин, 11-майда, "Германия үчүн альтернатива" партиясынын теңтөрагасы Тино Крупалла: "Көз карандысыз мамлекет катары биз башка өлкөлөр менен байланышты бекемдешибиз керек" деп эскертип, газ түтүгүнүн курулушу Германияга да, Россияга да пайдалуу экенин белгилеген.

"Экономика жаатындагы узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташууну АКШ каалагандай көз ирмемде саясий доомат менен бузуп салуу мүмкүн эмес. Бул жөн гана бизнес", — деп эсептейт Россиянын Эл достугу университетинин экономика факультетинин доценти Максим Черняев.

Эми кызыл лента сентябрдын соңу менен кесилери арсар болуп турат.

"Тоскоолдук саясий жана юридикалык жактан эле жаралып жаткан жок. Негизи эле курулуштун темпи өтө жай. 19-апрелден 10-майга чейин 3,1 чакырым төшөлдү. 1-19-апрель аралыгында 6,6 чакырым жаткырылды. Демек, 40 күндө 11,7 чакырым же орточо эсеп менен күнүнө 0,3 чакырым түтүк жаткырылып жатат. Мындай ыргак менен дагы 11 ай керектелет", — деди TeleTrade маалыматтык-аналитикалык борбордун экономисти Марк Гойхман.

Кандай болгон күндө да долбоор токтобой турганына катуу каршы чыгып жаткандар да түшүнүштү окшойт. Жаңы санкциялардан кыйгап өтүү үчүн туунду компанияларды пайдаланууга болот. Албетте, бул көбүрөөк убакытты алат, бирок иш кынтыксыз бүтөрүнөн кабар берет.

31
Белгилер:
курулуш, долбоор, кызматташуу, Германия, Европа, Россия, АКШ, Түндүк агым - 2, түтүк, газ
Тема боюнча
Россия менен АКШ Европа рыногун бөлүшүүдө: газ сактоочу жайларды ким толтурат

Имараттарды кыйраткан ракеталар. Газа тилкесинен тартылган видео

192
(жаңыланган 18:49 14.05.2021)
Израиль армиясынын Газага абадан урган соккуларынан улам курман болгондордун саны өсүүдө. Алардын арасында аялдар менен балдар бар. Расмий маалыматтар боюнча, 119 адам каза таап, жүздөгөн киши жаракат алган.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы конфликт 10-май күнү кечинде курчуган. Эки жак тең ракета менен аткылоону токтотпой жатат.

Газа тилкесинен 1 500дөн ашык ракета коё берилген. Израиль дагы ХАМАС кыймылына жооп кайтарууда.

Буга чейин ЖМКлар Израиль сотунун чечими менен Чыгыш Иерусалимдеги Шейх-Жаррахта жашаган бир нече палестиналык үй-бүлө аталган аймактан чыгарылганын жазган. Ал эми 7-майда палестиналыктар менен Израилдин полициясы кагылышкан. Тартип сакчылары Аль-Акс мечитине чабуул коюу үчүн атайын каражаттарды колдонушкан.

10-майда ХАМАС аталган аймактан аскерлерди чыгарып кетүү талабын койгон. Кечинде массалык түрдө ракета менен аткылоо башталган.

192
Белгилер:
мечит, Палестина, Израиль
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Депутат Зарылбек Рысалиев. Архив

БШК Рысалиевди мандатынан ажыратты. Анын ордуна ким келди?

0
(жаңыланган 21:38 14.05.2021)
Мурдагы ички иштер министри жана жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке 2017-жылы "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевди мандатынан ажыратты.

БШКга эл өкүлүнөн депутаттык мандатын тапшырары тууралуу арыз келип түшкөн. Маалым болгондой, 10-май күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясына Зарылбек Рысалиевге карата өз чечимин жиберген. Буга чейин ал Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Мурдагы ички иштер министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке 2017-жылы "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

Рысалиевдин ордуна Өскөнбай Жээнбаев эл өкүлү болуп келген. Жээнбаев Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилген. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы эл өкүлү буга чейин курулуш компанияларын жетектеген.

0
Белгилер:
мандат, депутат, Жогорку Кеңеш, БШК, Зарылбек Рысалиев
Тема боюнча
Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды