ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?

© AFP / WAKIL KOHSARОперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан
Оперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
АКШ бийлиги армиясын Афганистандан чыгарып кетүү ишин баштады. Учурда радикал топторго каршы күрөшүүдө Афганистандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү үчүн АКШ аскерлерин жакынкы өлкөлөргө жайгаштыруу аракети көрүлүп жатат.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ бийлиги Афганистандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азияга, тактап айтканда, Өзбекстанга же Тажикстанга жайгаштырууну караштырып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымат булагы жазып чыкты.
Басылмада айтылгандай, АКШ жетекчилиги армияны Афганистандан чыгара баштады жана учурда "радикал топторго каршы күрөштө афган өкмөтүн колдоо" максатында кошуна өлкөлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
"Деген менен Россиянын бул аймактагы ири аскердик күчтөрүнүн жайгашканы, Кытайдын таасиринин күчөшү жана Вашингтон менен мамилесиндеги чыңалуу Борбор Азияда база түзүү пландарын татаалдаштырат", — деп жазат басылма.
Афганская национальная армия в Парване - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Афганистандын түндүгүндө талибдер активдешти. Кырдаал кандай өңүт алат?
Вашингтон азырынча аталган өлкөлөргө база жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуу жасай элек. АКШ аскерлери 2021-жылдын июль айында Афганистандан чыгарылышы керек.
Гезитте белгиленгендей, эгерде Тажикстан жана Өзбекстан менен келише албаса, анда АКШ аскерлерин Перс булуңундагы мамлекеттерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырат.
Мындан сырткары, аймакка учак ташуучу авиакемени жайгаштыруу маселеси дагы иштелип жатат. Анын жардамы менен кыска убакыттын ичинде операцияларды жүргүзүп, ошондой эле Кабулдагы АКШнын элчилигин коргоого болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0