Илон Маск психикалык жактан түйшөлткөн оорудан жапа чегерин эфирден айтты

© REUTERS / Patrick T. Fallon / File PhotoГенеральный директор Tesla Motors Илон Маск
Генеральный директор Tesla Motors Илон Маск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Өзүнүн дымактуу демилгелери менен таң калтырган белгилүү адамдардын биринин билдирүүсү көптөр үчүн күтүүсүз болгон.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Миллиардер Илон Маск Saturday Night Live деп аталган сатиралык берүүнү алып барып жатып эфирден психикалык жактан өнүгүүнүн бузулушуна алып келген оору менен жабыркай турганын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Илон Маск бир сутканын ичинде 6 млрд. долларга байып кетти
Миллиардер өзүндө мындай илдет бар экендигин "Saturday Night Live берүүсүнүн Аспергер синдромуна тушуккандыгын мойнуна алып, ачык жар салган биринчи алып баруучусу болсом керек" деп билдирген.
Берүүнүн форматын эске алганда Маск бул боюнча тамашалап койгон болушу да ыктымал.
Аспергер синдрому адамды өмүр бою коштоп жүрө турган, социалдык чөйрөдө, коомчулукта — кишилер менен пикир алышууда, сүйлөшүүдө, сырткы дүйнөнү кабыл алууда кыйынчылыкты жаратканы менен мүнөздөлөт. Интернеттеги маалыматтарда Аспергер синдрому менен ооруган адамдар көбүнчө эмоцияга алдырып, өз сезимдерин аныктай албай калышары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0