Италияда үч еврого үч үй сатып алган аял ири чыгымга учурады

© AFP / ANDREAS SOLAROСицилия провинциясында киши көчөдө бара жатат. Архив
Сицилия провинциясында киши көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Рубиа Диас аттуу жаран жергиликтүү бийликтин “пайдалуу” сунушу менен үч уулуна бирден үй сатып алган.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Италияда ишкер аял Сицилия аймагынан үч еврого үч үй сатып алып, өтө ыңгайсыз кырдаалга туш болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Рубиа Диас аттуу жаран жергиликтүү бийликтин “пайдалуу” сунушу менен үч уулуна бирден үй сатып алган. Качан гана келишим түзүлүп, ачкычтар колго тийгенде ал үч турак жай тең эскилиги жетип, дээрлик жарактан чыгып калганын көрдү.
Турак жай имаратынын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды
Анткен менен келишимге ылайык, жаңы кожоюндар сатып алган үйлөрдү үч жылдын ичинде ремонттоп коюшу керек. Антпесе күрөөгө койгон 5 миң евродон кол жууп калат.
Диас ушул тапта бир үйдү оңдоого гана 20 миң евро коротконун айткан.
Көрсө жергиликтүү бийлик мындай жол менен эскилиги жеткен мүлктү оңдотуп, эл качып калган аймакка кайрадан жан киргизүүнү максат кылган экен.
Жаңылыктар түрмөгү
0