Арстан. Архив

Индияда жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды

121
Зоопарктын ветеринарлары апрелдин соңунда арстандардан табитинин жоголушу, мурдунан суунун агышы жана жөтөл сыяктуу симптомдорду байкашкан.

БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Индияда биринчи жолу жырткыч жаныбарлардан коронавирус табылды. Илдет Хайдарабад шаарындагы зоопаркта жашаган сегиз арстандан аныкталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Зоопарктын ветеринарлары апрелдин соңунда арстандардан табитинин жоголушу, мурдунан суунун агышы жана жөтөл сыяктуу симптомдорду байкашкан. Аянты 160 чарчы метрди түзгөн сафари зонасында 10 жашка чамалап калган 12 арстан бар. Алардан анализ алынып, изилдөөнүн жыйынтыгында сегиз жырткычтан коронавирус табылган. Азыркы тапта окумуштуулар жырткычтар коронавирустун кайсы штаммы менен ооруп жатканын так билүү үчүн анализдерин Хайдарабаддагы лабораторияга жиберишкен.

Азыркы тапта Индияда коронавирус күч алып, оору көп жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Жалпы жонунан Индияда 20,2 миллиондон көп киши илдет илештирип, анын 16,6 миллиону айыккан. Коронавирус 222 миң кишинин өмүрүн алган.

121
Белгилер:
жырткыч, оору, коронавирус, арстан, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1394)
Тема боюнча
Келсеңер камайбыз! Австралия Индиядан келүүгө тыюу салды
Коронавирустан бүк түшкөн Индияга "Спутник V" вакцинасы жеткирилмей болду
Түркиянын Диярбакыр шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив

Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды

9
Эрдоган карантинден улам элдин чыдамы кетип турганын билерин, бирок Түркия локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөп калганын айткан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин чектөө жарыялаган эле.

ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.

"Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек", — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.

Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.

Буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.

Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.

9
Белгилер:
карантин, коронавирус, локдаун, Режеп Тайип Эрдоган, Түркия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1394)
Тема боюнча
Түркияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр акырындык менен алынууда
Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары. Архив

Тажикстан кыргызстандыктарды сабаган жарандары жазаланарын айтты

74
(жаңыланган 00:02 18.05.2021)
Бүгүнкү чатак боюнча жергиликтүү эл менен сүйлөшүү болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандыктарды сабоого катышкан тажик жарандары Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоопко тартылат. Бул туурасында Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя боюнча Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда макулдашуу болгон.

Бүгүн, 17-майда, Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында тургундар эртең менен үч тажик жаранын кармап, өлкө аймагында эмнеге жүргөнүн тактоо максатында милицияга жеткирип беришкен. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлгөн.

Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жеринде жолугуштурууну макулдашышкан. Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрү эл менен сүйлөшүп, эки тараптан тең кармалган адамдар бошотулган.

Чек ара кызматынан кыргызстандыктарды сабаган факты болгондугун жана бул тууралуу кечирээк маалымат бере тургандыктарын айткан.

Учурда чек арада абал туруктуу. Сүйлөшүүлөрдө Ак-Сай (КР) менен Ворух (ТР) айылдарына милиция постун коюу боюнча макулдашуу болду. Жакын арада эки тараптан айыл аксакалдарынын жолугушуусу пландалган.

Бүгүн Баткен облусунун жетекчилиги ак-сайлыктар менен жолугуп, тажик тарап менен болгон жолугушуу боюнча маалымат берген.

Баткен облусунда жайгашкан Чек кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатканы кабарланды.

74
Белгилер:
милиция, сабоо, кыргыз-тажик чек арасы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында эки тарап тең кишилерди барымтага алып, кайра бошотту