Кабулдагы жардыруудан 63 киши каза тапты. Көз жумгандардын көбү кыздар

© REUTERS / STRINGERКабулдагы жарылуу болгон жерде адамдар турушат (Афганистан)
Кабулдагы жарылуу болгон жерде адамдар турушат (Афганистан) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул болгон.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарында жардыруу болуп, каза тапкандардын саны 63кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, 8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул жасалган.
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?
Жардыруу окуучулар мектептен чыгып бара жатканда болгон. Көз жумгандардын көбү кыздар экени айтылды. Жардыруудан 150 адам жабыркаган.
Бул кол салууга "Талибан" радикалдык кыймылы тиешеси жок экенин билдирди. Афганистандын президенти Ашраф Гани чабуулду талибдер жасаганын айтып, аларды айыптаган.
Белгилей кетсек, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат. АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0