Жадыбалды билбей калган жигитке турмушка чыкпай койду. Индиялык кыздын окуясы

© AP Photo / Rajesh Kumar SinghИндияда турмушка чыкканы жаткан кыз. Архив
Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Үлпөт той өтүп, тууган-туушкандар майрамдап жаткан кезде колукту болочок жолдошунан жадыбалды сураган. Бирок ал жооп бере алган эмес.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Индияда турмушка чыкканы жаткан кыз болочоктогу жолдошу таблицаны билбей койгону үчүн үлпөт тойду токтотуп койду. Бул тууралуу Tribune India маалымат порталы жазды.
Окуя өткөн дем алышта Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон.
"Колукту расмий түрдө макулдугун берип гирлянда менен алмашар алдында жолдошунан экинин таблицасын сураган. Сүрдөгөн ал жооп бере алган эмес. Кыз болочок жолдошунун билимсиздигине ызаланып, математиканын негиздерин билбеген кишиге турмушка чыкпай турганын айтып залдан чыгып кеткен. Достору менен туугандары кызды турмушка чыгууга көндүрө албай коюшкан", — деп айтылат маалыматта.
Колуктунун агасы карындашынын чечимин колдогон. Анын айтымында, күйөө баланын үй-бүлөсү анын билими жөнүндө эч нерсе айтпай жашырып койгон.
Ортодо түшүнбөстүктөр чыкпашы үчүн эки үй-бүлө тең бири-бирине берген белектерин кайтарып беришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0