Арменияда парламент таратылып, кезексиз шайлоонун мөөнөтү аныкталды

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүВнеочередное заседание по выборам нового премьера в парламенте Армении
Внеочередное заседание по выборам нового премьера в парламенте Армении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Парламенттин таратылышына анын эки ирет чогулуп, бирок өкмөт башчыга эч кимди тандай албай коюшу себеп болду.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Армениянын президенти Армен Саркисян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 20-июнга белгилөө боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Армения агенттиги жазды.
"Шайлоо 20-июнга белгиленип, жарлык расмий түрдө жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирсин", — деп жазылат документте.
 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Лавров: Донбасстагы согушту болтурбай койсо болот, болтурбаш керек. II бөлүк
Парламенттин таратылышына анын эки ирет чогулуп, бирок өкмөт башчыга эч кимди тандай албай коюшу себеп болду. Армениянын Баш мыйзамынын 92 жана 93-беренелерине ылайык, мындай учурда парламент өзү ишин токтотууга милдеттүү.
Эске салсак, өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян апрель айында отставкага кеткен. Бирок ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөнгө чейин министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткара берери айтылган.
Арменияда ички саясий кризис Карабах окуясынан кийин күч алган. Оппозициялык күчтөр Пашиняндын бийликтен кетишин талап кылган. Жыйынтыгында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0